Среда , 28-Июль 2021
Башкы бет / Аналитика / Депутат өңү Нескаранын өңүндөйбү?

Депутат өңү Нескаранын өңүндөйбү?

Жогорку Кеңеште ЖЭБди талкуулап отурушуп кээ бир депутаттар «Датка-Кеминге» да тиш салып өтүштү. «Датка-Кемин» курулгуча биз Түндүккө электрди Токтогул ГЭСинен Өзбекстан менен Казакстанды аралап, араң алчубуз. Эми «Датка-Кемин» аркылуу аларга көз карандысыз алып калдык. Депутат, Акаевдин премьер-министри Кубанычбек Жумалиев кошомат жасап Алмазбек Атамбаевдин атын койобуз деп жулунуп чыккан Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу тууралуу да сөз болду. Булар Кытайдын насыясынын эсебинен курулган жана куруп жатышат. Кээ бир депутаттар Кытай карыздары үчүн Кыргызстандын аймагын талашат деп дөөрүп да жиберишти. Бул чындыкка коошпойт, анткени Кытайда акыркы үлгүдө 2 миллион 600 миң кишилик армия болгону менен уйгур сепаратисттери жүдөтүп бүтүрүштү. Эми Борбордук Азияга алар кирсе, өзүнүн миллиарддаган калкы ойгонуп, КЭР тизгинин тарта албай калат. Араң турган Батыш Кытайды самсаалатып бөлүп жиберет.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс