• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

Жаркынбайга сапар

Автор:ruh_admin

Май 18, 2018
Жаркынбай акеге сапар боюнча баягыда бала Бишкекке келип, сулуулардын чайынан бир мүнөт да бошобой жатканда, араң бир убактысын таап жолугуп, чайлашып калганда сүйлөшүлгөн эле.

Жазды күтүп, эми жаз келди го деп Жакеме зыяратка жөнөдүм.
Ал киши маршрутка саат 6 да жөнөйт деп калчу эле деп, эртең менен саат 6 да звандадым. Көрсө саат 6 да Ак-Босогодон Ошко жөнөйт экен Жакем чыкчу маршрутка. Максатым дал ошол маршруткага чыгып, Жакем жазган сулуу келин-кесектерге көз кырымды салып кетсемби дегем деп эле калсам…
Алайлык Кубат ака автобусту автомобос деп жазат эмеспи. Жаркынбай ака да Кубат акени сүйүп окуйт экен. Мен да Кубат акани туурап, маршрутканы автомобос деп атоону туура көрүп турам.
Жакемин автомобосу Оштон 12 де чыгат экен. Мени көзү күлүңдөгөн, өмүрү бирөөгө зыяны тийбегендей майин айдоочу тосуп алды. Бишкектен келе жаткан Сизби? Жаркынбай ака чалды. Ордуңуз даяр. Жолкире акысын да да Жаркынбай ака берет, — деди күлүңдөгөн айдоочу.
“А, бала Алайда авторитет экен!” — деп, автомобоско түштүм.
Оштун, Бишкектин, Көлдүн, деги эле дүйнөдөгү бардык автомобостордон бул автомобостун айырмасы ныпым шашпагандыгында жана жүргүнчүлөрдүн бейкапарлыгында экен. Үч жарым сааттай жол жүрдүк, деги бир шоопурга акаарат келтирген бир жүргүнчүнү көрбөдүм. Болбосо ар жерден токтоп, бирөөлөрдү күтүп, алар арттан кууп келип отуруп, кээ бир айылдарда автомобос айылдын ичине чейин кирип кетип жатты. Гүлчөнүн автобекетине кирип, 10 мүнөткө деп токтогон автомобос жарым сааттай турду.
Ал жерден Жакемин өтө шайыр инилери чыкты. Бири алдыга, бири артка отуруп алып, бараар-барганча бакылдашып, салон менен бир болуп тамашалашып барышты. Кой жыттанган адамдар, чым денелүү келин-кесектер, туурук бет балдар… бир алпейим атмосферада бараттык.
Алай көркүнө чыгып турган кез экен. Тоолор тоого уланып, аскалар бирине бири окшобой ар бири өзүнчө кооз, өзүнчө кайталангыс. Испан, түрк же өзүбүздүн эле өзбектер болгондо ушул тоолорго бир суктанып кетмекке зар болгон канча миң туристти алып келип, кызылдай акча жасамак. Кыр-кырлардан жылтырап түшкөн күмүш булактарды айтасызбы, Американын Столовые горы деген атактуу тоолорунан да кооз, типтик тоолорду айтасызбы, бир кере жутканыңда чарчооңду унуткарган микробу жок тоолордун абасын айтасыңбы…
Кудай сүйгөн адам болсок керек: жылдап жалгыз жашаган Жакемин үйүндө тойго даярдык болуп, бака-шака түшкөн күнгө туш келиптирбиз.
Жакемин кыздары боорсок бышырып, каттама каттап, бала тансага түшчү бөлмөнү май жыттантып, камыр жайып отурушуптур.
Жакемин жаамы кыргыздын көңүлүн көтөрөйүн деп жазган ар бир посту чоң мээнет, сабыр менен жазылат экен. Интернет аябай начар, видеону дээрлик ачпайт экен. Ноутбугу да кашаң аттай чарчап бүтүптүр. Бир абзацтан турган постту жазуу үчүн эле жарым күн кетчүдөй.
Жакемин постторду Вот и все! деп бүтүрөрүн эми түшүндүм. Жазып алып, жүктөлүшүн күтүп отура бермей экен. Биздей сабырсыз, териси жука адам болгондо вот и все демек турсун, Надоело! Сгинь! Пропади! деп сотканы бир бурчка ыргытып, ноутбукту ташка бир чапмак.
Жакемин сабырдуулугуна, ушул жазуучулугун жанындай сүйөөрүнө таазим.
Жакем менен не бир сонун маек болду. Дүйнөлүк адабияттын дөө-шаалары: Джек Лондон, Хемингуей, Айтматовдор мүрзөсүндө бир оодарылып алды болуш керек. Кубат аканин керемет аңгеме, повесттерин кеп кылдык.
Мени менен чогуу барган Залкар молдокем да адабиятты көп окуган окумал, Алайдын канча айылдарына тарелка орноткон радио уста, сотка оңдогуч жигит. Жакем да Ак-Босого айылдын ар бир үйүнө тарелка орноткон, радиотехника менен осурагы сиңишкен киши экен. Экөөнүн сөзү бүтпөй койду.
Атаңдын көрү! Жакемдин кыздары кууруп берген Алайдын айтылуу куурдагынын даамы кетпей, алигиче таңдайымда турат.
Бир ниет кылып, Жакеме 3 күнгө, 40 күнгө, 4 айга зыярат кылып, чыгармачыл өргүү өткөрүп кетчүдөй экен. Ушундай ой келди мага. Бала үйүнө ишпианды алып келип койсо, кымыз жутуп, куурдак жеп жатсак, керемет чыгармалар жазылчудай…
Шашылыш элек. Жакем маркум аялынын башына зонтик кармап извезда болгон жерден, ошол извезда зонтикти кармап сүрөткө түштүк. Бири кем дүйнө! Ошол зонтик алдында уй саап жаткан жеңебиз арабызда болсо не, кызынын тоюна боорсокту өз колу менен бышырып отурса не деп ичибиз бир тыз этип алды.
Кетээрибизде бала таза осол кылды бизди. Келип-кетиш жолкиребизди чөнтөгүбүзгө ой-боюбузга койбой салып койду.
Жеңиш чокунун таманында, Алайдын алыскы бир айылында жатып алып, бүт кыргыздын көңүлүн көтөргөн керемет кишиге зыяратыбыз бир сонун түштөй болуп заматта өтүп кетти. Бул сонун түштү фотолор да айтып берет.
Бала бар болсун!
Вот и все!

Нургазы Мусаев

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс