Четверг , 9-Июль 2020
Башкы бет / Досье / М. Абакиров КР эл жазуучусу: «Алмаз Шаршенович бизге келгенде коммуналдык министрликтин сантехниктерди башкарган инженери болчу…»

М. Абакиров КР эл жазуучусу: «Алмаз Шаршенович бизге келгенде коммуналдык министрликтин сантехниктерди башкарган инженери болчу…»

Үйү жок жазуучулар

— Бир кезде эл арасында кадыр-баркы бар, кубаттуу делген жазуучулар союзунун имараты жок экени өкүндүрөт. Азыркы жазуучулар союзунун мышык ыйлай турган оор абалы жөнүндө, бөтөн адам билбей калса да, бир убакта жазуучулар союзунун секретары болгон А. Атамбаев жакшы билет эле деп ойлойм. Атамбаев жазуучулар союзуна бөтөн адам эмес. Учурунда Алмаз Шаршенович, жазуучулар союзуна караштуу “Нооруз” рестораны, Арашандагы жазуучулардын чыгармачыл үйү, ошондой эле Акаев берген 50 млн рублди өз кызыкчылыгына колдонгону белгилүү. Атамбаев силерге эски кесиптеши катары, өлкөнүн президенти болуп турган учурда бир имаратты алып берип, такыр болбоду дегенде азыр отурган имаратыңарды менчиктештирип берип койгонго жарайт эле го. Ошону, Атамбаев эмне үчүн жасабады деп ойлойсуз?

Мелис Абакиров:

– Жазуучу деген эмне, алар кимдер, улуттун эмнеси деген суроодон баштасак. Анткени, Кыргыздар байыртадан эле сөздү кадырлап, сөз өнөрүн ушунчалык баалаган сөздүн ээси болгон кишилерге бөтөнчө мамиле кылган калк. Бул деген эл эмес ал каалайсыңбы каалабайсыңбы ошол бийликтин кызматын кылат, бийликтегилер элдин кызматын кылат. Бул ошону түшүнгөн кыргызымдын акындары, манасчылары жомокчулары. Манасчыларды илгери жомокчулар дешкен. Манасчы, семетейчи деген терминдер кийин кирген. Ага чейин Тыныбек жомокчу, Багыш жомокчу, Чоюке жомокчу чоң жомокчулар деп айтылчу. Термин болгондон кийин эле манасчы, семетейчилер кирип калды. Булар деген элдин эсебинен жанагы байлар бийликтегилер ошолордун эсебинен аларды баккан. Балыкоозду Таласта Ажыбек датка багып, өзүнүн манасчысы, ырчысы кылып алып жүргөн. Кийин Байтик барып, бул жакта төрөлгөн деп алып келип, ошондон тартып анын ырчысы, манасчысы болуп калган. Көзү өткөндө да, анын сөөгү Арчалыга, Байтиктин сөөгү коюлган жерге коюлуптур. Балыкооз Байтиктин жанында жүргөндөн кийин Төрөгелди сарыбагыштын ханы, Байтикке кадырын салып “кой, бул биздин эл экен, сарыбагыш экен”, — ​деп чоңсарыойлук экен бизге келсин деп көчүрүп алып кеткен. Кочкорго алып барып үй тигип, мал берип кадырлаган. Ошол жакта жүрүп Чоңду менен айтышат. Төрөгелди өлгөндөн кийин кадырлаган киши жок солтого кетейин деп кайра келе берген. Бул маселени айтып жатканым, чоң жомокчуларды сөздү баккан акындарды эл ар бирине короо жай, мал сал, үй көтөрүп берип багышкан. Акындарды ошентип баалашып, барктаган ал ошого жараша кызмат кылган. Хан, бектердин убагында деле сөз өнөр ээлерин, искусство кишилерин баалаган. Муну большевиктер пайдаланган да, баардык шартын түзүп берген. СССРдин убагында жазуучулар союзу 1934-жылы түзүлгөндөн баштап, камкордук көрүлүп аларга адабий фондунан атайын жардамдар берилип, пансионат, санаторийлерге путевкалар берилип турган. Мен да ошол кезде бекер путевка менен санаторийге бир айга бала-чакабыз менен барып эс алып келдик. Жазуучулар союзу ушундай шарттарды түзүп берген. Азыркыдай он, он сегиз, жыйырма төрт күн эмес, толук бир ай болчу. Эл аралык конференцияларга чет өлкөлөргө жөнөткөндө командировкага деп акчасын төлөп берген. Кооз жерлерди көрсөтүп, бир сонун шарт түзчү. Кыргызстанга адабий фондуну түзүп, Арашанга эс алуу үйүн салып берип, анан ошол жерде акын жазуучулар бир ай иштегенге келишчү. Ал жер азыркыдай он орундуу эмес, эки кабат толугу менен жазуучулардыкы болчу. Аны кийин бизге калп айткан менен эмне айтабыз да Чыкең келгенден баштап, жазуучулар анча неме болбой калышты, эмне үчүн дебейсиңби, анткени алар өзү мындай ошондон кийинки жетекчилердин баары тең өзүлөрүнө камкордук кылышты. Өзү биринчи план анан калгандары кийинки план. Өзү гана тыяктагы бийлик, сыйлыкты мен алайын бардык жерде мен болоюн, баары тең менен астымда болсун деген принципти баштады. Бул өзү кай жактан келгенин билбейм. Мына ошондон кийин биздин жанагы Алмаз Шаршенович дагы бизге келгенде, жөн эле коммуналдык министерствонун сантехниктерди башкарган инженери болчу. Анан ошондо Чыкеңе кирип жүрүп котормочусу жакшы которгон. Анан аны адабий фондунун башчысы кылган. Адабий фондунун ага чейин бардык шарттарын түзгөн жетекчиси Төлөн Шамшиев болгон. Курулуштардын баарын тең ошол курдурган. А түгүл ошонун эсебинен өзүнүн дачасын да салдырып алган.

— Жазуучулардын ырыскысы болгон байлыгын кантип Атамбаевге алдырып жибердиңер?

Мелис Абакиров:

– Ал деген мындай болду. Чынында адабий фонд деген СССРдин жазуучулар союзунда түзүлгөн. Толстойдун убагында түзүлгөн уюм да. Жазуучулар союзуна баш ийбейт деп Атамбаев бөлдүртүп албадыбы. Бул ошондон кийин өз билгенин кылды. “Нооруз” деген сонун рестораныбыз бар болчу, анда жазуучулар эс алуусу менен кошо өзүлөрүнүн мааракелерин өткөрүп турган жай болгон. Мен элүү жылдык мааракемди Арашандагы жазуучулардын чыгармачыл үйүндө өткөрдүм. Ошолордун баары кийин сатылып кетти деп угуп калдык. “Нооруз”,  Арашандагы жазуучулардын чыгармачыл үйү да түрктөргө берилди.

— Анда эмне жазуучулар, акындар чыгармаларын жазыш үчүн Арашанга барып чыгармачылык менен иштей албай калыштыбы?

Мелис Абакиров:

– Арашан боюнча айтсам, ал жерге азыркы учурда он кишиден ашык барууга болбой калды. Мурун отуз киши, кырктай чыгармачыл адамдар бир айга барчу эле. Азыр он күндөн ашык дагы бара албайсың. Ал дагы жайында үч ай гана иштейт. Деги эле жазуучулар союзунун үйсүз калганын уксам бул мамилеге ичим ачышат. Мамлекеттик мамиле болушу керек деп ойлоп коём да. Эмне үчүн биз жазуучуларга, идеология кызматкерлерине көңүл бурбайбыз. Биз жанагы мамлекеттик катчылык деген кызматты жок кылгандарына өкүнөм. Бул деген сенин бул коомдо керегиң жок, идеологиянын кереги жок. жазуучунун кереги жок, искусствоң эмне болсо ошол болсун, басма сөзүң эмне болсо ошол болсун деген эле мамиле.

— Алмаз Атамбаев өзү Кыргызстандагы бай адамдардын бири ошол имаратты деле сатып жазуучуларга менчикке берип койсо болот эле да.

Тынчтыкбек Нурмамбетов:

– Аскар Акаевдин убагында Осмонакун Ибраимов мамлекеттик катчы болуп турган убагында жазуучулардын башын бириктиргенге аракет кылды. Аны айта кетпесе болбойт…

Мелис Абакиров:

– Мен китеп басма тармагында иштеген киши катарында мени секретарь кылып шайлап сиз ушул жагын тейлейсиз деп мен аралашып калдым. Осмонакун биздин Пушкин көчөсүндөгү жазуучулар союзуна караган эски имаратыбызды “Кайтарып бересиң деп Нуралы Капаровду бошоткун же болбосо көргүлүктү көрөсүң, бул сенин атаңдын үйү эмес, бул жазуучулар союзуна берилген имарат”- деп айткан. Аңгыча дагы бир нерсе болуп кетти. Ал ошол боюнча калды. Эмесе Осмонакун Ибраимов жазуучуларга караган имаратты алып берүүгө катуу киришкен эле. Азыркы турган үйүбүз, тигинден кийин да ошол жерге жазуучулар союзу туруп калган. Ошону деле президенттин иш башкармасынын карамагынан чыгарып туруп, жазуучулардын карамагына өткөрүп койсо болмок. Ошого эмнегедир бир дагы чиновник аралашкан жок.

— Балким, Атамбаевдин сиздерге жардам бербей жатканын сыры бардыр. Атамбаев табиятынан таарынчаак, кекчил адам эмеспи. Байкатпай таарынтып алган жок белеңер?

Тынчтыкбек Нурмамбетов:

– Алмаз Атамбаевдин таарынуулары бар эле. Президенттик шайлоодо Атамбаев  Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигин койгон. Адеп чыкканда биздин кадырлуу аксакалдарыбыз, башка талапкерлер менен иштешип, Атамбаевдин талапкерлигин колдобой коюшкан.

Мелис Абакиров:

– Ошого таарынып, “ушул саткын жазуучулар курусун!”- деген сөзгө барган жерин уккам. Аны өзүнүн кошо жүргөн кесиптеши Фарид Ниязовдун өз оозунан уккан жайым бар. Мен Фарид Ниязовго “Бизди ыңгайын таап президент Алмаз Атамбаевге жолуктурбайсыңбы? Биздин жанагы үйгө эч болбосо бир жолу кетчү каражаттан берип турбайбы. Учурунда Акаев деле он миңге сомго чейин жардам берип турчу. К.Бакиев да он миңге чейин жылына жазуучулар союзуна бир жолку каражат деп бөлдүрүп берчү эле, ошондой кылбайсыңбы?”- деп айттым. Фарид мага “Атамбаев жазуучуларды көрөйүн деген көзү жок! Мен бул маселе боюнча кирсем, президент сөгүп кууп чыгат. Жазуучуларды жакындатпа!”- деп айтыптыр. Президент Атамбаевдин бизге болгон мамилеси ушул. Муну Фарид кетип калган кишини айтып жатат дебесин, мен айта берем. Бизден кийинки жазуучуларга кам көрүш керек. Элдин маданий мурасын улантуучулар, акын жазуучулар. Аларга камкордук көрбөсө бул глобалдык проблема түзүлөт. Башка жактын мисалы батыштын адабиятына туруштук берүүчү адабиятыбыз, маданиятыбыз болуш керек. Же болбосо эртеңки күнү улуттун тили да, маданиятыбыз да жок болот. Чыңгыз Айтматов мына ошону түшүнүптүр. “Тоолор кулаганда” чыгармасында ошону билди да. Тоолор жөн эле кулаган жок. Ошого кызмат кылып жүрүп жанагы Саманчиндин курмандыгы болгонун түшүндү. Мен таңгала берем. Чыңгыз Айтматов ушунчалык дагы көрөгөчтүк кылабы деп. Көрсө, ал көрөгөч киши экен да. Мен Түркияга барып Адин Мамедов деген Азербайжандын окумуштуусу менен сүйлөшүп калсам ал Түрк дүйнөсүндө Чыңгыз Айтматовго тең келе турган алп жазуучу жок дейт. Ч. Айтматовдун автобиографиялык трагедиясы “Тоолор кулаганда” чыгармасында, ал өзүн өзү жазган дейт. Азыр ушуну биз түшүнө албай жатабыз. Менин айтып жатканым жазуучулардын баркын көтөрүш керек. Президенттер келет кетет. Ким аны жамандайт. Мен аны жамандайм да. Оозунда сөзү бар киши жамандайт. Калеми бар киши жамандайт.

Тынчтыкбек Нурмамбетов:

– Эми сөздүн ток этер жери мындай. 2014-жылдан баштап калемдештерим, замандаштарым ушул жазуучулар союзуна келип иштеп бер дегенинен атайын келдим. Мен мындай болот деп ойлогон эмес элем. Мен мурун журналисттик кесипте жүрүп канатташ Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда чыгармачыл жаратман адамдарга болгон бийликтин жакшы мамилесин көрдүм. Ал эми бизде жазуучу, акындарга өгөйлөнгөн мамилени мен байкап турам. Себеби буларда чыгармачыл инсандарга болгон көрө албастык, карөзгөйлүк мамиле жатат. Анын төркүнү эмнеде экенин мен түшүнбөдүм. Жогоруда айтылгандай Алмаз Шаршенович оппозицияда жүргөндө ошол сиз айткан Фарид Ниязов, Эгемберди Эрматов, жанында мен тургам. Айтпашым керек эле айтып коёюн, эки жыл Э. Эрматовго “Ушул жазуучуларды кабыл алып койсо, биз бир арыз муңубузду айтып койсок, бизге акчасынын деле, башкасынын деле кереги жок. Бир бетме-бет келип “Кандайсыңар менин замандаштарым, калемдештерим?”- деп сурап эле койсо, жазуучуларга жетмек. Төлөгөн Касымбековго замандаштарыңызды колдоп коюңузчу деп, мен орточу да түшкөнмүн. Ушуну бир атакасын токтотуп, Атамбаев адабий фонддо жакшылап иштеп бер деп. Ошондо жанагыдай өткөөл мезгил башталып кетпедиби беле. Ошол жетим-жесирине, ырчы чоорчусуна бир камкордук көрүп, мамилесин өзгөртүп, ушулар кандай шартта иштеп жатат, кантип жашап жатышат деген ажо боло албады. Анан эми мына кудайга шүгүр өткөндө маданият министри айтты бир миллиарддан ашык акча бөлүнөт деп. Анан ошолорун эсептеп көрсөңүз, байкап баам салсаңыз, чечилбей кала турган деле маселе жок экен. Кудайга шүгүр акча бар экен да. Анан ал акчаны кай жакка пайдаланып жатышат? Ошол жанагы аппаратта иштеген аткаминерлер алат экен да айлыкты. Ошолорго өзөк болгон улуттун уюткусу болгон адабиятты, өнөрү, илими сыртта калыптыр. Мына академиянын кейпин көрүп жатасыңар. Алып келип департамент кылып койду эле. Департаментинин башчылары акча жеп коюп эми мына кылмыш жообуна тартылып жатышат. Бүтүлүү турган нерсени бузуп коюп жатышат да булар. Системага салынып калган адабий фонд аркылуу. Ошол адабият фондуна илгери Темике бир миллион алып келип ошол Алымкул Үсөнбаевди баш кылып Темиркул Үмөталиев өткөргөн да муну союзга. Ал жөнүндө айткылары, билгилери да келбейт. Ошол кенже эпосторду Т.Үмөталиев жаздырган. Эми иштеп берем, элдин маданиятын адабиятын өнүктүрөм дегендерди чаап салып, каяктагы маданият, адабият жөнүндө түшүнүгү жок, түшүнгүсү келбеген бир аткаминерди алып келип коюп жатат. Азыр министрликте адабиятты түшүнгөн адам барбы? Түшүнгүсү келбейт. Ошондуктан азыр жан жерим деп ырдап жатышат.

— Эми чыгармачылыкка тиешеси жок атка минерлер кантип силердин чыгармачылыгыңарды, проблемаларыңарды кайдан түшүнөт эле?

Тынчтыкбек Нурманбетов:

– Эми айтсаң жаман көрөт. Бир нерсе десең эле жазуучулар сыйлык сурайт экенсиңер дейт. Бизге сыйлык наамынын кереги жок. Ар жагында көрөңгөсү болбосо, роман тургай повесть жазалбайт. Кудай ары жактан берип койгондорго жок дегенде кичине көтөрмөлөп, жок дегенде жакшы сөз менен айтып, ай эмне кылып жатасың, кантип жатасыңар деп койсо болот да.

Кептин бары мына ошол, Омор Султановдун “Акын болуш эң кыйын, оңой болуш президент” жакшы ыры бар. Президент ашып кетсе алты жыл болот. Ал кааласа, каалабаса да кызматтан кетет. Эми халтура дечү элек ошол да негизи керек экен деп келишиптир. Өкмөттөн бир тыйын албай. Үстүндө өргөлөп турар үйү жок. Айлык жөнүндө жөн эле коёлу. Сыйлык жөнүндө айтпай коёлу. Төрт беш жыл мына өздөрү таап алышып мына Жантөрө Сатыбалдиев менин иним, мораторий деп койгон. Көрсө мораторий деген жөн эле кеп экен. Атамбаевдин кендирин кесишти. Керек кишиге Отунчиевге берди го. Мен маараке башында турдум. Мага айтты ошол жерде бир бала даярдагыла документин деп. Февралда өттү декабрда эл жазуучусу болду. Берем дегенге бере коёт экен. Анын бергенине каршылык жок ылайым көбүрөөк берсин андан эч нерсе деле болбойт мүйүздүү болуп кетпейт. Эл жазуучусу болгондон мүйүздүү болсо байкебиз мүйүздүү болот эле го. Орден бербесе деле жазуучулук бул кумар өмүр бою кагаз менен ручка болсо болду. Бизге кудай ал мандатты берген. Адам өзү жөнүндө жазыш керек. Адам өзү жөнүндө жазып жатып доору, мезгили жөнүндө, замандаштары жөнүндө жазат да. А өзүн жазбай партия тапшырмасы деген алар ыр эмес, алар үгүттөө. Мына маалыматтарда эки жумада эки улут жок болуп жатат. Ушинте беришсе кыргыз тил жок болуп кетет. А тилиң болбогондон кийин ал эмне деген мамлекет болот.

— Сөзүңүзгө аралжы, эмне үчүн “Азаттыктын”, Би-Би-Синин кызматкерлерине эмгек сиңирген деген наамды берип жатышат? Ошолор баланча деп коёт деп коркконунан сыйлык берип жатышат деп айтса болобу?

— Мына Фарид Аблезимович ошол мезгилде чет өлкөлүктөргө иштеген журналисттерге президенттин атынан сыйлык берип жатышты. Наам берип жатышты. Акчалай сыйлыктарды алышпадыбы. Канча жыл болду жазуучулар союзунан айлык берилбейт. Азыр жазуучулар союзу эптеп-септеп демөөрчүлөрдөн аренданын акысын төлөйт. Жазуучулар союзу олтурган жер Президенттин иш башкармалыгынын карамагында. Союзду кармап турабыз деген. Аренда акынын эсебинен маяна төлөп турат дешкен. Эми аны унутушуп, эми “аренданын акысын төлөй албай жатасыңар, чыгып кеткиле!”- дешип жазуучулар союзун өгөйлөп жатышат. “Жаап койгула, жапсаңар сонун болот эле. Ак үйгө биз дагы Садык Шерлердей өкүрүп барабыз, мен элүү жазуучуну топтоп барам”-дедим. Ошондо кыргыз мамлекетинин жазуучулары өлдү, куран окуп койгула десек жарашат.

— Жазуучулар өкүрүп барчу болсо, казак, өзбек, тажиктер эмне дейт?

Тынчтыкбек Нурмамбетов:

– Эми эң кызыгы, Чыңгыз Айтматовдун атагы ааламга кетип дүңгүрөтүп жатат дейт. Эми ошол Чыңгыз Айтматовдун токсон жылдыгына биз жазуучулар союзунан барабызбы-коёбузбу, катышабызбы, катышпайбызбы деп билбей отурабыз. Жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин комиссиясынын мүчөлүгүнө да бизди киргизбейт. Айтматов жазуучу го. Айтматов министр, президент катары тарыхка кирген жок. Ал ааламдын жазуучусу катары кирсе ошондо бир жазуучу жылуу сөз айта албаса андай мааракенин кимге кереги бар? Сен тизмеде барсың, сенин ошого катыштыгың бар деген адам жок. 12-июнда каза болгондо Ата-Бейитке бардык. Барсак жан сакчылары премьер-министр келе жатат деп төраганы баш кылып кайра киргизбей койду. Анан премьер-министр азамат экен, кайра кечирим сураптыр. Ошондуктан жанындагы аткошчулары кылып жатпайбы баарын. Президент кезинде Алмаз Атамбаев бир да жазуучу менен сүйлөшпөй койбодубу. Ушундай болчу беле? Анан эмне үчүн гитара чертип ырдайт? Бул кыйындыгынан эмес, ал бизге кыр көрсөтүп жатканы. Мен силерсиз эле моминтип ырдай берем дегени. Бизди шылдыңдаганы да. Дагы бир нерсе эске түштү. Президент болгонго экзамен тапшырып жатат. Ошондо А. Атамбаев минтип айтты: “Мына бул жерде акын Анатай Өмүрканов олтурат мен акын болом деп боло албай калдым эле. Бирок, апама арналган деп эки сап ырды окуп берейин”. Ошондо мен сүйүнүп калдым эле, ээ бул чын эле акындарды баалайт турбайбы деп. Ошол болгон жылы резиденцияга чакырды Токтосун Самудинов экөөбүз бардык. Барганыбыз менен бизди караган эч ким жок. Жанагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана орус тилдүү журналисттер сербеңдеп жүрүшөт. Анан биз туруп калдык эле өзү келди анан мен айттым бул эмне деген. Улуттук басма сөз күнү болсо, аксакалдардан экөөбүз эле экенбиз деп. Же бир кел деген киши болбосо. Сүрөткө түшкөнүбүз менен мурдумдан эле тартылыптыр. Мына ошондон кийин мен аны көргөнгө зар болуп калдым.

— Бул баягы кыргыз элинин падышасы болгон адамынын китеп окубагандыгынан,  маалыматынын жоктугунан болуп жатса керек. Азыркы президентке эмне ой айтасыз?

Тынчтыкбек Нурмамбетов:

–Жазуучулардын көйгөйү боюнча гана сөз кылабыз. Казак жазуучу, акындары бизге келгенде отурган жерибизге чакыргандан уялабыз. Алардын жазуучулар союзунун отурган жери бизден асман менен жердей айырмасы бар.

— Кечиресиз, ошол жерде сиздердин үнүңөрдү жеткизчү Токтогул сыйлыгынын ээси, белгилүү жазуучу Султан Раев жетинчи кабатта отурат…

Мелис Абакиров:

– Туура, мен ал жигитти тааныйм. Мен элпек бала деп коём. Бир нерсе десең эле макул айтам, аткарам дегенден башка жооп айтпайт. Бирок мен ошонун айтарына, аткарарына көзүм жетпейт. Аскар Акаев президент болгондо бүт жазуучуларды опера-балет театрына чакырган.

Тынчтыкбек Нурмамбетов:

– Ошондо, раматылык Алик Акималиев чуркап барып бир кагазга компьютер керек эле деп жазып алыптыр. Анан ага компьютер бердирип. Баарыбызды сүйлөттү, ошону менен жыйын бүттү.

— Президент кезинде Курманбек Бакиев жазуучу, акындар менен жолукчу беле?

Мелис Абакиров:

– Калыс сөзүмдү айтпасам, аксакалдыгым кайсы? Кийин Курманбек Бакиев да бүткүл искусство ишмерлери менен жолукту. Чогултканда жанагы Бекташ деген оператор “Сизге чейин, бизге эч ким көңүл бурчу эмес!”- деп ыйлап жиберсе болобу. А түгүл Чынгыз Төрөкулович да “Курманбек Салиевич, чынында бул тарыхый окуя”-деп айтып жиберди. Бакиев менен чыгармачыл чөйрөнүн жолугушуусу дурус, жемиштүү болду. Атамбаев деле, акын жазуучуларды эмес, бүткүл маданият тармагындагыларды чакырып, силер элдин күзгүсүсүңөр, мен силерге таянамын, силер элдин үнүсүңөр деп койсо болмок. Антпеди, пендечилик кылып кээ бир жазуучуларга таарынып, калгандарын да жек көрүп калды. Эми, ал өзүнчө чоң сөз.

— Падыша деген кечиримдүү болушу керек. Акын, жазуучуларды, маданияттын, каймактарын деле өзүнө чакырып, жолугушса болот эле да. Жылуу сөз менен сиздерди иштетиш керек эле.

Тынчтыкбек Нурмамбетов:

– Биз ак дилибиз менен элге кызмат кылабыз. Биз айланайын элим жаман бол деп айтмак белек. Билим алалык, өркүндөйлүк, иштейлик, өзүбүздү-өзүбүз багалык, башка элдерге теңелелик дешибиз керек. Анан эле биз нурдан бүткөнбүз, Манастын тукумубуз дегенди токтотушубуз керек. Биз башка элдерге тең ата бололу. Кыргыздын улуу демократиясы кимге болсо да тең ата болуш да. Башка улуттарга тең ата болуу, улуттук идеологиябыз болуш керек да. Сен ошондуктан эмне кылышың керек. Байлыгың чектелүү болсо, алдырып жиберсең, мөңгүбүз жетет суубуз жетет. Бирок баары бир билимибизди өркүндөтүшүбүз керек. Биздин эң негизги байлыгыбыз кыргыз балдарынын билим деңгээлин көтөрүү. Балдарыбыз билимдүү болот. Анткени, каныбызда намыс бар. Революцияларда көрбөдүкпү кандай намысчыл экенибизди. Туркияга барганда А. Мамедов кыргыздай мен калкты билбейм деп айтты. Силерден үлгү алышыбыз керек дейт. Гениңер таза билим алганга умтулган элсиңер дейт. Ошондуктан биздин идеологиябыздын башаты кем болбошубуз керек, тең болушубуз керек десек эл да ойгонот. Жазуучулар искусство адамдарынын баары тең илгертен вазийпасы ошол.

— Жазуучулар союзунун отурган имараты боюнча эмне деген сөзүңүз бар айта турган.

Тынчтыкбек Нурманбетов:

– Эми имарат бул мындай мамлекеттик мамиледен алганда буларга оор деле келбейт. Ал болгону ошону түшүнүү менен айтып эле койсо болот. Алты комнаттан эки комнат калган. Ошону силердин эсебиңерден кармап турабыз деп конференциялык залыбызга чейин бошотуп койдук азыр. Бүт фирмачтар ошолор союздун эсебинен аренда акы алып жатат. Анан кайра эле автоматтык түрдө жаман атты биз болуп жатабыз. Мына союз төлөбөй жатат деп. Жазуучулар союзун эки эле комнатага тыгып салышкан. Ошол жерде эптеп отурабыз.

— Жер талаштарды көрүп калдык го. Маселен Абсамат Масалиев келгенде толук бюро мүчөлөрү менен келчү эмес беле.

Тынчтыкбек Нурмамбетов:

– Аскар Акаев менен Төлөгөн Касымбеков жолукканда минтип айтыптыр. ”Мен депутат кезде кабыл алып турчу элеңиз. Азыр жетеси жок кулду киргизбе дегендей мамиле кылып жатасыздар. Ишенбай Абдыразаков туура калды. Түкөм, “Мен коркпойм деди. Мына бул шоруң каткан жазуучулар сиз айтып коюңуз дегенинен айтып жатамын деди. Эмнеден коркот элем мен. Сиз туура түшүнүңүз, Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз эмес. Ал кыргыз мамлекетинин эгеси бар. Эгер билсеңиз эгеси кыргыз эли менен сиз болосуз. Каалаган киши кире бергендей Кыргызстан жатакана эмес”- деди. Ошондон кийин союзду казынадан чыгарып салды.

— Эми Ч. Айтматов кеткенден кийин жазуучулардын президент менен бириктире турган Кыргыз Республикасынын баатыры Бексултан Жакиевге окшогон дөө-шаалар олтурат. Ошол адамдын падышаны жазуучулар менен жолуктурганга шарты бар эле. Бексултан байке эмне үчүн андайды жасабады.

Мелис Абакиров:

– Мен анын эскерүүлөрүн окуп жатам. Ал ушунчалык акылдуу экен Усубалиевге дагы, Кондучаловага дагы бүт баарына акыл айтып ошонун акылы менен жасаган деп турат. Мен таң калдым эмнеге мурун ушул кишини билбей жүргөнбүз деп. Биз, Чыңгыз Айтматовдон мурун эле Жакиевди төрага кылып алсак болмок экен деп ойлоп коём.

— Жазуучулардан Түгөлбай Сыдыкбеков бетке айтчу дешет. Бексултан байке ошондой боло албай жатабы?

Мелис Абакиров:

– Түгөлбайдын деңгээлиндей эл атасы болуш керек да. Ага деңгээли жетпей жатат. Ага Рамис Рыскулов деген эл акыны баа берип жатат минтип, “Сейит прозанын баатыры, Бексултан Розанын баатыры”- деп. Кеп ушул жерде болуп жатпайбы. Баатыр боло беришсин. Ылайым эле баатыр болушсун. Бирок ошол даражага сен өзүң ошол даражаны көтөрө аласыңбы… ошол сиз айткан баатырлар, эл акындар Токтогул сыйлыгынын алган Шайлообек Дүйшеев деген жазуучулар союзунун босогосун аттабайт. Бирок союздун атынан А. Атамбаевдин жанында отуруп жүрүшпөдүбү. Жанагы Тайлак баатырдын эки жүз жылдыгына байланыштуу, маданият тарых жылында, иштеп жаткан союздун төрагалары көз жаздымда калып эле, союздун кереги жок деп радио, эфирден айтып жаткан кишилер союздун эсебинен жашап сыйлык наам алып жатышпадыбы. Кептин баары ушунда болуп жатпайбы.

Мелис Абакиров:

– Азыр бузулган имаратты Анатай Өмүрканов жазуучулар союзунун төрагасы болгондо мен секретарь элем да. Президент Курманбек Бакиевге кирип, ушул маселени чечип бериңиз, жана балдар басмасын ачып бериңиз деп ошолордун сметасын түзүп, бүт баарын даярдап алып кирбедикпи. Бакиев мындай деди “Жанагы имаратта башка кимдер бар?”-деп калды. ЮНЕСКОнун бөлүмү турат. Дагы Кондучалова жетектеген бир архитектуранын бир уюму бар”- деп айттык. Курманбек Бакиев “ЮНЕСКОну Тышкы иштер министрлигинин имаратына киргизгиле. Беркилерди архитектура союзуна киргизгиле! Бошотсун!”- деди.

— Башка жазуучулар да өз проблемаларын айтса керек?

Тынчтыкбек Нурмамбетов:

– Бакиев “балдар китеп басмасы азыр жок экен. Мен кийинки кварталда ага акча каражатын бөлдүрөм” деп айтты. Ал эми Асанбек Стамов “Бул жазуучулар союзуна он миллион сом жетет. Мен басманы билем, иштегем, ал тармакта жетекчи болгом”- деди. Анан, мен “Асанбек Стамович, сиздин убактагы башка, азыр бул акча эч нерсеге жетпейт!” -дедим. Бакиев “Канча акча каражаты жетет?”- деп сурап калды. Мен президентке карап, “Курманбек Салиевич, такыр болбогондо жүз миллион сом болот”- дедим.

— Ошол сураган акчаңыздарды колуңуздарга ала алдыңыздарбы?

Мелис Абакиров:

— Кайдан… Маселе чечиле турган болуп калган кезде эле Анатай Бакиевди сындап ыр жазган. Ак үйдөгүлөр ал ырды окугандан кийин чалкасынан кетишти. Ошол ырынан кийин эле Чолпонбек Абыкеев телефон чалды. Албетте Анатай менен сүйлөшкүсү келбейт да. Чолпонбек Абыкеев, ”Бул эмне деп ыр жазганы, кечээ күнү эле президент Бакиев силерге жардам берүү боюнча макулдашса, сиздер сурган жардамдарды аткарып берүүгө макул деп, жазуучулар союзунун отурган имаратын берем деп жатса, бул эмне деп жазганы. Жазуучулар союзунун төрагалыгынан Анатай Өмүрканов кетсин! Президент аны көрөйүн деген көзү жок деди. Кантип кет деп айтабыз өзүң айт дедим. Анатайдын ыры чыкпай турганда жазуучулар союзунун отурган имаратын алып калмакпыз. Бакиевдин убагында бизге сонун “Волга” автомашинасын бөлдүрүп берген. Керек болсо анын да номерин алып салыптыр. Бакиевдин бийлиги кол сунганда, биз чынында кесирлендик. Биз кол сунганда алар кесирленди.

— Кыргызстан жазуучулар союзунун абалы оор экенин айттыңыздар. Абалыңар чынында оор экен. Капысынан президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп калдыңыздар дейли, айта турган сөздөрүңөр барбы?

Тынчтыкбек Нурманбетов:

— Албетте бар. Жазуучулар менен жолугушуу болуп калса айта турган сөздөрүбүз көп. Жакын араларда жолугуп калабыз деген ички ишенимдерибиз бар.

Суроо салган Альбина Калыкова

Булак: Жаңы Ордо» гезити. №31 (604),  12-октябрь, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс