• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Бир ууч топурак…

Автор:ruh_admin

Май 21, 2018

Апам Алайдын кызы. Кабылан-Көл айылында төрөлгөн. Таята-таенемдерди өткөнүнө көп болду. Кабылан-Көлдө апамдын эки синдиси, эки иниси жашайт.
Былтыр өлүм алдында жатып, денесиндеги акыркы күчүн жумшап киндик каны тамган Кабылан-Көлгө барып келиптир. Таятам жылкы баккан жайлоону көрүптур, таенем жылкы сааган эски короону көрүптүр. Алар жаткан көрүстөнгө барып, атасы менен энесине куран окуп, дуба кылыптыр. Аны мен кийини уктум.
Кабылан-Көлдөн кетерде, ошол жердин бир ууч топурагын дасмалга ороп, койнуна катып келиптир.
…Кийин апамы жайга бергенде ошол бир ууч топуракты таекем…апамын жайына таштады. Эжемдин акыркы аманаты эле деп.

Балалык менен коштошуу

-Сиз, балалыгыңыз менен качан коштоштуңуз? – деп суроо берди жаш кабарчы кыз.
-Апамын көзү өткөндө, — дедим.
-Алты ай мурда апамды Ээсине бердим…аны менен кошо балагымын элеси да кетти… Анткени, бу жашоодогу балалыктын унутулгус күндөрү апамын ысмы менен бекем байланышкан.

Акыркы сөз

Апамын күнү, ичер суусу аз калып, эч үмүт калбай төшөктө жатканда…акырын шыпшынды.
-Жараткан жанымы албай, бир жылдай кое турса…ошону суранат элем, — деди апам.
-Бир жылда эмне, кылат элеңиз жарыктык… – деп сурадык.
— Махабаттын үйүнүн бүткөнүн көрүп кетет элем…( Махабат менин эң кенже карындашым. Үч жылдан бери үйү бүтпөй жаткан.) Аны үйүнө киргизип коюп кетсем…арманым жок эле, -деди апам. Жүрөгүм ийне сайгандай “тыз” этти. Өлүм алдында жатса да, эненин көөнү кызынын бүтпөй калган үйүндө турду.
…анан, -деди апам жансыз үн менен. –Эмки жылы сенин…жакшылыгың…мааракең ошого катышып кетсем да арман болбойт эле менде, -деди апам. Алсыз үн менен.
Апамын бул сөзү тамырымды сыздатып жиберди. Сыздатканы ушунча жакшылыктарымды, бийик наам алып, атак даңк алып аны белгилеп, элге окшотуп той берип, эл чакырып өткөрбөгөнүмө жүрөгүм сыздады. Алган даңкым түккө арзыбай турду. Апам ошо жакшылыкка катышам деп тилек кылып жүргөн экен да. Жүрөгүмөн жаш агып кетти.

Елизавета II ханышанын Букингем сарайында

2002-жылы менин өмүрүмдө түбөлүк өчпөс окуя болду.
Дүйнөнүн атактуу аристократы, Улуу Британиянын королевасы Елизавета II мени жеке коногу катары, кыргыздын жаш жазуучусу катары Букингем сарайына чакырды. Кыргыздардын арасынан жалгыз катыштым, буга дейре деле эч ким чакырылбаган экен. Дүйнөнүн атактуу адамдары окумуштуу, саясатчы, жазуучу, киночу, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, мурдагы улуу мамлекеттердин Президенттери катышкан бул салтанатка… алыскы Кыргызстандан жазуучу, драматург катары мен катыштым.
Улуу ханышанын сыйын, сыймыгын көргөндө… көзүмө тээ чаң баскан айылдагы апамы эстедим, эстегеним апам ушул Улуу Ханышадан сый алып жаткан мени көрсө, көрүп турса кана, ал сүйүнөт беле, сыймыктанат беле деп эстеп турдум.
Адабият, театр жаатында дүйнөлүк сыйлыктарды кийин да алдым… ошондо ошол кубанычымы көрүп апам турса кана дегемин. Тилекке каршы, аны көрө албады.

Карылар үйү…

Кече жакында Карылар үйүнө биринчи жолу бардым.
Ошол карылар үйүнөн апама өтө окшош кемпирди көрдүм. Куюп койгондой окшош экен. Ушунчалык да окшоштук болобу дедим ичимден. Жүзү, көзү, бою, сүйлөгөнү да окшош.
-Сиз менин апама аябай окшош экенсиз, — дедим. Кемпир оор ултунуп мага карады да, көзүнөн жарыгы жана түштү.
-Сен да… менин балама өтө окшош экенсиң…- деди.
Экөөбүз унчукпай тиктешип калдык. Мен кемпирден бир суроону батынып сурай албай турдум. Баласы тууралуу сурайын дедим эле.
-Балаңыз… – деп араң тилим күрмөгө келгенде.
Кемпир унчукту.
-Ал Сокулукта жашайт. Бир жылдан ашты мени ушерге таштап кеткенине, — деди.
Экөөбүз тең ушу саам, кемпир баласы, а мен апам тууралуу ойлоп турдум.
Кемпир тирүү жүргөн, аны ушул жерге таштап кеткен баласын күтөт.
А мен кемпирге түспөлдөш апамдын… күтүүдөн жоготуп алган апамды эстейм.

Эгерде мен…

Эгерде, менден энелерге кандай сөз жарашат деп сураса. Анда мен ойлонбой туруп айтаар элем.
Энелерге – Ыйык деген сөз жарашат. Бул сөздү Энелерге гана айтып, калгандарга бу сөздү колдонууга, бул сөздү айтууга тыюу салат элем.
Бүгүн Ыйыктардын – күнү. Энелердин Күнү.
Сиздерге жүрөктүн акыркы кагышы калганча… терең таазим…
Бу дүйнөдөгү жарыкты бизге бергениңиздерге…
Апа Сизге да…

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс