• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

И. Карыпбековдун түрдүү амалдарынан КТРКнын жамааты тажап бүтүшүп, эми ЖКнын депутаттарынан адилеттүүлүктү күтүшөт

Автор:ruh_admin

Май 25, 2018

 

1. И. Карыпбеков эки жыл мурда КТРКнын кызматкерлери үчүн ипотекага үй курабыз,үй курула турган жер аянтын чечип келдим деп мактанган болучу.(Жамаатка боору ооруп жатканын билдирип.) Бир жыл болду жер жөнүндө ооз ачпай калды.Жарым жыл мурда жер боюнча өз пикирин билдирген эки кызматкер соккуга кабылды.Бирөө азыркы күнгө чейин штатта отурса да иши жок кысымга алынган.
2. Штатта отурган журналисттердин айрымдары И Карыпбековго жакпай калса эле даярдаган көрсөтүүлөрү эфирден четтетилет же шылтоо табылып кызматтан кетет.(Жүздөгөн кызматкерлерди жумуштан айдагам деп өзү мактанып жүрөт.)Ал эми сырттан келген программалар арбын,алардын канчасы платный, ачык маалымат жок.Ушул тапта ЖК алдына КТРКнын Байкоочу кенеши отчет менен баруунун алдында бир жумадан бери КТРКнын түрдүү мазмундагы актанган атайын даярдалган инфографиялык маалыматтар берилип коомчулукту жана ЖКнын депутаттарына “коз боемочулук” башталды.
3. Карыпбеков Илимдин мактангандыгында чек жок.Ала-Тоо -24 каналынан эми эсине келгенсип “сот адилеттүүлүгү,соттордун кынтыксыз жүрүм-туруму, акыйкат чечим чыгарбаган соттор”деген суроолорду журналисттерге бердиртип,азыркы президенттин саясатын колдогон жетекчиге айлангысы келет.мурда Атамбаевдин башкаруусу учурунда канчалаган соттук териштирүүлөр акыйкатсыз болсо да “сот мыйзамдуу чечим чыгарды” деген бүтүм менен канчалаган сюжеттерди Ала-Тоо-24 каналынан бердиртип турду.

4. Карыпбековдун дагы бир айлакердигине айла жок кулөсүн” азыркы Президентибиз жана ЖКдагы айрым депутаттарыбыз Рамазан айында орозо кармап жатышыптыр, кудай жолуна КТРКнын кызматкерлерин дагы үгүттөгөн жетекчи көрүнгүсү келип,КТРКнын ичинде Намазкана ачууну көздөп,ремонт иштери жүрүүдө. КТРКнын жаңы имараты курулган күндөн баштап отуз жылга жакын туалет болгон болгон бөлмөнү намазканага айландыруунун үстүндө.Эй пенделер мусулмандар Ислам динин сыйлагыла, керек болсо Улуу хадистте жайнамазды таза жерге жайгыла деп айтылат.Ошентип кууланган Карыпбеков азыркы Президентке жагынам деп Кудайды тааныбай калды.Ал эми андан чоң бөлмөнү КТРКнын Байкоочу кенешинин башчысы Жыпар Жекшеевге берип,алдына килем төшөп киргизишип койду.

5. КТРКнын кадрлар бөлүмүнүн башчылыгына өзүнүн жердеши (Жумгалдын Түгөл-Сай айылынын келини) Зульфия аттуу женесин алып келип отургузду. Ал айым эми Карыпбековдун амалдуу саясатын кынтыксыз аткарып ЧИП системасы менен кызматкерлердин келген кеткенин минутасына чейин текшерип, чыгармачыл инсандарга “моралдык басым” күчөдү. Керек болсо февраль айынан берки ЧИПти текшерип, элдин баары жүдөп,тажаган элдин “тойдум байдын кызынан “ деп асты арыз жазууга камынып жатышат.

6. И Карыпбеков келген күндөн тартып КТРКда курулуш иштери жана ремонт жумуштары абдан катуу жүргүзүлүп, дубалдар талкаланып,айнекке алмашылып келүүдө.Имараттын айрым бөлүктөрү ыгы келбесе деле талкаланып,”айтор ал иштерге курулуш материалдары сатылып алынып тендерге катышты деген фирмаларга акчалар которулат.Эми болсо СССР убагында курулган КТРКнын башкы имаратындагы фойенин төбөсүн талкалап салышты.Ал жерге ремонттун зарылдыгы жок эле.Кыскасы Таластагы Кароол чокуну каздыргандай эле болду.Бул иштер Карыпбековдун пиар компаниясы аркылуу жасалууда.Ошол каражаттарды журналисттерге бөлдүрүп командировкага жиберүүнү суранса ,каражат жок деген жооп дайыма айтылат.Ушундан улам коомчулукту алдоону үйронүп алаган Карыпбеков жаш болсо дагы амалы шайтандыкынан ашат окшойт.Ишенбесеңер урматтуу Эл өкүлдөрү келип, Карыпбековдун курулуштары менен таанышып чыксаңар жакшы болмок.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс