• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Ажону уят кылган кудасы

же сот залынан колуна кишен салынган Мураталы Тагаевдин кызматтагы баяны

Салайдин Авазов Бишкек ТЭЦтеги ызы-чуу менен УКМКнын СИЗОсуна олтургузулгандан кийин Жалал-Абад шаары башчысы жок калып, мэрлик орунду камакка алынган Авазов тапшырган соң, Мураталы Тагаев Абдыкаровичдин багы ачылып, Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланган. Ал буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген. Тагаев мэр болуп шайланганда, эл арасында “Мураталы Тагаев президент Жээнбеков менен куда болгону үчүн мэр болду…” деген кептер тараган. Муну Жалал-Абадда айтпаган жан калган эмес. Мураталы Тагаев өзү дагы бул туурасында “Кудачылык боюнча жашырбайм. Менин агаларымдын кудасы болот. Куда болгонго эки айдын гана жүзү болду…” деп маек берген.

Өзүн “Тагаевдин эмгек тажрыйбасы, буга чейинки басып өткөн эмгек жолун баалагандар, билгендер, анын мэр үчүн шайлоодо утуп чыгаарынан күмөн санашкан эмес” деп өпкөсү үзүлгүчө мактаткан Тагаевдин басып өткөн эмгек жолун көрсөң, жаштар андан үлгү алчудай иштерди көрүүгө деле болбойт. Мураталы Тагаевдин басып өткөн жолу тууралуу ушул жерден токтото туралы. Бул тууралуу кенен сөз кылабыз.

Азыр Жалал-Абадда Мураталы Тагаевге элдер “Ахмат‑2” деген ылакап ат коюшуп, “Облустун тагдырын каалагандай калчаган Ахмат Бакиевден кутулсак, эми кайрадан “Ахмат‑2” пайда болду” деп нааразычылыгын жашырбай жаткан кези. Жаңы мэр “Ахмат‑2” өзүн жарым пааша сезип, “Менин ишенгеним ким экенин билесиңер да!? Жалал-Абаддын маселесин мен чечем! Бийлик биздин колдо!… ” деп манчыркап калганын эл укпайт же билбейт деп ойлойбу? Калк айтса калп айтпайт. Калк эч нерсеси жок эле Мураталы Тагаевге “Ахмат‑2” деген ылакап атты берди дейсиңерби? “Биз үмүт кылган бийлик “Ахмат‑2” деген атка ылайык адамдарды бийлик башына алып келип жаткан болсо, шорубуз дагы бар экен” деп ыза болуп жатканын кантип жашырабыз? Элдин ишенимине ээ болуп жаткан президенттин саясатын, тандап алган багытын “Ахмат‑2” деген атка конгондор иритип, элге жек көрүндү көрсөтүп жатышпайбы.

Өзүнүн саясий позициясын аныктай албаган, туруктуу көз карашты карманбай, шартка ылайык өзгөрүп, кубулуп турган Мураталы Тагаев же Жалал-Абад шаарынын тургундары “Ахмат‑2” деген киши президентке тирөөч болуп бере алабы? Ал “Мен 2012-жылы шаардык кеңеште төрага болуп иштедим. Мамлекеттик кызматта 15 жылдан бери жүрөм” дептир. 2012-жылы шаардык кеңешке “Ата Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланса, беш жылдан кийин ал партияны таштай качып, мурунку президентке жакын болгон “Кыргызстан” партиясынын атынан депутат болгон. “Ата Журт” кыйын кезге туш болгондо, күн тийип турган партияга секире качкан киши кимди коргоп жыргатат ыя? Өзү айтып жүргөн ишенген адамдарды элге жаман көрсөткөндөн башка артык иш кылып бергенге жарайбы? “Акмат‑2” Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп тургандагы ишмердүүлүгүнө саресеп салсаңар, анын башкаруудагы башаламандыкка жол бергенине күбө болосуңар. Авазов камакка алынгандан кийин Мураталы Тагаев депутаттардан комиссия түзүп, аны өзү баштап, шаардагы мамлекеттик ишканаларды иликтеп, тескөөгө алып “Бул иш эмне үчүн бүтпөй жатат?!” деген суроону корс-корс берип, “Шаардык бюджетке кирбей калганы үчүн бүтө элек. Бюджети чечилсе эле иш бүтөт” деген жооп болсо, “Бүтүрүш керек!” деп буйрукту бергенин уккандар “Бул “Акмат‑2” депутаттык комиссияга тийешелүү мекеме-уюмдардын адистери кошулуп, шаардык кеңештин чечими менен иш алып барарын билбейби? Шаардык мекеме-уюмдарды өзүнүн жеке бизнесиндей эле көрүп алганго сыягы” деп мыйыгынан күлгөнү Тагаевге жетсе керек. Эгер өзү тууралуу Жалал-Абад шаарында эмне деген сөздөр айтылып жатканын, Мураталы деген аты өзгөрүп “Ахмат‑2” деген ат коюлганын укпаса, шаарды аралап чыкпайбы.

Тагаев мэр болуп шайланганда эле “Шаардык кеңештин төрагалыгынан ишеним көрсөтпөө жолу менен кете турган болуп жаткан адамды ким мэр кылып алып келди? Чын эле президент Жээнбеков кийлигиштиби? Ошол киши “добро” берсе керек” деген сөздөр айтылган. Артында ээрчий турган 10 кишиси жок Тагаев бул бийликтин башына кыйын кез келсе биринчилерден болуп Жалал-Абадды таштай, Барпы айылын көздөй дыргаяктап качат деген сөз бекер жеринен айтылып жатабы?

Эл койгон ат менен атаганда “Ахмат‑2” “Мен эки жолу шаардык кеңештин төрагасы болуп иштедим” деп көкүрөк кагат экен. 2012-жылы төрагалыктан кандай себептен кеткенин көпчүлүк билбесе керек. Мураталы Тагаев 2004-жылы Бишкек шаардык соту тарабынан 4 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан колуна кишен салынып, камакка алыныптыр. Ушул маселе көтөрүлүп баштаганда Тагаев төрагалыктан тынч эле кетип калайын дегенин өзү жашырабы? Эгер, Тагаев “Андай болгон эмес, мен бир дагы соттун алданда кылмыш иш боюнча жоопкерчиликке тартылбагам. Соттолгон эмесмин” деп өзүнүн актыгын көрсөтө алабы? Албетте анын соттолбогонун тастыктаган справкалар менен. Мураталы Тагаевден жообун күтөлү. Кечээ эле президентибиз парламент депутаттарынын алдында кайрылуу жасады. Реформа жасайм, өзгөртүү жасайм деген президент Жээнбековду анын кудасы Мураталы Тагаев эл караган жүзүн жер каратат го. Калган кепти, далилдүү документтер менен Тагаевдин жообу келсе, кошуп жарыялайбыз.

Наралы Асанбаев

«Жаңы ордо» гезити. №23 (596), 29-июнь, 2018-жыл.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс