• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Өзүбүздүн күнөөбүздү да айта жүрөлү

Автор:ruh_admin

Май 25, 2018

Чоңдорубуз мурда эле ууру болушкан. Азыр да ууру бойдон калышты. Мурда да уурдап, элди жоого салып берип карап отурушкан.

Мисалы: үркүндө мынча миң кыргыз кырылган деп ыйлайбыз. Армия топтоп берем деп, орустан алган акчаны жеп койгон баатырларыбыз тууралуу ооз ачпайбыз.

Азыркы аткаминерлерибиз болсо ТЭЦке, жолго, ЛЭПке, Музейге деген акчаны уурдап, элди карызга батырып атышат. Бул уурулук — ошол XIX кылымдагы уурулуктан эмнеси менен айырмаланат?

Болгону XIX кылымда акчаны орустан алганбыз. Азыр кытайдан алып атабыз. Орустан алган акчанын кесепети үркүн жана кыргын болсо, кытайдан алган акчанын кесепети кылымда кутулбас карыз болуп атат.

Өзүбүздүн күнөөбүздү да айта жүрөлү.

Жээнбековду мактап атабыз. Ал кишинин келгенине жарым жылдан ашты, бирок ЛЭПке, ТЭЦке, жолго кеткен каражаттардын кандай корогонуна баа бергенге батынбай турат. Эми минтип музей чыкты. 35 коррупционердин атын билем дегенден бери алты ай өттү. Бир дагы чоң ууруну кармай элек.

Капа болбогула гоо, бирок факт ушундай. Ат үстүндөгү ажобуз камчы салып чаап кетпесе да, бир аз теминип-теминип койсо болот эле. Карасам көтөрүм аттын басыгына салып коюп ныксырап бараткансыйт.

Ыдырыс Исаков

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс