• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

Япондорду таң калтырып, голландиялыктарга кеңеш берген кыргыз жигит

Автор:ruh_admin

Май 19, 2018
Бул жигит — Пусуров Алмаз. Телерадио эфирлерди таратуу, ТВ, радиолорду монтаждоо, эксплуатациялоо, оңдоо боюнча Кыргызстандагы эң күчтүү адистердин бири. КТРден баштап Кыргызстандагы кыбыр эткен телевидениенин баарына Алмаздын колу тийген.

Дээрлик 70% телевидениелер Алмаздын кеңешине муктаж. Интернет менен эле тээ Баткендеги же Жалал-Абаддагы, Оштогу телелерди оңдоп койот Алмаз.
Алмаздын бала чагы менин көз алдымда өттү. Атасы раматылык Абиш ака жапжаш эле каза болуп калды. Удаама-удаа, чиедей жаш балдар институтта вахтерша болуп иштеп, 70 сом айлык алган Саламат эженин колунда калды. Дале көз алдымда турат Алмаз кичине эр жеткенден баштап, адырга чыгып таш чогултат эле. 3-4 бала биригип таш чогултушат да, анан “Зил”, “Камаздарга” сатышат. Өтө оор иш. Алмаз инилерин таш сатып бакты.
Атасыз жетимге ар ким акаарат айтат да. Пусур-Мусур дешип шылдыңдашат. Ошонун баары дале көз алдымда турат.
Алмаз 5 чакырымдай ОшТУга 5 жыл бою жөө-жалаң барып келип окуду.
Алмазды КТРде “Япон” дешет. Кебете-кепширинин окшоштугунан эмес, башы япондордон да катуу иштегендиктен. Бир кездерде япон аппараттары келгенде, аны орнотууга келген япондорду да таң калтырган дешет Алмазды. Барган телевидениесин гүлдөтөт Алмаз. Мурун ЭлТР чымырай берчү эмес беле. 10 доллар ажыратышса, ушуну чакчайтып берет элем деп жүрдү.

“Манас жаңырыгын” 2 жылда көтөрүп берди Алмаз.
Айылга үй салып көчүп кеткенине 2 жыл болду. Биздин айылда миң кыйын болсоң да, салган особнягың болбосо эч ким эмессиң деген философия жашайт. Теледегилердин көпчүлүгү айлыктан айлыкка өп-чап жашаары жашыруун эмес. Бирок Алмаз бир нече теленин ишин бир алып кетип отуруп, айылга келиштире үй салды. Эми Алмаз Төлөйкөндө түзүк эле авторитет. Акаси мен айылда азырынча никтомун.

Жакында бир голландиялык атактуу фирманын жасаган буюмуна Алмаз өзгөртүү киргизип бериптир интернет аркылуу. Анын сунушун кабыл алышып, буюмун кайра жасап чыгыптыр фирма. Анысы аябай ийгиликтүү болуптур.
Бир күнү эле паспорт копияны жөнөт деп жазып калышты дейт. Сюрпризибиз бар деп. Голландиялык фирма гонорарың деп 7500 евро жөнөтүшүптүр. Тооба кылдым. Биздикилер болгондо чай ичебиз же Алла ыраазы болсун деп кутулушмак.
Ван Гогдун урпактары Алмаздын мүмкүнчүлүктөрүн ошол жакта жатып алып эле сезишкенби, эми 5000 евродон айлык төлөп берели деп ишке чакырып жатышыптыр. Мен болгондо бүгүн жөнөмөкмүн. Жанагы Чыпалак Баатыр айткандай, сразу билет алмакмын. Алмазың болсо, бала-чакам кантет деп барбай коюптур.
Биздин Төлөйкөн айылдын балдары жарымы милийса, жарымы шоопур, дагы бир бөлүгү Оштогу телестанцияда иштешет. Балдардын телестанцияга иштеп калышына Россиядан окуп келишкен Сүйүн Ташиев тагамын, Жапар Умаровдун, Жаныш Максытовдун таасири тийген. Бирин-бири сүйрөп отуруп телестанциянын тең жарымын Төлөйкөндүн балдары ээлеп алышкан. Ошондуктан Оштогу Телестанцияны Төлөстанция деп коюшат.
Алмаз дал ошол техниканын тилин чагып, телестанцияны Төлөстанция кылып жибергендердин бири.
Жакында менин телефонум бузулуп, чоң трагедия болуп кеткен. Интернеттен бир телефон жагып калып, Алмазды Оштон түнү менен жол жүрүп уктап жаткан жеринен ойготуп кеттим. Тим эле катын алчудай толкунданып алгам. Сонун телефон экен. Алмаз бир нерселерин быжыратып ачып көрүп тандап берди. Бир топ тыйын жетпей калды эле, менин кошумчам болсун деп акча да кошту. Океан ар жагынан келген телефонум сонун иштеп жатат. Аны башка жолу мактап берем.
Ушундай бир асыл үкам бар. Фейсбукка микрофон, камера, ТВ тууралуу посттон башка эч нерсе чыгарбаган жалгыз киши. Ишенбесеңер Алмазбек Пусуров аккаунтуна киргиле!
Бөдөнөнүн сүтүн ичсе да, Путиндин өзү менен селфи кылып койгон болсо да чыгарбайт. Ушундай спокойный крутой парень.
Сендей иним бардыгына сыймыктанам, Алмаз! Бар бол! Канча жыл күтүп көргөн балдарың аман болсун. Айылдагы кайталангыс аял Саламат эжем узак жашасын.

Нургазы Мусаев
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс