Среда , 28-Июль 2021
Башкы бет / Досье / Жаштар ассамблеясы дагы бир медпункттун курулушун баштады (фото)

Жаштар ассамблеясы дагы бир медпункттун курулушун баштады (фото)

Бишкек, 29-май, 2018-жыл. /ruh.kg/. Ош облусунун Кара-Суу районунун  Отуз-Адыр айыл аймагындагы Кышабад айылына жаңы медпункттун курулушуна биринчи кыш койуу аземи болуп өттү. Салтанатка БДЖАсынын президенти Саид Баюми, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медициналык кызматкерлер жана айыл тургундары,  аксакалдары катышышты.

Имарат толугу менен аталган уюмдун каржылоосу менен курулуп, мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлөт. Жугуштуу ооруулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү каана, педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санузелдери, жылытуу системасы менен толук түрдө ишке берилет. Мындан сырткары  ичиндеги эмеректери, тиешелүү медициналык жабдыктары, дары — дармек сактоочу аппараттары ж.б. керектүү шаймандары дагы уюм тарабынан камсыздандырылат.

Жаңы курула турган медициналык борбор 5 миңден ашуун калкты тейлейт.

Кышабад айылында буга чейин өтө эскилиги жеткен, авариялык коркунучта турган имарат ФАП катары колдонулуп келген. Эми жаңы имарат колдонууга берилсе, кеңейтилген тартипте үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору катары кызмат өтөйт. Бул үчүн тиешелүү эмеректери жана атайын жабдыктары менен толук даярдалып, колдонууга тапшырылат.

Саид Баюми жетектеген уюм калктын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү максатында бир топ долбоорлордун үстүндө иштейт.  Республиканын аймагында 35 мектеп жана 18 медициналык пункттарды куруп, элге пайдаланууга тапшырган. Мындан сырткары жетим балдарга ай сайын жөлөк пул жана кийим — кече таркатат. Ошол эле учурда  Орозо айынын урматына жакыр жашаган үй-бүлөлөргө тамак-аш продуктуларын таркатып келет.

Пресс катчы:  Рахматулла Мухаммед

Тел: 0770 277 123 0700;  277 123

Email: rahmatallah@mail.ru

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс