Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Дүйнө / Америка менен Россиянын ортосунда ядролук согуш чыкса, кыямат-кайым башталат

Америка менен Россиянын ортосунда ядролук согуш чыкса, кыямат-кайым башталат

Орустун ОРТсын көп көрбөйм. Бирок бүгүн Владимир Познер менен АКШнын мурунку коргоо министри Уильям Перринин маегин толук көрдүм.
Ал экөө Орусия менен АКШнын ортосунда ядролук согуш тутанып кетиши баланын оюнундай эле оңой экенин абдан ачык талкуулашты.

АКШнын мурунку министри: “Бир жолу түнкү саат 3тө мага телефон чалынды. Ал телефон АКШнын  абадан коргонуу кызматына таандык эле. Абадан коргонуу кызматынын офицери Орусиядан АКШга карай 400дөй ядролук ракета учуп келатат деп билдирди. Мен кыямат башталыптыр деп ойлодум. Офицер, токтой туруңуз, муну көрсөтүп аткан экран бузук окшойт. -деди. Көрсө, чындап эле экран бузук экен. Дагы жакшы экранды караган офицер зирек экен. Тек гана экран эмнени көрсөтсө ошону бизге айтып коюп, карап отура берсе эмне болмок? Ошол жаңылыш маалыматтын негизинде АКШ 10 мүнөттүн ичинде орусияга карай жүздөгөн ядролук ракетасын жооп иретинде учурмак. Анан Орусия АКШга карай учурмак. Ошону менен адамзат цивилизациясына чекит коюлмак. Жерде тирүү зат калмак эмес” -деди.

АКШнын мурунку коргоо министри Уильям Перри ушуга окшогон карандай катанын айынан кыямат башталып кетиши бир заматтык иш экенин жеткире түшүндүрүп айтты. Ал киши өздөрү жасап алган куралдан эми өздөрү коркуп жүргөнүн ачыктады. Ал, «Менин 11 неберем бар. Мен аларды ойлогондо ошол жарыша куралдануунун айынан өзүбүз ойлоп тапкан куралдануунун курмандыгы өзүбүздүн неберелерибиз болорун түшүнүп турам. Ядролук согуш тутанса дүйнөнүн түгөнүшү, кыяматтын башталышы 10 мүнөттүк иш» -деди.

Ушул сөздөрдү тыңдап отуруп, бу обу жок орус менен менменсиген АКШ урушпаса экен деп тиледим. Булар урушса али жакшыраак жашоону көрбөгөн Кыргызстан сыяктуу кедей өлкөлөр эч нерсени түшүнгөнгө да үлгүрбөй, бөөдө эле кырылып кетерин түшүндүм.

Анан, аттиң деп каңырыгым түтөдү. Бу дүйнө дегениң ушул эки державанын маанайынан ушунчалык көз каранды болсо, бу биздин эл жакшыраак жашоо, тыңыраак оокат, адилеттүүлүк эмне экенин көрбөй өтүп кетеби деп ойлодум.

Чындыгында эле кыргыз дегениң эмнени көрдү? Океан, деңиз ары турсун ушул эле Ысык-Көлгө жете албай жүргөнү канча? Али тыңыраак жашоого жетпей, орустун көчөсүн шыпырып жүрбөйбү.

Ушундан улам, бу эртең же бүрсүгүнү түгөнө турган дүнүйөнү элине бербей уурдаган аткаминер акелериме капа болдум. Жаңы үйлөнгөн жигиттерди согушка айдагандай кылып орусияга тентиткенине, кыз-келиндерибизди жоонун олжосундай кылып, башка элдердин кызматына салып бергенине капа болдум.

Элге бербей топтоп, элдин оозунан жулуп жыйган мүлкүң ошол 10 мүнөткө туруштук берсе кана? Ядролук апааттан мүлкүң эмес, өзүң аман калбайсың го. Ошо уурдап, тоноп жыйган мүлкүң менен өзүң кошо күйүп атканда аттиң дешке үлгүрөр бекенсин? Улутуңдан, мекениңден, жоро-жолдош досуңдан, айылдаш туугандарыңдан уурдап жыйган мүлкүң өзүнө да буйрубай каларын неге түшүнө албайсың?

Андан көрө тазараак иштеп берсең боло тууган! Мекендештериңе ошол убактылуу жакшылыкты, аз да болсо адилеттикти, бардарчылыкты болбосо да, жок дегенде убактылуу жумуш орунду тартууласаң боло, аткаминер тууганым!

Убактылуу дегеним, бу дүйнөнүн деле өсөрү эмес, өлөрү көрүнүп калган окшойт…

Оозуңа таш дээрсинер. Ыдырыс жинди болуп калыптыр дээрсинер.

Бирок ушунчалык татаал дүйнөнүн ажалы ушунчалык жөнөкөй, ушунчалык маанисиз, ушунчалык оңой экен да. Анан ошол 10 мүнөткө туруштук бере албаган уурулуктун, жемекейликтин, убарагерчиликтин, бет сатуунун кереги эмне дейм да… Же мен туура эмес ойлонуп атамбы, тууганым?

Ыдырыс Исаков,

журналист.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс