• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

ЭГЕР БИЗ ХАШИМДИН КАДЫРЫНА ЖЕТПЕСЕК эл деле, адам деле эмеспиз. Ал кыргыздан чыккан өзгөчө бир керемет, керек болсо элге келген кут. Азыр элдин көбүрөөк ооруганына, көбүрөөк өлгөнүнө кызыкдар болгон толгон акмак бар. Ошонун баары чөөчө талап, ителесе да чүнчүбөй өз ишин жасай берген көк жал эр экен. Врачтар эми өлөсүң деп чыгарып койгон канча кишини ажалдан арачалады! Акмактардын асылуусунан оозу күйүп калган кайран Хашим эми өзү сакайткан ар бир кишини видеого тарттырып, интернетке салып коюп жатат. Ошондо да аксымдык кылып бет тыткан тажаалдардын үнү басылбайт. Чет элдик грант эмген нпошниктердик айдагы менен асылганы асылган. Жаңы бийликтерге да кайрылдык, биздеги элге иштебеген мыйзамдар системасында ага дарыгер катары орун таба албасаңар жок дегенде өлөөр кишилерди тейлегич, баккыч катары орун таап бергилечи деп. Эптеп бир ыгын табалы дешкен. Бирок табыша элек.
Ал арада мен Хашимге экинчи жолу барып дарыландым. Катуураак бассам күйүгүп жатам деп баргам. Тамырымды кармап көрүп, кан тамырларыңызга «беляж» дейби, «шлак» дейби, айтор кир толуп калган. Ошону тазалап койбосок балээ болушу мүмкүн дейт. Бейтапканасына жатпай дарыларын үйдөн ичтим. Күнүгө келип тамырыңызды карматып туруңуз деген. Күнүгө бара албай, эки-үч күндө бир барам. Барган сайын күйпөлөктөп, кир чыгып атат, ашыкча чыгып кетсе тамыр бүтөлүп калат, каныңыз суюлсун деп, гепарин деген дары сайдырат. Күнүгө келбейсиз, башка аз келгенсип, эми сиздин туугандарыңыздын да балэсине калбайын деп урушат. Ошентип гепарин саюу улам азайып, бирок толук тазалануу болбой жатат деп, Хашим аке дарыларын улам алмаштырып берип жатып, дарылануу дээрлик эки айга созулуп кетти. Акыры бир күнү ал тамырымды кармап туруп: «Аллага миң шүгүр, азыр жүрөгүңүз меникинен да жакшы согуп жатат. Тамырларыңыз да тазаланып бүттү. Катуу басасызбы же жүгүрөсүзбү, эмне кылсаңыз ошо кылыңыз. Бара берсеңиз болот», — деди маашырлана мулуюп кубанып.
Ошондон баштап эки жумача болуп калды, күнүгө үйүбуздүн жанындагы паркка чыгып, 35-40 мүнөттөн жүгүрүп жүрөм. Күйүкмөк турсун, кадыресе чарчоонун жыты жок калды. Көбүрөөк жүгүргөндөн муундарымды оорутуп аламбы деп корком. Бирок убкытты да, аралыкты да күндө аздан көбөйтүп баратам. Ооба, бардык нерсе Кудайдан. Бирок менин ушул жакшылыгымдын себепкери Хашим табып гана экенин билем. Ага эки дүйнөдө ыраазымын. Ушуга чейин ага эки тыйын бере элекмин. Сизден бир да тыйын албайм деп койгон. Антсе да акыры бир жараган ат мингизем деп жүрөм. Жараткан Кудайым мени да ошол тилегиме жеткирип, Хашим досуман да эч бир жакшылыгын аябасын!

Бейшенбек Бекешов.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс