• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

Рустам Маманов менен Рустам Воинов рейдерби же кытай мафиясынын курмандыгы болуштубу?

Автор:ruh_admin

Май 18, 2018

Табышмак

Ушул жуманын башында белгилүү меценат, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рустам Маманов менен коомчулукка аты анча белгисиз дагы бир Рустам Воиновдун бир убакта, бирдей УКМК тарабынан камакка алынышы көпчүлүгүбүз үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Бир чети УКМКнын коомчулук менен байланыш кызматы жаңылыкты айткан менен себебин жашырып, ого бетер табышмактантып койгондуктан, айрым маалымат каражаттары белгилүү мушкер “Александр Воинов камакка алынды” деп, анын сүрөтү менен жарыялап жибериши отко май чачкандай эле окуяга ашкере боёк берип койду окшойт.

Бирок эртеси күнү Александр эмес, Рустам Воинов кармалгандыгы такталды. Анткен менен Рустам анын бир тууган иниси, ишкер экендиги ачыкка чыкты. Ал эми Р. Маманов акыркы жылдары эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей, жеке ишкерлик менен гана алектенип, бирде мектеп окуучуларынын формасына конкурс жарыялап, бир туруп мыкты кыргыз бийине аламан байге сайып, бери жагы Баткен, ары жагы Брюсселге чейин журналисттердин сапарын уюштуруп, залкар жазуучу Ч. Айтматов тууралуу телекөрсөтүүлөргө демөөрчү болуп келаткан. Андыктан миллиондогон сомдорду ушундай улуттук жана маданий долбоорлорго сарптаган ишкердин каржы булагы кайдан болду экен деген суроо бар болчу.

Тилекке каршы акыркы маалыматтарга ылайык, коомдук ишмер Рустам Маманов менен ишкер Рустам Воиновтун камалышы чуулгандуу кылмыш иш менен байланыштуу болуп чыкты. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, мындан алты жыл мурун Кытайдан келген ири инвестор Гао Жин Вей Рустам Воиновтон кызылдай акчага Бишкектин Кулатов-Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги чоң жер тилкесин жана курулуш компаниясын сатып алган экен.

Гао Жин Вэй ал жерде 280 батирлүү «Даймонд Сити» аттуу көп кабаттуу үй курган. Андан көп өтпөй Гао Жин Вэйге анын сатып алган курулуш компаниясы, жер тилкеси жана өзү курган имараты ага таандык эмес болуп калганы белгилүү болот. Көрсө, Рустам Воинов жакында эле Президент С. Жээнбеков тарабынан ишеним көрсөтүлбөй кызматтан алынган өлкөбүздүн сот системасынын куратору Манас Арабаев аркылуу сатып алуу келишимин жокко чыгартып алган болот.

Муну Манас Арабаев өзү койгон Свердлов сотунун төрайымы Жаркеева Эльвирага тапшырма бердиртип кытай ишкердин бизнесин Р.Воиновго тартып берет. Кытай ишкери соттошуп баштайт. Мындан чочулаган Манас Арабаев Р.Воинов экөө тартып алган бизнести Саттаров аттуу үчүнчү адамга каттатып салышат. Ал кайрадан Э. Жаркеевага көмөктөшөт. Андан соң алар 280 батирлик үйдүн батирлерин тез арада сатышат. Квадраты 800–900 доллар турган батирлер айрым учурларда беш-ондоп пачкалап 300–350 доллардан сатылып кетет.

Ошол эле убакытта башка кытайлык ишкер Чен Мао Чундун түштүктөгү «Баткен майнинг» алтын кени жана Бишкектеги Панфилов паркынын жанында жайгашкан «Синхуа» аттуу рестораны дал ушундай рейдерлик жол менен тартып алынат. Сот системасынын куратору Манас Арабаев өзү жумушка орноштурган ДОСу, Биринчи Май райондук сотунун төрайымы Айнура Сатаровага оозду ачкан кытайлыктан бизнесин тартып алуу тапшырмасын бериптир. Кытайлык менен жергиликтүү өнөктөшү экөөнүн мыйзам чегинде түзүлгөн келишимдери сот аркылуу жокко чыгарылат дагы, кытайлыктын өзүнө иш козголуп, Кыргызстандан качууга аргасыз кылышат. Андан соң буга чейинки схемага ылайык, Чен Мао Чундун рестораны менен алтын кени тез арада сатылып, “Синхуа” рестораны бир заматта «Базилик», анан көп узабай «ПроКазан» деп ээси жана ысымдары алмашат.

Эки кытайлык качып кетүүгө аргасыз болушса дагы алар Кыргызстандан адвокаттарды жалдап соттошууга өтүшөт. Бирок андан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Акыры инвесторлор экс-президент А. Атамбаевге кайрылышат. Бирок Президенттен дагы эч кандай жооп болбойт. Ал эми бүгүнкү күндө, Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасындагы терс көрүнүштөргө сын айткандан тартып чет элдик инвесторлордун иштери кайра каралып, аларга козголгон иштер кыскартылып, тескерисинче рейдерлик кылган адамдар жоопкерчиликке тартыла баштады.

Ким билет, ушул окуя себеп болдубу же башка да былык иштери барбы, айтор ушул жумада Президент сот реформасын жана алардын ишмердүүлүгүн тейлеген, эл арасында “Соттордун Кудайы” аталган М. Арабаевди “ишенимден кеткендиги” үчүн деген берене менен кызматтан алды.

Айрым маалымат каражаттары болсо, кытайлык мафия өлкөбүздө бийлик алмашкандан пайдаланып, ар кандай негиздерди фактыга айлантып, жогорудагы эки кыргызстандык ишкерди каматууга жетишкендигин жазышууда. УКМК бүгүнкү күнгө чейин Маманов жана Воинов Рустамдардын камалгандыгы тууралуу кеңири маалымат бере элек.

А. Жапаров.

«Жаңы Ордо». №17 (590),  18-май, 2018-жыл

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс