• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

Парламент “памилиялары”

Автор:ruh_admin

Май 18, 2018

Тарс эткен тамаша

Өлкөдө саясый окуя курчуп турган учур. Сыртта кылкылдаган эл митингге чыгып, “Бийлик кетсин!” деп талап коюп турган кези. Парламенттин кезексиз жыйыны өтүп жаткан. Төрага добушун бийик чыгарып:

— Урматтуу депутаттар! Элдин талабын угуп атасыңар. Бириңер дагы сыртка чыккыңар келбейт. Аны билип турам. Кимден коркосуңар түшүнбөйм. Макул, эгерде чыккандан корксоңор, фамилия боюнча иш алып барабыз. Ар ким өзүнүн фамилиясы менен сыймыктанат. Туурабы? Рас, ушундай болгон соң, Коркмазов сиз элге чыгышыңыз керек. Баатырбеков дагы башын катпай, элдин сунушун уксун. Ошон үчүн депутат болуп келгенсиңер. Ал эми Батыров мырза сиз жөн отуруңуз. Сиздин кандай баатыр экениңизди жакшы билебиз. Сөз бүттү… — ​деп жыйынды улантууга киришти. Төрага залга көз жүгүртүп, “1-микрофон! Процедурный маселе” деди. Сөз алган депутат:

— Урматтуу төрага! Россиядан карыз сурап келүүчү мамлекеттик делегацияга эки депутатты кошуш керек болуп атат. Биз комитетте… — ​деп сөзүн улаганда, төрага анын сөзүн бузуп:

— Суракматов менен Сурабалдиева барат… Экөө тең компетенттүү мыкты депутаттар. Убакытты алба, отур! — ​деди өктөм. Залдан суроо берген депутат нааразы боло:

— Урматтуу төрага, Сиз өзүңүздүн полномериңизди билип жүрүңүз. Бул жер сиздин базарыңыз эмес. Эмне үчүн комитеттин сунушун колдобой, өзүм билемдик кылып жатасыз? Биз Арапбаев менен Казакбаевди сунуш кылабыз. — ​деди.

— Жолдош депутат, сиз коюп жаткан маселеңиздин саясый маанисин түшүнөсүзбү? Сиз биринчиден улут аралык маселени көтөрүп жатасыз. Экинчиден, Жогорку Кеңеште кыргыз калбай калганбы дебейби… Арапбаев, Казакбаев… анда Өзбеков, Түркмөнов дегендериң болсо кошуп ал. Рас иштегиңер келбесе, фамилия менен иштейбиз дедим го. Карыз алууга барганга Жутановду жиберген жокмун да. Же Тиленчиеваны жиберейинби? Кандай түшүнбөгөн немесиң? Сен ушинтип, Жамангуловго окшогондорду ээрчий берсең, оңбойсуң?.. Мына Жоошбаевден үлгү албайсыңбы…

— Дагы кайталаймын… Бул жер сиздин базарыңыз эмес, жолдош төрага. Жамангулов мине жаман иш кылыптыр? Эң туура маселелерди көтөрөт. Эмне үчүн аны колдобошум керек? Жакшы идея болсо, баарыбыз ээрчишибиз керек!..

— Жолдош депутат, Сиз саясатчы катары бышып-жетиле элексиз. Текебаевди ээрчигендер эмне болду? Кочкарова, Кочкоров, Кочкорбаевдер аз жерден калды го. Аны Жылкыбаев ээрчибей калбаганына шүгүр де… Илгери Байпакбаев дагы ошого илешип жүргөн дешип атат… — ​төрага суроо берип жаткан депутатка “отур” дегендей ишаарат кыла, төр жакка үңүлө, “Сөз Салымбековдо” деди.

— Урматтуу төрага, урматтуу коллегалар. Марат Кайыповдун мыйзамын колдоп берели. Экинчи аялды мыйзамдаштырбасак болбой калды. Анан ушул мыйзам долбооруна өзүмдүн толуктоомду киргизип жатамын. — ​деди залга көз жүгүртө. Төрага:

— Тынчтангыла, жолдош депутаттар! Тынчтангыла. Бул өтө олуттуу маселе. Керек болсо, ар бириңерге тиешелүү. Айта бериңиз, — ​деп сөзгө конок берди.

— Урматтуу депутаттар! Кытайлар биздин кыздарыбызды четинен алып жатат. Буга адекваттуу чара көрбөсөк болбойт. Ошондуктан, мыйзам долбоорунун статьясына бирден кытайдын кызын ала турган пунктту киргизүү сунушун киргизип жатамын. Бир жагынан улуу өлкө менен куда-сөөк болуп калсак жаманбы? Анан достугубуз дагы артат эле. Ошондуктан, Досалиевди, Жолдошбаевди Кытайга тажрыйба алмашуу үчүн жөнөтүш керек. Жолдошбаевди жакшы билесиңер, уяттуу жигит. — ​деп сөзүн аяктады.

— Урматтуу депутат, бул өтө шепитилный маселе. Бул иште уяттуу эмес, ыймандуу инсан керек. — ​деп төрага депутатка суроолуу тигилди.

— Жогорку Кеңеште ыйманды кайдан табабыз? — ​деп депутат кайра суроо узатты.

— Сиз парламентке шек келтирбеңиз, урматтуу депутат. Сиздин мыйзамыңызды ишке ашыра турган, биз сыймыктанган инсаныбыз бар. Ал — ​Турсунбай Бакир уулу. Кандай дедиңер? — ​деди эле, депутаттар шатырата кол чаап жиберишти. “5-микрофонду күйгүзүп койгула!” деди төрага.

— Ырахмат. Турсунбай Бакир уулу. Кара-Суу шайлоо округу. Урматтуу төрага, фамилия боюнча иштейбиз десеңиз, Керексизов экөөбүз паказ керектен чыгып калдык го деп аттым эле. Калыстыгыңызга, менин иш тажрыйбама баа берип жатканыңызга ырахмат. Аллах сиздин ыкыбалыңызды көтөрүп, Жараткан жакшылык нурун чачып турсун. Амин! Эми мен деле бу кысталактардын кыздарын карап жүрдүм эле өзү. Ушунча ишеним көрсөтүп жатсаңар, кантип актабай коё алам? Мыйзамды аткарыш керек да. Тез арада колдоп берели, урматтуу депутаттар. Анан бир маселе болуп, жатат? — ​деп төрагага кайрылды.

— Айта бериңиз… — ​деди спикер.

— Бир-эки Ажыкелерден ээрчитип алсам болобу?..

— Албетте. Чубак ажы, Рахматулла ажы менен кеңешсеңиз, маселеңизди чечип берет, — ​деген төрага, “Процедурный маселе. 1-микрофон!” деди.

— Урматтуу төрага, сиздин “процедурный” маселеңиз, “дурный” маселеге айланып баратат. Мен эртеден бери сөз сурап күтүп атам. Катын маселесине келгенде биринчи сөзгө чыгарасыз. Регламентти сакташыңызды талап кыламын. Анан, эмне үчүн сиз депутатты “бышып-жетиле элексиң” деп кемсинтип жатасыз? Бул жерде бардыгыбыздын укугубуз бирдей. Керек болсо, сизди биз шайлаганбыз. Акаевдин сунушун эмнеге колдобой жатасыз? — ​деди залдан сөз алган депутат.

— Мен Акаевди эч качан колдогон эмесмин. Колдобоймун дагы… Маселенин ток этер жерин айткыла. Башты ооруттуңар беймаани суроо бере берип. Эс алалы туугандар. Скрипкина каякта?.. Чакыргыла!.. — ​деди төрага.

— Бу кандай төрагасыз? Каалаган кезде эс алам, каалаган кезде чогулуш өткөрөм дейсиз… Биздин пикирибизди эске алышыңызды талап кыламын! — ​залдагы депутат туталана үн катты. Төрага ордунан козголуп:

— Жолдош депутат… — деп сүйлөй баштаганда, анын сөзүн бузуп:

— Менин фамилиям, “Жолдош депутат” эмес, менин фамилиям Масалиев, — ​деди тиги туталанган эл өкүлү. Төрага күнөөсүн мойнуна алгандай, аргасыз жылмайып:

— Макул, кечирим сураймын. Давай… Ишке өтөлү. “Борбордук микрофон! Процедурный вопрос”, — ​деп сөзгө кулак төшөдү. Трибунага келген депутат көз айнегин тагынып, тегеректи кыдырата карап, сөзүн улады:

— Урматтуу төрага, биздин комитетибиз “Кумтөр” алтын кенин иликтеген комиссияга Балтабаев, Шер Болот, анан Безбородованы сунуш кылабыз. Ушуну колдоп бергиле… — ​деди ишенимдүү. Анда төрага сөз алып:

— Жок. Бул маселе жогору жактан чечилген. Ал комиссияга эки эле депутат кирет. Алар: Алтынбеков менен Тиллаев. Экөө тең мыкты жигиттер, — ​деди. Сунушу өтпөй калган депутат төраганын маңдайына келип:

— Сиз парламентти жөн эле базарга айландырып таштадыңыз. Мен сизди колдобоймун. Эгер фамилия менен иш кыла турган болсок, анда Төрөбаевди алып келели. Мине эле өзүм билемдик кылып атасыз. Сиз ишенген балдарыңыз артык кылам деп тыртык кылып жатышат. Сизге ишеним көрсөтпөйм. — ​деп столду бир чапты. Анда төрага:

— Биринчиден, тартипти сактаңыз, урматтуу депутат. Экинчиден, бирөөнүн фамилиясын айтканда этият болуп сүйлөңүз. Рас, сөз Артыков тууралуу болуп жаткан соң, сөз Артыковдо, — ​деп залга тигилди. Артыков:

— Урматтуу коллегалар. Бири бирибизди сыйлашканды унутпайлы. Чынын айтканда, азыр жээнден бек чыккан заман. Ошондуктан, ойлонуп сүйлөйлү, — ​деди. Ортоңку трибунада кетпей турган депутат:

— Жакшы экен. Андай болсо Жээнчороевди төрага кылып шайлап алалы. — ​деди.

— Сен түшүнбөй калдың, иним, — ​деди Артыков. — ​Азыр чоролордун заманы эмес. Жээнден бек чыккан заман. Ошондуктан, ушул бойдон эле иштей берели. Өткөндө Атасы байлар үчүн атайын мыйзам долбоорун сунуш кылсам колдобой койгонсуңар. Мен ошо мыйзамды Жээнден бек чыккандарга өзгөртүп алып келдим. Ушуну колдоп бергиле. Кандай дейсиңер?, — ​деп депутаттарга суроолуу кадалды. Анда депутат Акаев:

— Жакшы мыйзам экен. Бир мүнөттө кабыл алып беребиз, — ​деди төр жактан.

Парламент тынчтыкка бөлөндү. Төрага негедир мулуйуп, курсант. Ушул демилге жакты окшойт.

Шекербек КАЛЫКОВ

«Жаңы Ордо». №17 (590),  18-май, 2018-жыл

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс