• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

Таластагы “Жер-Үйдө” “жети баштуу” коррупция бар…

Автор:ruh_admin

Май 12, 2018

Кен генералдык келишими жок эле иштей береби?

Бул кенди билбеген кыргыз жок десек болот. Ал “Кумтөрдөн” эле кийинки алтын кен болуп саналат. “Жер-Үйдүн” чындыгы, анын кечээгиси жана азыркы абалы, бул алтын кенде Кыргызстандын канча пайыз үлүшү бар?” — ​деген суроого кыргыз коомчулугу абдан кызыгып турат. Бул суроолорго ынанымдуу жооп алыш үчүн “Кыргызстан тоо-кенчилер Ассоциациясы” түзүп чыгарган “Жер казынасы мыйзамындагы көйгөйлүү маселелер”, 2017-ж. жана “Тоо-кен тармагы экономиканын өнүгүү булагы”, 2016-ж. китептер боюнча даярдалган төмөнкү маалыматтарды кунт коюп окуп чыгыш керек.

Негизи, “Жер-Үй” алтын кени 1968-жылы ачылып, 1986-жылы кендин кору ошол кездеги эсеп менен 74,7 тонна алтыны бар экендигин СССРдин мамлекеттик запастар боюнча комиссиясы бекиткен. Бирок, кийинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул жерде 100 тоннадан ашык таза алтын бар экендиги аныкталган. Ошентип, 1986-жылы техниклык-экономикалык эсептөөлөр түзүлүп, СССРдеги Түстүү металлдар министрлиги бекиткен жана аны өздөштүрүүгө иштер башталган. Ал “Талас алтын комбинаты” деп аталып, Кыргызстандагы “Талас алтын бирикмесине” баш ийген ишкана болуп түзүлгөн. Бирок, 1991-жылы Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондугуна байланыштуу Союздагы министрликтер жоюлуп кетти. Каржылоо жагы дагы токтоп, 1991-жылдын ноябрь айында Кыргыз Өкмөтүнүн № 542/10 токтомуна ылайык бул курулушту “Кыргыз тоо-кен комбинатына” өткөрүп берүү жагы каралган.

Ал эми 1992-жылы өлкөбүздө эң жакшы иштеп жаткан, эл арасында белгилүү тоо-кен комбинаттарды бириктирген “Кыргызалтын” аттуу мамлекеттик концерн түзүлгөн. “Жер-Үйдөгү” алтын комбинатынын курулушу да түздөн-түз бул компанияга башкарууга өткөн. 1993-жылдын май айында “Кыргызалтын” мамконцерни менен америкалык “Морисон Кнудсен Голд” аттуу фирманын ортосунда “Жер-Үй” алтын кенин өздөштүрүү жөнүндө генералдык келишим түзүлүп, ошол кездеги Өкмөт тарабынан бекитилген. Ага ылайык “Жер-Үй Голд Компани” аттуу биргелешкен ишкана мамлекеттик каттоодон өткөн. Бирок, кандайдыр бир себептер менен 1996-жылдын май айында биргелешкен ишкананы жоюу боюнча чечим кабыл алынган. Ошону менен америкалык фирма Кыргызстандан кеткен.

1997-жылы болсо “Кумтөрдү” иштетип жаткан “Камеко” компаниясы менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Белгисиз себептер менен ал сүйлөшүүлөр да ишке ашкан эмес. Ошол эле 1996–1997-жылдары Россиялык Атом министрлиги 4 жолу “Жер-Үй” боюнча биргелешкен ишкана түзүү боюнча сунуштар менен Кыргыз Өкмөтүнө кайрылышкан, бирок ылайыктуу жооп болгон эмес. Россиялыктардын кызыкчылыгы мурда аларга баш ийген, дүйнөгө белгилүү “Кыргыз тоо-кен комбинатын” сактап калуу болгон. Маселен, ошондой эле комбинаттар Өзбекстанда азырга чейин эң жакшы үзүрүн берип жатат.

Анан 1997-жылдын октябрь айынан баштап британиялык “Оксус Реосурсус Корпорейшин” фирмасы менен сүйлөшүүлөр башталган. 1999-жылы “Талас Голд Майнинг компании” жабык акционердик коому түзүлгөн. Бул компания 2003-жылдан ишин баштап, 2006-жылдын август айында комбинатты ишке киргизүү боюнча график түзүп, бүткүл шаймандарына заказ беришкен. Тилекке каршы, 2005-жылкы революциядан кийин 2006-жылдын 23-майында ошол кездеги Өкмөт № 377 токтомуна кол коюп, ага карата “Глобал Голд Инк” аттуу белгисиз чет элдик фирмага “Жер-Үй” кени өткөрүлүп берилген. Бирок, ал кездеги Жогорку Кеңеш Өкмөттүн бул токтомуна карата 2006-жылдын 29-майында № 1009–3 токтомун кабыл алышкан. Анда мындай жазылган:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 377 “Жер-Үй” алтын кенин өздөштүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө” өзүнүн токтомун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген катары жокко чыгарсын жана “Жер казынасы” жөнүндө КР мыйзамына ылайык анын ачыктыгын камсыз кылуу менен “Жер-Үй” кенин иштетүүчү компанияларды аныктоо боюнча тендер өткөрүлсүн”.

Кейиштүүсү, бул токтомду Өкмөт ошол кездеги өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин көрсөтмөсү менен аткарган эмес.

Ал эми 2007-жылдын октябрында инвестициялык “Vizor” аттуу топ (группа)“Глобал Голддун” “Жерүйалтын” жабык акционердик коомдогу үлүшүн 130 миллион долларга сатып алат. 2009-жылдын октябрь айында болсо “Vizor” тобуна тиешелүү акцияларды “Кыргызстандагы өнүгүү фондусу” тартып алат. 2010-жылдын декабрь айында “Жер-Үй” кенин иштетүү боюнча № 639АЕ лицензиясын Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги жокко чыгарат. Ошондон баштап көптөгөн соттук териштирүүлөр орун алганы белгилүү. Албетте, “Vizor” жөн калбай Кыргызстанга жарым миллиард долларлык доо коюп сотко кайрылганы белгилүү…

Жогорудагы кыскача маалыматтар “Жер-Үй” боюнча түгөнбөгөн чырдын “биринчи эле сериясы” десек болот. Ушундай нерселерден улам адистердин айтымында, Кыргызстандын технологиясы жөнөкөй бир топ кендери ушул убакка чейин иштебей турат. Өлкөбүз эгемендикке өткөндөн бери тоо-кен тармагы бир системага түшүү менен элге, өлкөгө пайдасы тийбей турганы — ​мындан мурдагы жогорку бийликтегилердин маданиятсыз, билимсиз болушунан, наадандык мамилесинен жана бул тармакты коррупция толук басып алган башаламандыктан деп билсек болот. Башкача сөз айтуу жарашпайт.

“Жер-Үй” алтын кенининин “экинчи сериясы” 2010-жылы болгон бийлик алмашуудан кийин башталган. Маселен, 2014-жылдын октябрь айында Өкмөттүн № 450-р буйругу менен жарыяланган конкурстун жыйынтык отуруму 4-майда өтүп, кендерди иштетүүдө эч тажрыйбасы жок жеке менчик “Восток-геологодобыча” фирмасы жеңүүчү деп таанылган. Бул чечимдин туура эместиги боюнча Кыргызстан тоо-кенчилер Ассоциациясы ошол кездеги Өкмөткө “токтом негизсиз болуп, кыргыз элинин кызыкчылыгы эске алынбагандыгын” тастыктаган далилдери менен кайрылышкан. Бирок, андан эч жыйынтык чыккан эмес. Тактап айтканда, кандайдыр бир бүдөмүк бүтүмдөр менен эле “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү уруксат кагазы (лицензия) россиялык “Восток-геологодобычага” өтүп кеткен. Бул жерде 100 пайыз мамлекеттик акциясы бар “Кыргызалтын” ишканасы өздөрүнүн эң жакшы шарттарды койгондоруна карабай утулуп кала берди…

Бул конкурстун кантип өткөнүн азыр укук коргоо органдары ийне-жибине чейин иликтеп чыгууга милдеттүү. Анын кандай өткөнүн тоо-кенчи адистерден сурашса эң сонун айтып беришет.

Азыр дагы ““Восток-геологодобыча” 100 миллион доллар бербедиби, ага биз Кыргызстан боюнча 100 мектеп курбадыкпы” — ​деп айтчулар четтен чыгат. Туура, россиялык тажрыйбасы аз компания Кыргызстанга 100 млн доллар бергени анык. Бирок, ал акча “Жер-Үй” алтын кенин иштетүүгө уруксат берүүчү кагаздын (лицензиянын) эле баасы. Дүйнөлүк практикада кенди иштетүүчү компания менен мамлекеттин ортосунда сөзсүз генералдык (башкы) келишим түзүлөт. Ал Өкмөттөн өткөндөн кийин Жогорку Кеңеш карап бекитип берет (ратификациялайт). Бүгүнкү күнгө чейин бул мамлекеттик расмий документ жөнүндө сөз да боло элек, өзү да жок. Демек, “Жер-Үйдү” иштетем деген “Восток-геологодобыча” ал жерде мыйзамсыз эле басып жүрүшөт. Ырас, генералдык келишим болбогондон кийин өтө жакшы жерде жайгашкан, казууга да оңой болгон “Жер-Үй” алтын кенинде Кыргызстандын 1 (бир) пайыздык дагы үлүшү жок дегендикти эмне деп түшүнсөк болот!? Ошондуктан, “Жер-Үйдө” “жети баштуу өтө чоң коррупция” бар деп айтып жатабыз.

Азыркы учурда жаңы түзүлгөн “Алянс-Алтын” жоопкерчилиги чектелген фирманын бирден-бир түзүүчүсү “Восток-геологодобыча” болуп саналат. Алардын жеке өздөрүнүн иликтеген эсептөөлөрү боюнча “Жер-Үй” кенин иштетүүдөн жалпысы 2,9 миллиард (дээрлик 3 миллиард) доллар киреше түшөт. Мунун ичинен кетирген чыгымдарын, салыктарды, айлыктарды алып салганда 1 миллиард 533 миллион доллар таза киреше түшөт. Алар менен мамлекеттин ортосунда генералдык (башкы) келишим жок болгондуктан, тактап айтканда, “Алянс-Алтын” фирмасында Кыргызстандын үлүшү “0”% болуп (эч кандай үлүшү болбогондуктан), 1 миллиард 533 миллион таза киреше түп-түз бойдон “Восток-геологодобычага” кете берет да, Кыргызстандын бюджети үлүш катары “Жер-Үйдөн” жети тыйын да ала албайт. Бул деген жеткен шермендечилик! Мамлекеттин өз укугун билбеген алсыздыгы.

Бүгүнкү күндө “Алянс-Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомуна кенди иштетүүгө лицензия 2015-жылдын 28-августунан баштап, 20 жылдык (2035-жылга чейин) мөөнөткө берилген. Азыр бул ири кенди — ​кыргыз элинин байлыгын иштетүүдөн Кыргызстанга таза пайданын канча пайызы түшө турганы жана өндүрүштү башкарууну тактаган так генералдык келишимди тез арада түзүү керек. Бул маселени Президент Сооронбай Жээнбеков өзү жетекчиликке алып, негизги ишти Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жүргүзүш керек. Маселе эмне үчүн ушундай болуп калган деп тергөө органдарына тез арада тапшырма берүү зарыл. Албетте, Өкмөт карап бүткөндөн соң Жогорку Кеңеш талдап, колдоп берүүсү абзел. Бул маселе тез арада чечилбесе, анда “Кумтөрдөн” да жаман коррупция орун алып, саясый жана экономикалык абал өтө оор болот.

Мындан башка эмне деп айта алабыз, жогорудагы акыйкат фактыны мамлекет тез арада аткарыш керек. Коррупция өзү “мына бул жерде турам” деп бакырып жатса, аны ошол турган жеринен жок кылбасак, анда коррупция менен күрөшөбүз дегенибиз жөн эле кургак сөз болуп калат. Бул материал Президентке, Өкмөт башчысына жана Жогорку Кеңешке эле түздөн-түз багытталбастан, тиешелүү бардык укук коргоо органдарына да тапшырма катары жазылганын эскерте кетели.

Даярдаган

Азизбек ЧАМАШЕВ

«Жаңы Ордо» гезити. №16 (589),  11-май, 2018-жыл

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс