Среда , 28-Июль 2021
Башкы бет / Досье / Ыйман лагери 7000 сом кымбатпы?

Ыйман лагери 7000 сом кымбатпы?

Ыйман лагерин 7 жылдан бери ар кандай жерлерде өткөрүп келебиз. Алгачкы Лагерди Көк-Жар микрорайонундагы 3 кабаттуу офисте өткөрдүк, андан кийинки жылы Воронцовкадагы курортологиянын нары жагындагы мечитте болдук 15 күндүк программа менен.

Ошол эле жылдын 2- потогун Канттагы балдар үйүндө өткөрдүк. Андан кийинки жылы да 3 потокту тең кантта өткөрдүк. Ата-энелердин сунушу суранычы менен калган акыркы 3 жылда Ыссык-Көлдө өткөрүп келебиз, биринчи жылы Нуристан балдар үйүндө өттү, экинчи жылы Бөкөнбай айылында жеке конок үйлөрдө уюштурдук, ал эми былтыры Кажы-Сайдагы Легенда пансионатында болдук. Быйыл болсо дагы да шарттарды жакшыртып Аврора санаторийинин ичиндеги Аврора Климат пансионатында өткөрүп жатабыз. Авроранын жалпы аянты 47 гектар жерди ээлеп жатат. Бийик бийик бактардын көлөкөсү көйкөлөт, ошол кооз көлөкөнүн ичинде баардык спорттук аянтчалар, жаш балдар үчүн парктар жана сейилдөө үчүн керемет аллеялар орун алган. Пляжы таза жана кенен 2-3 км. Өз убагында Брежнев курдуруп каарыганча эс алып кетип турган айтылуу Аврора Ыссык-Көл санаториясы жөн жерге курулбайт! Бул жердин өзүнүн жанга жагымдуу микро климаты бар. Эгер сиз өз жолуңуз менен барып эс алам десеңиз анда 3 маал тамак жатаканасы менен 1700сом пул болот 1 кишиге 1 суткага. 10 күн калсаңыз 17 000сомду чапчыйт сиздин эс алуу. Биздин 1 суткалык баабыз болгону 700 сом!
Анын ичинде эмнелер бар?
1. Жол кире (Бишкек-Ысык-Көл- Бишкек)
2. Жатакана шарттары менен ( бөлмөдө 2 кишиден)
3. 4 маал адал тамагы менен ( 3 маал ыссык тамак 1 маал полдник)
4. Ыйман сабактар программасы ( Куран үйрөнүү, дуа жаттоо, араб тили, икаялар, адеп сабактары, намаз жана даарат теория жана практика).
5. Кызыктуу, шаңдуу интеллектуалдык жана спорттук оюндар.
6. Тоого чыгуу, ат минүү, сууда сүзүү, футбол, тарыхый жерлерге зыярат ж.б оюндар.
7. Бүтүндөй территория күзөттө Видео байкоо жана кароолчулар менен 24/7
8. Балдардын ден-соолугу үчүн санаторийдин доктурлары кам көрөт.
7000ге кымбатпы?

Ыйман лагерине каттоо

«Жашыл Ай» коомдук фонду Ыссык-Көлдө ? Аврора пансионатында өтүүчү «Ыйман» лагерине мектеп окуучуларын ??‍♀?‍♂ кабыл ала баштады. Лагерде:
*Ыйман?????‍♂ сабактары:
1 Кураан
2 Адеп
3 Дуа
4 Араб тили…

* Спорттук, интеллектуалдык оюндар:?
1 Футбол
2 Сууда сүзүү ??‍♀
3 Ат минүү??
4 Воллейбол⛹?‍♂.

*4 маал адал:
1 Кыргыз?
2 Өзбек?
3 Уйгур ?
4 Дунган? тамактары берилет.
Башталышы:
Сиздердин суранычыңыздар менен лагерди 10 күнгө артка жылдырдык!

1 поток: 10-20-июнга чейин

2 поток: 20-30-июнга чейин.

Байланыш номери:
0777 618 518
0702 618 518

Путёвка баасы: 7000 сом

Офис дареги: Киев көчөсү 107, 307 кабинет.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс