Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Аналитика / Чайкоочуга айланган байкоочулар же КТРКдагы «мафия»

Чайкоочуга айланган байкоочулар же КТРКдагы «мафия»

 

Ал эми «Кара жашикти» сындан арылтып, демократиялык жолго бурууга багыт бере турган Байкоочу Кеңеш – КТРКнын башында турган телибай тентекти тек коюп, анын көрсөткөн сыйына гана ыраазы. Катары тажрыйбалуу адистерден куралган мурунку Байкоочулар — негизги иштин көзүн билбегендиги жана жамаатка жасаган кара ниеттиги учун И.Карыпбековго сөгүш берип, кийин аны ашынган айлакердигинен улам жарым жылдан ашык өз отурумуна катыштыра албай жүрүп, акыры кетип тынды.
Андан кийин баш деректир арканды алыстан ыргытып, кийинки курамдагы Байкоочу Кеңеш шайланып келээри менен жол кире, тамак ашы, жатаканасынан бери каржылап, Ысык-Көлдөгү «Дельфин» пансионатына 3 күн эс алдырып келди. Келсе-келбесе да (чогула турган кабинеттери бар) төрага Ж.Жекшеев учун дагы бир кабинет бошотулуп, ремонттон өткөрүлүп, килем төшөлүп, айтор баш деректир экөөнүн ымаласы артып, ынтымакташып эле жатып калышты.
Ушундан кийин Жыпар аксакал байма –бай КТРКнын түз эфирлерине чыгып, мурда Атамбаевди кандай мактаса И. Карыпбековду жерге сууга тийгизбей мактоого өттү. Ара чолодо кеңештин курамындагылар кезек-кезеги менен баш деректирди жактап турбаса баштары ооругандай. Ушул эле учурда коомчулук Карыпбековдун каталарын санап, социалдык тармактар аркылуу кызматтан кетишин талкуулап жатышат. Байкоочу Кеңеш качан чогулуп, эмнени байкап, кайсы сунушту берип жатканы деле белгисиз… Апрель айында баш деректирдин отчетун каршы болгон Азамат Болгонбаевден башкасы бир добуштан кабыл алып, кайрадан эфир аркылуу мактап чыгышты. Бул кадамдары ЖКга берээр отчеттун алдындагы жагынуусу экенин коомчулук билип койгону туура. Кайрадан кайра мактанып чыга бергидей КТРКнын эфири И.Карыпбековдун же Байкоочу Кеңештин менчигиби? Ошол эле учурда «коллегия чечти» деген шылтоо менен эфир сурап кайрылган канчалаган каттар артка кайтарылып жатат? Эмне учун Байкоочу Кеңеш мындай калыссыздыкты эске албайт? Жамаат менен жолукпаган, алардын пикирлерин, сунуштарын укпаган, редакциялардын ишмердигине баа бере албаган, коомчулук эмнеге нааразы болуп жатканынан кабары жок Байкоочу Кеңештин кереги барбы? — деген суроо туулат. Аныгын айтканда, Байкоочу Кеңеш КТРКны көзөмөлдөбөй эле, аларды төрагасын баш кылып И.Карыпбеков көзөмөлдөп жатпайбы? Алмактын бермеги бар деп коюшчу беле?..
Улуттук идеологиянын рычагы боло турган каналга анын бир бөлүмүнө окшогон көз каранды Байкоочу Кеңештин канчалык зарылчылыгы бар? Чындыгында КТРКнын азыркы Байкоочу Кеңеши өтө алсыз, тагылган милдетин өз деңгээлинде аткармак турсун, түшүнбөгөн сыяктуу… Дегеле мекеме уюмдардын Байкоочулар Кеңеши андагы кемчиликтерге көз салып, сын пикирлерин айтып, таптакыр эле жетекчинин жакалап жатып албастан багыт берип, көмөгүн көрсөтүп турчу милдети бар го? КТРКнын баш деректири Байкоочу Кеңешти өзүнө «адвокат» кылып алганына жол болсун…
Коомчулукка байкалбаганы менен бул көрүнүш чынында КТРКчылардын кыжырын келтирүүдө. Илим интернетте пиар кылгандан башка КТРКда көйгөйлөр толтура. Мамлекеттик деңгээлдеги санарипке өтүү жаатында КТРКнын стратегиялык планына киргизилген каналдарды ачуу, материалдык техникалык базасын чыңдоо, өздүк ПТС техникасына ээ болуу сыяктуу аракеттердин ишке ашуу убактысы Карыпбековдун учуруна туура келип калганы болбосо, дал ошол жаңы ачылган каналдарды каржылоо, андагы кызматкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп берүү, кызматкерлердин айлык-маянасына, эмгек стажысына көнүл буруу, акчалай жана мамлекеттик сыйлыктар кимдерге берилип жатат? –деген суроолорду КТРК кызматкерлери Байкоочу Кеңешке эмес коомчулукка берүүгө аргасыз. Айтмакчы, редакцияларды башкарган продюсер дегендер дагы акыркы 3-4 жылдан бери « сен мага тийбе, мен сага тийбейм» деген ыкмага өтүп алышкан. И.Карыпбековдун айтканын айткандай, дегенин дегендей аткаруу менен жетекчи орундарда алды 15 аркасы 7-8 жылдан бери атасынан калган мурасты ээлегендей отурушат. Баш көтөргөн журналистти тизеге чаап, «капканга» салып бергендер дагы дал ошол продюсерлер. Сыйлыктар менен стимулдарга коомчулук баалаган көрсөтүүлөрдү даярдаган журналисттер эмес, Карыпбековдун кареги менен тен айлангандар же продюсерлерге кошомат жасагандар ээ болуп келатканы кашкайган чындык. Мындай көрүнүшкө КТРКнын ишмердигине баа бере турган мыйзамдуу орган катары Байкоочу Кеңеш жол бербеши керек эле. Ошентип, жылдар бою интригадан арылбаган КТРКга эми «мафия» кошулуп, ал гүлдөп, өнүгүп жаткан чак.
Кыйрата койчумун деген Карыпбеков кызмат ордун сактап калуунун аракетинен башка көзгө көрүнөөрлүк кандай натыйжа жаратты? Мүмкүн, менеджер катары мекеменин ичи тышына оңдоо жүргүзүп, кабинеттердеги жыгач эшиктерди ичиндегилер эмне кылып отурганы көрүнүп тургудай айнек эшиктер менен алмаштырып, кирип чыккандарды катуу көзөмөлгө ала турган чип системасын киргизип, анан интернетке отуруп алып жасаган иштерин пиар кылып, сын айткандар менен кайым айтышып отурган юрист соттолгондорду тартипке чакыра турган мекемеге башчы болсо көбүрөөк пайда келтирмектир? Ал иштен бошоткон 100 дөн ашык кызматкердин 4-5 и соттошуп, 10 го жакыны ооруканалап, ал тургай оорусу өтүшүп өмүрү менен кош айтышкандары дагы бар. Алардын баардыгына «өз арызын менен кет, болбосо статья менен кетесин» деген шарт коюлган. Баса, жумалык планерка учурунда «мен керек болсо кетип жатканымда дагы 7-8-адамды иштен кетиргенге үлгүрөм» дейт имиш, анчалык болгудай Карыпбековдун КТРК кызматкерлеринде эмне өчү бар? «Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска» дегендей анын атын жакшы жагынан чыгарып аткандар ал жердеги маңдай терин төгүп иштеп келаткан журналисттер менен операторлор го?..
Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт демекчи, Жекшеевге ай сайын, калган мүчөлөрүнө даталуу күндөрдө акчалай сыйлык ыйгарылып турат деген сөзгө ишенсек, анда Жогорку Кеңеш карышкырларга кой кайтартып алганын түшүнүшү кажет. Кыңыр иш кырк жылда билинет дешет эмеспи, айың кептин аныгы чыгып калаар күн деле алыс эмес! Эски курамдагы кеңештин мүчөлөрү КТРКдан кызмат сурап, тааныштарын ишке сунуштап, эң айласы кеткени бирден долбоорду кучактай жыгылганын ушул эле Карыпбеков өзү коомчулукка жар салганы бар. Ал эми пайда табуу үчүн сырттан канча долбоорду киргизип, кимдерди жарнамалап, кайсы атка минерди сындан калкалап жаткандары башка кеп. Анан калса ар биринин аркасында ачуулууга алдырбай, тумшуктууга чокутпай турган, аттап-тондоп жөнөткөн партиялар жана президенттик аппарат турат.
Ушундан кийин мен жеке баамымда КТРК жетекчиси Аткаруу бийлигинин көзөмөлүнө өтсө же мурдагыдай эле анын ишмердигине президент жоопкер болгону дурус окшойт –деген ойдо калдым… Дегеле, мамлекеттик идеологиянын башкы рычагы, улуттук маданияттын очогу болгон башкы телекөрсөтүү мекемесин юристтер менен укук коргоочулар эмес, бул чөлкөмдү аңдап түшүнгөн, ага тиешелуу бир эмес бир канча тепкичти басып өткөн тажрыйбалуу адис башкаруусу кажет. Ал эми формалдуу түрдөгү ар кимдин көзун караган Байкоочу Кеңешти жоюу маселесин көтөрүүгө мезгил жетти.
Карыпбековдун көрсөткөн жолу менен Байкоочу Кеңешти мындан ары «трамплин» катары колдонушаары турган иш, анткени анын курамына кирип күнгөй тескейин түшүнгөндөн кийин секирип кетүүгө өтө оңой шарт экени ырасталды. Демек, азыркы курамдын алсыздыгын ушундан көрсөк болчудай, алардын көпчүлүгүнүн ою КТРКнын ишмердигине салым кошуу эмес, эптеп жетекчилик креслого жетүү сыяктуудай.
КТРК кызматкерлери ушунун баарын көрүп, билип турганы менен тили кыска. Анткени иштен айдалган 100 дөн ашык кесиптешинин тагдыры башына келишин каалашпайт. Ошол эле учурда Байкоочу Кеңеш менен кошо Карыпбековдун качан кетишин күн санап күтүп, кудайдан тилеп отурушканы ачуу чындык.
Арийне, Карыпбеков бул соболго дагы актанып чыгаары бышык, анткени арманын айтып, зар какшагандар ачык баш көтөрбөсүнө ишенет. Ал эми жамааттагылар болсо макалада айтылгандар Карыпбеков кеткенден кийин анын жан жөкөрлөрүнө айланган кошоматчыларды ырастап берээрине ишенишет!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс