Пятница , 3-Апрель 2020
Башкы бет / Дайджест / «Райым миллион» Суусамырда кымыз ичпей эле Түркияда эс алганбы?

«Райым миллион» Суусамырда кымыз ичпей эле Түркияда эс алганбы?

Өткөн жумада Бажы кызматынын мурунку төрага орун басары Райымбек Матраимов “качып кетиптир” дегендерге жооп кылып “ Мен эч жакка качкан жокмун. Качууга негиз жок” деп “Суусамырда кымыз ичип эс алып жатат” деген журналист кыз Динар Турдугулова тууралуу “Ошол кыз, дагы башка кызыккан журналисттер болсо Суусамырга келгиле. Чогуу сүйлөшүп, чер жазып кетесиңер” деп журналисттерди чакырган.

Бирок, “Райым миллион” Суусамырдын салкын абасында кымыз ичип ден соолугун чыңдабай эле, Түркияда кымбат баалуу яхтада  эс алып жатканын көргөндөр бар экени маалым болууда. Муну “Райым миллион” калпка чыгара алабы? Суусамырда эс алып жаткан болсо, ошол күнү эмне үчүн сүрөтүн тартып маек берген гезитке далил кылып чыгара алган эмес? Суусамырда жатам деген учурда Түркияда эс алып жүргөнүн далилдеп берчү кишилер менен Райымбек Матраимов бетме-бет кезиккенге духу жетеби эми? Азыр “Райым миллион” Түркиядан Англияга сапарын улантыптыр деген маалымат чыкты. Ал кыргыз тоолорунун койнунда эс алып жатпай эле, чет жактагы бизнесин өнүктүрүп жүргөнүн неге ачык айта албайт? Бириккен Араб Эмираттарында Райымбек Матраимов, мурунку шоопур, бүгүнкү күндө олигархка айланган Икрамжан Илмиянов, ИИМ министринин мурунку орун басары Данияр Абдыкаров, УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевдин, УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Болот Сүйүнбаевдин  бизнеси чогуу жүрүп жатканы ачыкталабы? Булар кайсыл акчага арабдарда чоң бизнести жүргүзүп жатканы иликтенсе, “Райым миллион” өлкөгө кайтып келбей калышы да мүмкүн. Азыр алардын бизнеси иликтөөгө алынып жатканы тууралуу маалымат бар. Кандай болорун күтө туралы. Баары ачыкталат.

«Жаңы ордо» гезити. №23 (596), 29-июнь, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс