Вторник , 25-Январь 2022
Башкы бет / Аналитика / С. Жээнбеков менен А. Атамбаевдин тиреши эмнеге алып келет?

С. Жээнбеков менен А. Атамбаевдин тиреши эмнеге алып келет?

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосун «кара теке» сүзүп, мамилеси сууп бараткандай. «Бай менен байбиче урушса, кул менен күң куймакта»-дегендей, бул үчүнчү деструктивдүү күчтөрдүн баш көтөрүшүнө алып келет. Азыр биздин аймак өтө кооптуу аймак. Орусия бекер жеринен Ошко аскер базасын ачууну көздөгөн жок. Ооганстандагы талибандар апийим сатышып, тишине чейин куралданган. Баткенде Акаевдин убагында анча-мынча моджахеддерге дипломат акча көтөрүп чуркадык.Талибандар жылса, Орусиянын акыркы моделдеги куралдары болбосо чымын чаккандай көрбөйт. Элдин пикиринде шкаласы нөлгө карап бараткандай сезилген мындай мамилелер, Сапар Исаковдун айтымында кайрадан жакшы жолго түшөт. «Эки дөө урушса ортосунда кара чымын өлөт»-дегендей Атамбаев менен Жээнбековдун сууп бараткан ынтымагынан Кыргызстан запкы жеши ыктымал:
1. Атамбаев президент кезинде мактап-сактап жаткан бийлик элитасы бүгүн Жээнбековду мактай баштады. Буларга ишенүүгө болбойт, анткени алардын позициясы жок, ким бийликте болсо ошону мактай беришет.
2. Атамбаевдин чыныгы командасы Сапар Исаков сыяктуу бийлигине кол шилтеп Атамбаев тарапка өттү, буларды басып коюуну ойлосо, эл көтөрүлүп, Бакиевдин тагдыры кайталанышы мүмкүн.
3. Ооганстандагы талибандарга окшогондорго таянып, Кыргызстанда халифат орнотобуз деген күч жанданат.
4. Атамбаев ичкилик болгону менен Чүйдө, Жээнбеков оң Адигине болгону менен Түштүктө өстү. Ошондуктан трайбализмди курчуткан Түндүк-Түштүк маселеси жаралат.
5. Жээнбеков бир жыл мурун 3 пайыздык кадыр-баркы менен Атамбаев менен СДПКнын колдоосуна таянып, президенттик шайлоодон өткөн. Атамбаев ал кезде каалаган адамын президент кылууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Ошондуктан бул эркектик кырдаалды көпчүлүк туура түшүнбөй калат.
6. Бүгүн Жээнбековду колдоп жаткандар, кызматы үчүн гана колдоп жаткандар. Кокус бийлик алмашса алар кийинки бийликти колдошот.
7. Атамбаевди революциялык жол менен козгосо болмок, бирок бул иш эч кимдин колунан келген жок. Ал эми эми козгоо жараны ырбатат. Ортодо пайданы үчүнчү күчтөр көрүп, экөөнө тең оор болуп калышы мүмкүн.
8. Атамбаев иштеди, далай адамдар менен урушуп талашты, кызматынан кетирди, камады. Ошонун баары Атамбаевге кек сактап турат. Философияда «Бары өтөт, бары алмашат» -деген кеп бар. Эртең бул иш азыркы президенттин башына түшсө, кимге таянат?
9. Атамбаевди бери жактагы кошоматчылар булгашты. Бери жакта туруп алып эле кошоматттанып ага «Кыргыз эл баатырын» беребиз, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна атын беребиз деп кыйкырып жатышты. Бүгүн алар башкага оошу мүмкүн.
10. ЖЭБди (ТЭЦ) ачууга барганда Атамбаев өтө турган жерлерди актап, сырдап, гүл айдап косметикалык ремонт жасашкан, анын ал жердеги аттиш-паттиш менен эмне иши бар?
11. Жаман нерселердин баарын мурунку бийликке шылтап, жакшы нерселерди жаңы бийликтики деш туура эмес. Биз СССР кезинде эле дотациядагы республика болчубуз. СССР тараган соң акчаны карыз албасак ким берет эле? Кээ бир мамлекеттер карыздарын кечип жатат.
Негизи Кыргызстан үчүн бул эки лидердин ынтымакка келгени эле дурус. Коркунучтуу аймакта турабыз, койнубузду башкаларга ачып бербейли.

Азизбек Келдибеков
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс