Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Миңдеген кыргыз студенттер Түркияда бекер окуп, стипендия алышууда

Миңдеген кыргыз студенттер Түркияда бекер окуп, стипендия алышууда

Бишкек, 31-август, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. Түркия өнүккөн өлкө катары бардык тармактарда тездик менен секириктерди жасап жаткандыгы талашсыз.

Кыргызстанда да жүздөгөн долбоорлорду ишке ашырып, кайтарымсыз жардамдарын көрсөтүп келет.

Айрыкча, Түркиянын билим берүү тармагындагы Кыргызстанга көрсөткөн колдоолору өзгөчө мааниге ээ. Алардын бири Түркия Стипендиялары программасы. Түркиядан стипендиялары тууралуу кеңири маалыматты жана стипендия алган жаштардын ой-пикирлерин төмөндө окуй аласыздар.

Президен Эрдогандын сапары Кыргыз-Түрк боордоштугунда жаңы кадам

Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган быйыл Эгемендүүлүк күнүнүн эртеси Кыргызстанга зыяратка келет. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков тарабынан өзгөчө сый менен тосуп алынып,  эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланмакчы. Эки өлкө арасындагы соода жүгүртү көлөмүнүн 1 млрд доллардан ашыруу үчүн пландар коюлганы турат.

Түркияда бийликти басып алуу кыянатчылыгын уюштурган ФЕТӨ (Фетуллах Гүленчи Террордук Уюм) менен күрөшүү маселеси да сүйлөшүлөт.

Түркия президенти Эрдоган, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстандын президенттери да катыша турган Түрк Кеңешинин Саммитине катышат. Түрк Кеңешинин саммити менен удаа болуп жаткан 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнуна да катышуусу күтүлүүдө.

Өлкөбүз көз карансыздыкка ээ болгон күндөн баштап боордош Түркиянын көрсөтүп келаткан колдоолору, жардамдары ар дайым кыргыз элинин жүрөгүндө. Түркиянын өлкөбүздө ишке ашырган долбоорлору канчалаган тагдырларды өзгөрттү, канчалаган жаштар үчүн жаркыраган келечекке жол ачты.  Алардын бири 1992-жылдан бери жемиштүү иштеп келаткан кыргыз жаштарынын стипендиялык негизде Түркиядан билим алуу программасы. “Чет өлкөдөгү Түрктөр жана Тектеш Коомчулуктар Башкармалыгы” (YTB) тарабынан жүргүзүлгөн бул жараян бир тууган элдердин бири-бирине жакындашуусуна дагы да чоң салымын кошууда.

Түркия стипендиялары кыргыз жаштары үчүн чоң мүмкүнчүлүк

Программанын алкагында бүгүнгө чейин 4375 кыргызстандык студент стипендия менен билим алган. Учурда Түркия стипендиялары тарабынан каржыланып жогорку билим алып жаткан 248 Кыргыз студентибиз бар. Түркия Стипендиялары программасынан тышкары түрдүү программалар менен жана өз алдынча 1678 кыргыз студенти Түркияда билим алып жатышат.

Түркия Стипендиялары программасына жыл сайын 180 өлкөдөн 120 миңден ашуун абитуриенттер тапшырып келишет. Түркия Стипендияларынын тандоо сынагына катышуу интернет аркылуу жүргүзүлөт. Кабыл алуу жарыялары жыл бою Түркия Стипендияларынын сайтында жүргүзүлөт.  (www.turkiyeburslari.gov.tr). Түркия Стипендиялары программасы баардык  өлкөлөрдүн жарандары үчүн ачык.

Абитуриенттер окуудагы жетишкендиктери, жаш курагы жана диплом же аттестаттагы баалары сыяктуу критерийлерге карата тандалат. Тандоо учурунда коомдук иш-чараларда катышуу активдүүлүгү да эске алынат.

Атайын адистер жана окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн тандоо турунан кийин критерийлерге жооп берген абутриенттер менен бетме-бет маектешүү сынагы жүргүзүлөт.

Учурда 150гө жакын өлкөдөн 20 миң студент Түркия Стипендиялары тартуулаган кенен мүмкүнчүлүктөр менен Түрк жогорку билим берүү мекемелеринде билимдерин алып жатышат.

1992-жылы башталган Жогорку билим берүү долбоорунан тартып 2012-жылы курулган Түркия Стипедиялары программасына чейинки 20 жыл аралыгында Түркияда билим алган чет өлкөлүк студентттердин саны 48 миңге жеткен. Ал эми бүгүнкү күндө болсо Түркияда билим алган чет элдик студенттердин саны 170 пайызга өсүп, 130 миңге жеткен.

Айжамал Бейшенаалы кызы, Гази университети журналистика багытында, магистрант: Мен бул жакка Түркия Стипендиялары деген программа менен келдим. Программа болгондо да эң кымбат аба каттамы болгон Turkish Airlines’тан билет алып берди. Тагыраак айтканда программа Түркияга биринчи келүү жана бүткөндөн кийинки кайтуу билетиңди төлөп берет. Келген соң студенттерди мамлекеттик же жеке жатаканаларга жайгаштырып, окууну бүткөнгө чейин баары программа тарабынан каржылайт. Ал эми жатаканада албетте тамак бекер болуп, үй жыйнайм, идиш-аяк жууйм дебейсиң. Жөн гана окушуң керек.

Анан да программа студентке медициналык жактан камсыздандырып, анын негизинде биз баардык бардык мамлекеттик ооруканаларда бекер дарыланып, жада калса эң кымбат аппараттарга да бекер түшө алабыз.  Андан сырткары программанын алкагында ар түрдүү акысыз курстар уюштурулуп турат. «Бул жакта жөн эле билим алып кетпей, коомдук иштерге да катышып тажрыйба топтоп кеткиле» деп кайталашат.

Бирок, бул мүмкүнчүлүктүн баркын билип,  пайдалангандардын саны аз. Кыскасы Түркия студентке болгон шарттын баарын түзүп салган. Эң кызыгы өздөрүнүн студенттерине кандай шарт түзсө, сырттан келген студенттерге андан  эки эсе көп жеңилдик түзүп, колдоп турат. Ал эми жергиликтүү элдин башка өлкөлөрдөн келген студенттерге болгон жылуу мамилесин айтсак ал өзүнчө дастан болот. Алган стипендиябыз болсо Кудайга шүгүр кеңири жетет, Ушундай сонун шарттардан кийин стипендиясын короткусу келбеген студенттер акчаларын үйлөрүнө жөнөтүшөт экен. Кыскасы мындай программа дүйнөдө чанда кезигет. Жана Түркия бул иши менен жакында биринчи орунга чыгат деп ойлойм !

Максат Акматов, Селчук университетинде эл аралык мамилелер багытында студент: Түркия дүйнөнүн өнүгүп келаткан мамлекеттерине ар кандай тармакта жардамдарын берип келет. Ал жардамдардын бири да, дүйнөнүн келечеги болгон жаштарга сапаттуу билим берүү. Түркия өкмөтү уюштурган Түркия стипендиялары программасы тандап, кабыл алган студенттердин арасында мен да болгонума аябай кубанычтамын.

Бул программанын дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү стипендиялык программалардан айырмасы чоң. Мисалы башка өлкөлөрдө бир гана акчасын бериши мүмкүн. Ал эми жатакана табуу, окуу жайга жайгашуу, медициналык камсыздандыруу, виза алуу сыяктуу калган жумуштарына өзүңүз чуркайсыз. Туркия Стипендиялары программасы болсо башка өлкөдөн кабыл алынган студентти өз өлкөсүнөн кеткенден баштап, кайра кеткенге чейин жоопкерчиликти мойнуна алат. Кабыл алынган студенттер бул жакка келгенде  атайын дайындалган кишилер аба майдандан тосуп алышып, жатаканага жайгаштырып кетишет. Жатаканалардын сапаты да абдан жогорку деңгээлде, бүт шарттары менен заманбап мүмкүнчүлүктөрү менен салынган. Ичинде тамактары бекер, эн акыркы телевизорлор ж.б. техникалары менен эс алуу бөлмөсү, атайын сабак окуу бөлмөсү, жада калса кээ бир жатаканаларда машыгуу бөлмөсү менен кошо болот. Айрыкча, белгилей кетсек, Түркияда Кыргызстанды таанытуу үчүн иш-чараларды уюштурууда да Түркия стипендиялары программасы бардык жактан колдоо көрсөтүп келет.

Жайнагүл Атамбекова, Селчук университети, менеджмент багытында, магистрант: Учурда Түркия стипендиялары программасы түзгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Туркияда окуп жатам. Окуп жатып, алмашуу программасынын негизинде Европанын университеттеринен да билим алууга жетиштим. Түркия стипендиялар программасы мага көп ийгиликтердин эшигин ачты. Бир гана Европага гана эмес дүйнөгө да эшик ачты.

Чолпонай Кабылбек кызы,

Стамбул университети, Маданият таануу бөлүмүндө, магистрант:

Түркия чет өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн өзгөчө шарттары бар өлкө. Мисалы жайында, кышында атайын эс алуу, өзүн-өзү өнүктүрүү лагерлерине барабыз.Семинар, тренинг, конференциялар тынбай болуп турат. Өзгөчө Стамбул шаарында күнүнө эл аралык конференциялар симпозиумдар, фестивалдар болуп турат. Бир күнүбүз да текке кетпей күн сайын өзүбүздү өнүктүрүүнүн үстүндөбүз десем болот.

Түркияда жүрүп көптөгөн чет өлкөлөргө бардым. АКШнын New York шаарында, бир канча штаттарында болдум. Иерусалимге котормочу болуп баруу насип болду.  Пайгамбарыбыздын миражга көтөрүлгөн мусулмандар үчүн эң ыйык 3 мечиттин бири Аль-Акса мечитинде намаз кылуу менин чон кубанычым эле

Улукбек Рахманбердиев:

25- Май университети Ислам илимдери факультети, магистрант

Түркия мамлекети дүйнөдө абдан бат өнүгүп келе жаткан алдыңкы өлкө болуусунун бирден бир себеби билим сапатынын мыктылыгы. Студент окуусунда ийгиликтүү болуусу үчүн билим алуудан башка нерсе менен алек болбош керек. Бизге ал үчүн Түркияда бардык шарттар бар.

Кыргызстандык экенибизди билген Түркия эли бизди ата журттан келипсиң деп, алыстан келген, сагынып күткөн тууганындай кабыл алышат. Кээ бир учурларда көчөлөрдөн адашып кетебиз же бара турган жерди таба албай калабыз, ошол кезде жардам сурасак бара турган жерибизге чейин унаасы менен жеткизип коюшат. Экинчи курсту бутуп жатам бул күнгө чейин бир да милиция кызматкери мени токтотуп документ сураган жок. Дагы бир кубануу менен эстеген учурду айта  кетсем, дем-алыш күндөру чогуу окуган турк досторубуз үйлөрүнө конокко чыкырышып,  ата-энелери менен тааныштырат. Түркия эли чет өлкөлөрдөн барган студенттерге экинчи үй-бүлө болууга ар дайым даяр. Туркиялыктар бизди биринчи көргөндө кытай деп ойлошот. Көздөрү жылчык (кичинекей) адамдардын баарын эле кытай же жапон деп ойлошот. Кызыгы алардын көзүнө жылчык көздөр аябай сүйкүмдүү көрүнөт окшойт, суктанып, кээде сүрөткө түшүп алалы деп сурашат.

Байтүгөл Исламбеков, Газиантеп университетинде эл аралык соода жана логистика студенти:

Мен азыркы учурда Түркия Стипендиялары деген система менен Түркиянын Газиантеп шаарында эл аралык соода жана логистика багытында билим алып жаткан учурум. Ал жакта билим берүү системасы таптакыр башкача, сенин канчалык билим даражаң болсо ошого жараша баа аласын. Түркиядагы окуу системасында коррупция деген түшүнүк жок. Мугалимдерибиз «Сен чет өлкөлүксүн», «Сен түрксүн» деп ажыратпай баарына адилеттүү түрдө билим берип, баа коюшат. Жогоруда айтып өткөн система дүйнө боюнча Африка, Орто Азия, Алыскы Чыгыш Өлкөлөрү жана арап мамлекеттеринен окуйм деген, бирок экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чектүү үй-бүлөлөрдүн балдарын алып окутушат. Бул Түркия Стипендиялары системасынын максаты, менин оюмча, ошол студенттерге билим берип өз өлкөлөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон жарандардан болуулары.

Майрам Байгонушева, Мармара уинверситетинде Экономикалык өнүгүү багыты докторантура:

Кыргызстан жана Түркия ортосунда саясий, экономикалык жана маданий мамилелиринин жакшыртылышы өтө маанилүү. Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Түрк жеке бизнеси тоо-кен өнгөр жайына, энергетика тармагына жана башка оор өнөр жай тармактарын колго алса, экономикалык мамилелердин дагы да күчтөнмөкчү. Доллар жана евро курстарынын кескин өйдө-ылдый өзгөрүп туруусун жок кылуу үчүн эки өлкө өз акчап бирдиктерин колдонсо, оң натыйжаларга бара алабыз.

Азамат Арпачиев Селчук университети Социология багытында докторант:

Бул программалар Кыргызстан үчүн билимдүү кадрларды даярдапгана чектелбестен, эки боордош өлкө ортосунда көпүрө боло ала турганжаштардын өсүп жетилүүсун, мамилелердин дагы да кучтуу жанаүзгүлтүксүз болушун да камсыдарын айтат. 2000жылдарга жакынТүркиянын алдыңкы окуу жайларын бүтүрүп, Кыргызстанга кайтыап келебаштаган жаштар , адегенде Кыргызстандагы жеке секторлордун бошорундарын толуктап, бул тармактын өнүгүүсүндө чоң роль ойногонун айтат. Кыоргыз элинин эгемендүүлугүнүн алгачкы жылдарынан тартаишке киришкен билим берүү кызматташтыгы Кыргыз-Түрк “Манас”университети, Анадолу орто мектеби ж.б. ийгилктүү долбоорлор мененулантылды. Азыркы учурда Кыргызстанда дагы, Түркиягада дагы Түркиябүтүрүүчүлөрү жана орток билим берүү мекемелерин ийгиликтүү бүтүргөнкыргыз жаштары мамлекеттик жана жеке сектордун бардыктармагында өзүлөрүн көрсөтүүдө”.

Алишер Имамов, Стамбул университети, коом менен байланыш тармагын аяктаган. 2012-2016-жылдар арасында Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан эң эски окуу жай, Стамбул университетинде «Коомчулук менен байланыш жана реклама» багытында Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш улуттар башкармалыгынын стипендианты катары окудум. Окууну бүтүргөндөн кийин Кыргызстандын өнүгүүсүндө өз салымымды кошуу үчүн өлкөмө кайттым. Азыркы күндө жеке фирмамды куруп иштеп жатам. Түркияда мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын көптөгөн иш-чаралары болуп турат. Аларга активдүү катышчумун. Ошондуктан, Кыргызстанга кайткандан кийин да алар мени колдоп башка уюмдарга сунуш каттар жиберишти. Натыйжада, бул жакта жасап жаткан иштерим да бир топ жеңилдеди. Айрыкча, көптөгөн эшиктер да ачылып жатат. «Медиа жана Маданият» аттуу коомдук бирикме түзүп, Түркияда алган тажрыйбаларымды Кыргызстанда колдонуу үчүн аракет кылып жатам. Алардан бири Стамбулдагы Медиа академиясы сыяктуу окуу жайын Бишкекте ачуу болду. Бүгүнкү күндө аты аталган коомдук бирикмебиз тарабынан Түркиянын мамлекеттик агенттиги болгон ТИКА уюмунун колдоосу менен медиа жаатында акысыз билим берүү курстарыбыз уюштурулуп жатат.

Түркия Республикасы президентинин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарында өлкө лидерлери жолугушуп, эки өлкө, эки эл үчүн дагы көбүрөөк пайдалуу иштерди башташат жана бул иштер кыргыз жана түрк элдеринин мамилелеринин бекемделишине себеп болот деп үмүт кыламын.

Учурдан пайдаланып, бизди 4 жыл боюнча өлкөлөрүндө стипендия төлөп окутуп, бизди конок кылган түрк элине, өзгөчө Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгына ыраазычылык билдирип кетким келет.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс