• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Шарабидин аке менен Темиралы Кунашовдун үйүнөн жолуктум. Экөө мечиттен таанышкан экен. Темикем чыгыштын философиясы, практикалык медицинасы, мушташ өнөрлөрү, адабияты, этнографиясы, музыкасы боюнча терең билимге ээ киши. Көңүлүнө жаккан киши болсо таң атканча болсо да сүйлөп берет. Ошондо да билиминин чети оюлбайт.
Темике жакшы массажчы издеп жүргөн экен. Шарабидинди жакшы массаж кылат деп угуп, массаж алыптыр. “Сен чоң мастер турбайсыңбы. Бас, үйгө”,- деп үйүнө көчүрүп келиптир Шарабидин акени.
Сыдыргы дегенди мен өмүрүмдө биринчи жолу ошол акеден уктум. Бул кыргыздын байыркы массажынын бир түрү экен. “Денеге суук өткөндө ал бара-бара катып, тузга айланат. Анан көйгөй ошол туздардан башталат. Сыдыргыда ошол туздарды сөөккө басып чыгарып, улам ылдый сыдырып отурат. Туздар сыдырылып отуруп, буттан чыгып кетет”, — деп түшүндүрдү Шарабидин аке, -Мына туздун бутка сыдырылып келгени тамандын сапсары болуп калганынан билинет”, -деп өзү массаж кылып жаткан кишинин таманын көргөздү. Чын эле ал кишинин таманы сапсары болуп калыптыр.
Ал массаж алып жаткан адамы да бир мусаапыр. Саудиялык Рамзи деген араб. Темикем таң атканча кудайга жалынып, мечитке спонсор жөнөт деп дуба кылсам, эрте менен ушул Рамзи кирип келди дейт. Рамзи өзүн “Комитет мусульман Азии” деген абройлуу уюмдун Казакстан жана Кыргызстандагы өкүлүмүн деп тааныштырыптыр. Эй, Рамзи, бу араб менен түрктүн биринчи проблемасы катын болчу эле. Быягы кандай сенде? – деп сураптыр Темикем. Чын эле Рамзинин биринчи проблемасы – катын экен. Алматыдан бир орус аялга үйлөнүп, аны менен проблема болуп Бишкекке баса берген экен. Наркы Аравиясында деле ушул проблема бар окшойт. Көп өтпөй ал орус аял Рамзини издеп келди.
Рамзи казакча, кыргызчаны суудай билген, шум сүйлөгөн, даават кылганда тегерегине адамдар аарыдай үйүлүп калган сөзмөр, тамашакөй жигит экен. 12 жыл Алматы университетинде сабак бериптир.
Шарабидин акенин кайсы бир полковник белек кылган көк аскер тумагы бар. Ошону кыйшайтып кийип алат. Рамзи ошол тумакты дайым катып койот. Экөө кечке тамашалашып отура беришет. Экөөнүн тең офиси — мечит.
Шарабидин аке эң оболу адамгерчилиги менен жакты мага. Андай адамгерчиликтүү адамды турмушта мындан ары кезиктиремби, жокпу, билбеймин. 5 адам массаж кылса, ошонун экөөсү сөзсүз акысыз массаж алып жаткан бей-бечара. Белгиленген акы да албайт экен адамдан. Көңүлүңүздөн чыкканын бере берес деп койот. Бир адамды кеминде 50 мүнөт укалайт, болбосо 2 саатка чейин созулуп кетет.
Баарын улуу-кичүү дебей “сиз” деп сүйлөйт. Жардам эле берсем деп турат.
Шарабидин Айтматовдун бабалары Кокон хандарын массаж кылган, колунда шыпаа бар касиеттүү кишилер болгон экен. Алтүгүл сокур ичегини акырындап массаж кылып, жоон ичеги аркылуу чыгарып жиберишчү экен дейт. “Өз атам Бакир кичинекей таяк менен эле таманды укалап, көп ооруларды айыктырып койор эле”, -дейт Шарабидин аке.
Ал киши менен дос болуп кеттик. Жашаган жери Темикемин кичинекей, капкараңгы үжүрөсү. Кабинети – мечит. Мындай болбойт деп өзүм отурган Тоголок Молдо 60 дарегинен кабинет алдык. Бир тууган карындашым медсестра, жардамчы, кассир, коомчулук менен байланыштыруучу адис, поварлыкты аркаламай болду. Биринчи кезекте сизди гезитке чыгаралы, көчө гезити эмес, чоңдор, илим-билимдүү адамдар окуй турган гезитке чыгаралы деп, “Слово Кыргызстана” гезитинен Кифаят Аскерованы чакырдым. Ал өзү келбей белгилүү фотограф Нина Горшкованы ээрчитип келиптир. “Сыдыргы: соло на десяти пальцах” деген кызыктуу макаланы сүрөтү менен бир бет кылып чыгарды Кифаят.
Ошол макаладан кийин Шарабидин аке бир тепкич көтөрүлдү. Кардарлар өңчөй депутат, министр, ректор ж.б. бети кызыл, абройлуу адамдар болуп калды. Бир жума мурун кезекке жазылгандар пайда болду. Карындашым Миргүл такылдап орусча, кыргызча сүйлөгөн, шайтандын да тилин таап кете берген, тамашакөй, шар жүргөн, өтө сарамжалдуу кыз. Акчасын оң-солго чача берген, баш-аягын таппаган Шарабидин акенин бухгалтериясы швейцар саатындай так иштеп калды. Эмне кылас кафеден обед кылып – деп урушуп, кабинеттен тамак жасаганга көндүрдү.
Массаж кабинеттин бир айдагы эле таза тапканы 1000 долларга чейин чыкты. Ошондо мисалы Арча-Бешикте участоктор 2000 доллар болчу.
Не деген атактуу адамдар келип жатты массажга. Ар бир курс бүткөндөн кийин чакан чай даярдап, курстун бүтүшүн белгилейбиз. Темиралы аке гитарын көтөрүп келип чертип берет. Анын да чөйрөсү кеңейди ошентип.
Бир күнү Темикем Шарабидин акени Чынгыз Айтматовго ээрчитип барып, массаж жасатты. “Чыкебиздин бүт денеси былбырап жумшап кетиптир, ткандар чоюлуп, өз кызматын аткарбай калыптыр. Дарыны көп ичет экен. Дары ичкен адамдын денеси ошондой болуп калат. Организм өзү күрөшөт оору менен. Ошону күтүп, сабыр кылбай, таблетка ичип, укол алып жатпайбызбы”, — деп башын чайкап кейип келди Шарабидин аке. Улуу жазуучунун улам иши чыгып отуруп, массаж деле албады аягына чейин.
Шарабидин аке, менин аталаш эжелерим, карындашым, анан цехте иштеген жаш өзбек үй-бүлө чогулуп чоң бир үйдү ижарага алышты. Шарабидин акенин кардарлары көбөйүп, кайсы жер болсо да издеп келип калышкан.
Цех иштеткен эжелеримдин иши токтоду сезонго карай. Цехте иштеген өзбек үй-бүлө да бир тыйыны жок отуруп калышты. Шарабидин аке кышы менен ошолорду бакты. Өзбек жигит Кахраман апендицит болуп, ооруканага түшүп калды. Чыгымын бүт Шарабидин аке көтөрдү. Аялы Рано канча жылдан бери төрөбөй жүргөн экен. Шарабидин акеден массаж алып, дарылоо курсунан өттү. О, парвадигар! – деп эле Кахраман бир күнү сүйүнүп келди. Көрсө Ранонун боюна бүтүптүр. Жазга чыгып ал өзбек үй-бүлө Ошко кетишти кайра. Балалуу болушуптур. “Сизни ака кыламан, бу хаятта Сизни унутпайман, Шаравидин ака!” – деп кеткен Кахраман. Андан кийин кабар болбоду алардан.
Ал арада 2005-жылкы март төңкөрүшү болуп кетти. Төнкөрүш болбогондо балким Аскар Акаевдин өзүн да массаж кылса керек эле Шарабидин аке. Анткени Аскар Акаевичтин агасы Болот аксакал да массаж алып, сыдыргычынын атагы Аскар Акаевге чейин жетип калган эле.
Төңкөрүштөн кийин Орусиянын Калининград шаарынан келген, түрлөнтүп шляпа кийген Адина Арыковна Турдубаева деген аял пайда болду. Тааныштардан угуп массажга келген экен, ал эже менен да аябай жакшы тааныш болуп калдык. Ошондо Бишкектин мэри Аскар Салымбеков болуп калган. Ал киши Адина эже менен тууганчылык жайы бар экен. Эже 12 микрорайонго үй салам деп чуркап жүрдү. Мен да анча-мынча жардам берип жаттым эжеге.
Шарабидин аке бир күнү эле башынан буу чыга тердеп, катуу сүйүнүп келди. Маршруткадан түшүп үйгө чейин чуркаптыр шашып. Кысылып кетем деп кур тагынбаган адаты бар. Шыпырылган шымын улам көтөрүп коюп жүрө берет. Улам чуркап, улам шыпырылган шымын көтөргөн бойдон жетип келди Шарабидин аке. “Үйлүү болдум, таксыр, үйлүү!!!” – дейт. Көрсө, Адина эже жаңы курулуп жаткан үйгө акчасын төктү деген квитанция жазып бериптир. Ал учурда курулуштун документтери да али бүтө элек болчу. Шарабидин Бакирович үйлүү болдум деп Ноокаттагы бала-чакалары, эки аялы, тууган-уруктары, баарына чалып коюптур. Бирок ал үй буйруган эмес экен. Адина эже “Азия курулуш” деген ишкана ачып, дүңгүрөтүп акцияларды өткөрүп, теле менен түстүү журналдардын бетинен түшпөй калган. Анан эле эч ким түшүнбөгөн жагдайда камакка алынып, азыр деле камакта жатат.
Шарабидин аке кылым кыргыздын массаж өнөрүнүн бир түрү – сыдыргы менен эл дарылап, оокат кылып келе жаткан сейрек адам. Анан да физикалык жактан аябай күчтүү, эки адамдын күчү бар азамат. Эркин күрөш боюнча Кыргызстан чемпиону болоордо спорт чиновниктеринин айынан экинчи орунду алып калган экен. Армияда турникке кыйын тартынчумун дейт. Бир жолу турникке 200 жолу тартындым дейт. Тартынуу 20 дан ашкандан кийин эле алгач взвод, анан рота, анан батальон, анан бүт полк чогулуп келип, кыйкырып санап турушту дейт. Двести!!! – дегенде аба жарылып кете жаздады кыйкырыктан. Молодец, киргиз! – деп полк командири колумдан кысты. Ошондон кийин службанын аягына чейин авторитет болдум деп айтып калаар эле Шарабидин аке. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи, раматылык Муратали Жуманов да бу кишиден массаж алып: “Чыканактай эле киши экен, ушу мени кантип массаж кылмак эле дегем бир көргөндө. Жыргаттыңыз, таксырым”, — деп ыраазы болгону дале эсимде.
Кыргызстандагы жападан жалгыз сыдыргычынын деле баркына жетпедик. Орусияга ишке кеткен азыр ал киши. “Орустун главный таможеннигин массаж кылдым, таксыр. Кыргызстанда 10 жылда таппаганды, Москвада бир айда таптым” деген акыркы жолу мага жолукканда.
5 жашар баланы да сиз деп сүйлөгөн сылык-сыпайы, жардамга муктаж мукураган адам болсо акыркы тыйынын да аябаган боорукер, майдаланбай шар жүргөн эркек, бей-бечаранын акысын жеп, зар какшаткан көркоолорду бир муштум менен ордуна койгон эр көкүрөк азамат, беш маал намазын калтырбаган такыба Шарабидин акени сагындым.

Нургазы Мусаев.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс