• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

П. РАХМАНОВ: «ТЕКЕБАЕВ ЫРАЙЫМСЫЗ, КЕКЧИЛ КИШИ ЭКЕНДИГИН БААРЫ ЭЛЕ БИЛЕ БЕРБЕСТИР…»

Автор:ruh_admin

Май 5, 2018

Көтөнзордук

Аты соңку тарыхта кала турган атактуу казыначы Шоопурдун мезгили саясий жалаакорлук менен укуктук көтөнзордуктун доору катары элдин эсинде калаары талашсыз. Бул доордогу болуп көрбөгөндөй зомбулук тээ Майрам менен Максимдин доорундагы 20 жылдык көтөнзордуктарды бириктирип салыштырганда да тең келбестиги түшүнүктүү. Коомчулукка маалым болгондой, соңку 6 жылдын ичинде кыргыздын ондогон мекенчил азаматтары ак жерден жалаага кабылып, абакка ташталып, элдин акыйкатка, мыйзамдуулукка болгон ишенчи жок кылынды. Коррупциянын деңгээли болуп көрбөгөндөй өстү. Саясий өңүттө камалгандардын дээрлик баарын Атамбаев акаевчилер жана бакиевчилер катары — ​элдешкис душман катары эсептеп, куугунтукка алып келди. Мына ошондойлордун бири, жасабаган кымыштары үчүн үй-мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөөгө кесилген 63 жаштагы Рахманов Пайзуллабек Паязбекович. Ал Атамбаевдин абагынан кутулуп келип, ушу күндөрдө саясий буйрук аткарууга адистешкен УКМК тергөөчүлөрү жана соттор тарабынан жалаа деген нерседен токулган өкүмдүн үстүнөн даттануу жазып, сотко берүүнүн алдында турат.

-Мен антип айыпталганым менен эч качан кылмыш кылган да эмесмин, бакиевчил болгон да эмесмин, — ​дейт ал. — ​Себеби, мен президент Бакиевдин сунушу менен губернатор, министр же бир башка номенклатуралык кызматта иштеген эмесмин. Эгерде менин Свердлов районунда аким, Госзакупканын төрагасы болуп айрым бир убактарда иштегеним тууралуу айта турган болсок, анда акимдикке Үсөн Сыдыковдун, Госзакупкага Медет Садыркуловдун сунушу менен дайындалгам.

Ак жерден зомбулукка кабылып, түрмөгө түшүшүмдүн башталышы — ​Текебаевдин каарынан улам башталды. 2000-жылы Жогорку Кеңешке шайлоолордо ага атаандаш болгондугумду “атактуу атаандашым” жана жердешим кечирбей койду. Ошол жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо райондук сот Текебаевди одоно мыйзам бузуулары үчүн саясий кампаниядан алып салган. Бирок, ал Акаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен депутаттык мандат алууга жетишкен.

— Айткандарыңызга ынынымдуу далилдер барбы?

— Мен далилсиз сүйлөп көргөн адам эмесмин… Текебаев кекчил, ырайымсыз киши экендигин баары эле биле бербестир. Текебаев 2010-жылы 7-апрелде алдын ала өз душмандарынын тизмесин түзүп, даректерин тактап, менин үйүмө 7 кара джипте 28 автоматчан немелерди жиберген. Алар мени түнкү саат 3кө чейин издешип, таппай, кайра кетишип, эртеси инимдин дачасынан издешип, тинтишип, ал жерде 10 күндөй чардашып, булгап, талкалап-тоноп кетишкен.

— Сиз бул учурда кайда элеңиз?

— Мен үйдө эле болчумун. Текебаевдин автоматчандары менин башыман сылап койбостугун түшүнүп, эртеси Россияга чыгып кеттим.

— Ал жакта жүрсөңүз душмандарыңыз сизди кантип кармашты?

— Мен Кострома шаарындагы орус букарасы болгон бир тууган карындашыма барган элем. Ал жердеги кыргыздар мага Россияда биротоло калып, кыргыз диаспорасын башкарып бериңиз деп сунуш кылышты. Ошондо мен паспортумду каттоодон чыгаруу үчүн 2010-жылдын 18-апрелинде кечинде Бишкекке учуп келдим. 80ден ашкан атам ооруп калгандыктан, эртеси Жалал-Абад шаарына келип, атам дарыланып жаткан мекемени көздөй обладминстрациянын жанынан өтүп баратсам — ​ал жерде 70–80дей аялдар, өспүрүмдөр ызылдап турушуптур. Кызыгып токтодум. Мени көрүп, президенттин жардамчысы Равшан Жамгырчиев келип калды. Ал мага президент Бакиев өлкөдөн чыгып кеткендигин, аянтта турган жаштар бензин даярдашып, караңгы түшкөндө облСНБынын, облпрокуратуранын имараттарын өрттөгөнү жатышкандыгын, ошондуктан, жаштарды жамандыкка барбагыла деп айтып коюумду, белгисиз адамдар элди видеого тартып жаткандыгын айтты.

Аянттагылар мени ороп калышты. Мен аларга эл аралык коомчулук, ОДКб өлкөлөрүнүн мүчөлөрү 7-апрелдеги кандуу окуя аркылуу болгон төңкөрүштү тааныбастыгын билдиришкендигин, мамлекеттик төңкөрүш жасагандар сөзсүз жоопко тартылаарын айттым. Бир декрет менен убактылуу өкмөтпүз деген 10 чакты неме Конституцияны, Жогорку Кеңешти, Конституциялык сотту, Жогорку сотту, Кыргыз өкмөтүн — ​бүт мамлекеттик түзүмдү жокко чыгарып койгонуна, мен мындай болсо, анда ошол органдардын бир тыйынга турбай калгандыгын айттым. Бул сөздөрдү журналисттер да уккан. Бирок, күч органдары буйрук аткаруу максатында менин ошондо айткандарымдан кылмыштын белгилерин табалбай, өздөрү токуган фактыларды пайдаланышып, эч бир далилсиз мага карата сырттан тергөө жүргүзүп, Кыргызстанга келгенимден кийин, өзүм кайра-кайра официалдуу түрдө сурансам да, бир да жолу сурак кылбастан, Жалал-Абадда чогултулган жана кыргыз тилинде жазылган тергөөнүн сценарийин жана материалдарын орус тилине которуп жатып, атайылап маанисин өзгөртүп которуп, сотко өткөрө салган.

Ошол эле учурда мен мекенчил, улуу адам катары чогулгандарды мыйзамсыз аракеттерге жол койбоого чакырдым.

Эл мени губернаторлукка сунуш кылышты да, айрым адамдар тарабынан кээ бир мекемелер талкалоого, өрттөөгө дуушар болбосун деп, кырдаалды көзөмөлдө кармоо үчүн губернатордун кабинетине кирип, 2 сааттай отурууга мажбур болдум. Эч качан губернатордун ордуна умтулган эмесмин

— Имаратка кирип баратканда милиция менен кагылышуу болгон жокпу?

— Жок. Он чакты милиционер тоскоолдук кылбай, четте карап турду. Эл менен кабинетте кырдаалды талкуулап отурсак, бир аял кирип келди. Ал губернатордун орун басары экендигин, акыркы бир нече күндөн бери облус боюнча эч бир мекеме, анын ичинде облустук ички иштер башкармалыгы да иштебей жаткандыгын айтты. Мен төңкөрүшчүлөрдүн мыйзамсыз аракеттерин эч качан тааныбастыгымды, мектептер, окуу жайлары, ишкана-мекемелер токтоосуз иштей башташы керектигин, жардамга муктаж болгон категориядагы адамдарга карата камкордуктарды токтотпоо зарылдыгын, эң башкысы коомдук тартипти бузууга жол койбоо керектигин айттым.

— Андан ары эмне болду?

— Ал жерде 2 сааттай болдум, атамдан кабар алып, андан соң Базар-Коргонго — ​үйүмө кетип калдым.

— Андан ары…

— Топтолгон эл ошол жерде түнөп калган болчу. Ошондуктан, эртеси саат 10го жакын обладминстрацияга келдим. Имаратка кирип баратсам ички иштер министринин 1-орун басары Бакыт Алымбеков чалды. Ал: ”Пайзуллабек ака, облуста сизден башка эч ким калбаптыр. Кубаныч Төрөбаевди Болот Шерниязов УВДга начальник кылып дайындаган буйрук чыкты. Факстан жөнөтөбүз. Төрөбаевди коллективге алпарып тааныштырып, ордуна отургузуп коюңуз” деди. Айткан немеси ошол учурда жанымда турган экен — ​лып этип келе калды. Ичкери кирсем, обладминстрациянын залында губернатордун аппараты чогулуп калган экен. Мен кабинетке кирбестен, залдагыларга жолуктум да, Төрөбаев менен УВДынын имаратына келдим. Келсек, ал жерде 30–40тай таяк кармаган жаштар туруптур. Учурдан пайдаланып, мен аларды тартипти сактоого чакырдым Имаратка кире турган темир тосмо ичинен кулпуланган экен. Тигилер эшикти ачкычакты болбой, Төрөбаев мага мындай деди: “ака, сиз кете бериңиз, факстан мен тууралуу буйрук түшсө кабинетке өзүм барып отура берем” деди. Ошол учурда туугандарымдын бирөөсү мага чалып: “сага карата кылмыш иши козголгондугу тууралуу Бекназаров радиодон жарыя кылды” деп айтты. Ошол бойдон мен Базар-Коргонго кеттим. Кийин билсем — ​Бекназаров мага карата ошол күндөрү кылмыш иши козголгондугу тууралуу калп нерсени жарыя кылган экен. Бул жерде мага карата кылмыш иши 7–8 күндөн кийин козголгондугун айта кетүүм керек.

Бир айча Базар-Коргондо, Бишкекте тууганчылап жүрдүм. Бул учурда 14-май күнү мурда губернатор болуп келген, ошол күндөрү кайрадан губернаторлукка отургузулган Кошбай Масировго кирип, куттуктап чыктым. 5-июнь күнү Акжол чекара посту аркылуу Кыргызстандан чыгып кеттим.

— Бирок, сиз кармалып, Кыргызстанга жеткирилдиңиз да…

— Ооба, мен арадан эки жыл өткөндөн кийин Кордайда маркум атама куран окутуп жатканда кармалдым. 8 күн Кордай милициясынын ИВСында жаттым, андан кийин Жамбулдагы СИЗОго которушту. Ал жерде 7 айдан ашуун убакыт мыйзамсыз кармалдым да, Кыргызстанга жеткирилдим. Бул жерде баса белгилеп кете турган төмөнкүдөй бир жагдай тууралуу айткым келет: СИЗОго Жамбулда жайгашкан эл аралык адам укугун коргоо уюмдарынын кызматкерлери көп жолу келишкендиктен, кыргыз бийлиги менин жакын арада эркиндикке чыгаарымды алдын ала билип, Казакстанга менин 250 миллион сом уурдап-жок кылгандыгым үчүн кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөдө жүргөндүгүм тууралуу токтомду токуй коюшуп, мыйзамда көрсөтүлгөн 40 күндүк мөөнөттө эмес, 6 айдан кийин гана жогорудагы жалаага негизделген токтомду Казакстандын Башкы прокуратурасына жөнөтүшкөн. Ошондо аталган жалааны жокко чыгаруу үчүн РК Башпрокуратурасына мени Кыргызстанга экстрадиция кылуу өтүнүчү менен эки жолу арыз жаздым…

— Себеби?

— Эмне үчүн дегенде мен “250 миллион уурдап айыпталып, издөөдө жүрсөм — ​бала-чакам уурунун үй-бүлөсү” болуп эсептелип калаарын ойлодум. Ошондуктан, 3- жолу арыз жаздым. Бул учурда ООНдун качкындар боюнча Башкы комиссарынын өкүлү кайрадан (ушуну менен 32-жолу) СИЗОго келип, Европанын каалаган өлкөсүн тандаңыз, сизди ошол жакка чыгарып жиберебиз деген сунушун айтты. Мен ага үй-бүлөмдүн жаманатты болушун каалабастыгымды, ошондуктан Кыргызстанга барып, мага тагылган жалааны жокко чыгаруум зарыл экендигин айттым. Мага 13 кылмыштын учуру боюнча жалаа жабылып жаткандыгы белгилүү эле.

2013-жылдын 15-февралында Кыргызстанга жеткирилдим. Бишкектеги 1-СИЗОго камашты. Бул жерде айтып кете турган нерсе — ​ошол кездеги башпрокурор, азыркы күндөгү аялдардан чыккан атактуу “зек” Салянова Аида сулуу ЖК сессиясында депутаттарга жагынуу үчүн “Рахмановду кайра-кайра сүйлөшүп жатып, араң алып келдик” деп, мактанып айтканы эсимде.

— Ошол 13 кылмыш учуру боюнча сизге жабылган жалаанын баарын эстей аласызбы?

— Эстей алам. Бирок, тергөө учурунда ошол 13 учурдун баарын жокко чыгара алдым. Ага карабастан, УКМКанын тергөө башкармалыгы 7-кабаттын буюртмасын унутпай, баары бир кылмыштын 4 учуру боюнча жалааны илишти. Бул жерде атактуу Бекназаровдун “салымы” чоң болгон. Себеби, тээ башынан Текебаев сыяктуу эле мага асылып келген Бекназаров финансы полициясынын кызматкерлерине: “Рахмановго бийликти басып алууга байланышкан беренелерди койсок, саясий куугунтук катары бааланып, Казакстан аны башка өлкөгө чыгарып жиберет. Ошондуктан, миллиондорду уурдап-жеген дейсиңерби, айтор, оозуңарга кирген сумманы көргөзүп, токтом чыгаргыла” деп, кысым көрсөткөндүгүн айтып бере тургандар азыр да бар.

— Ошол 4 учурдун ичинде кайсы “кылмыштарыңыз” бар эле?

— Ит айласы кетсе — ​үрөт, адам айласы кетсе — ​күлөт дегендей, күлкүм келип турса да, “кылмыштарымды” четинен айтып берейин.

2009-жылы Ноокат районунун 80 жылдыгына байланыштуу Кыргыз өкмөтүнүн 164-р сандуу токтому чыгып, юбилейге мага чакыруу келген. Мен ал чакыруу баракчасын Мамматрезерв агентствосуна жолдогом. Андан улам жогорудагы аталган токтомдун негизинде директордун орун басары О. Абдрасулов аталган юбилейге 200 миң сом которгон. Бул жерде баса белгилеп кете турган дагы бир нерсе — ​200 миң сом өкмөттүн токтомунун негизинде мыйзамдуу которулгандыгына карабастан, мага асылууну көздөгөн текшерүү иштери башталганда, чочуп кеткен Абдрасулов күнөөлүү болбосо да, ач кулактан тынч кулак дегендей, чоң балээге айланып кетпесин деген ойдо 2010-жылы эле өз чөнтөгүнөн 200 миң сомду төлөп берүүгө мажбур болгон. Кийинчерээк мен саясий өңүттөн куугунтукка алына баштаганымда ошол 200 миң сомго байланыштырып менин аракеттеримде КР КЖКнын 304-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери бар деп “табылып” отурбайбы.

Дагы бир айтып кете турган нерсе — ​О. Абдрасулов акчаны туура эмес котормок мындай турсун, эгер өзү жеп салган күндө да, жогорудагы сумма ал өкмөттүн буйругу, Кыргыз Республикасынын Мамматрезервфонду (орусча аталышы ФГМР) жөнүндөгү мыйзамда көрсөтүлгөн жана уруксат берген 3-берененин бар экендигинен кабары жок директор мыйзамдуу которулган акчаны туура эмес, мыйзамсыз төлөп берип жатпайбы. Ошол убакта кылмыш иши соттун чечими менен токтотулгандыгына карабастан, бул багытта мага асылуу ого бетер күчөдү.

Жебеген самсага пул төлөптүр дегендей, О. Абдрасуловго асылуудан жыйынтык чыкпаган соң, мыйзам талабын эмес, Бекназаровдорго окшогондор берген атайын саясий буйрукту аткарууну максат кылган УКМКанын экономикалык кылмыштарды тергөө бөлүмүнүн начальниги, атактуу буюртмапуруш Исабек Султаналиевге Кыргыз өкмөтүнүн 164-р сандуу буйругун алып келип берсек да, бул официалдуу документти тааныбагандыгын кантип түшүнүүгө болот?!

— Андан кийинки “кылмышыңыз” тууралуу эмнени айта аласыз?

— КР КЖКынын 343-беренесинде көрсөтүлгөн наамдарды же кызмат адамынын ээлеген ордун мыйзамсыз басып алуу, 233-беренеде көрсөтүлгөн массалык башаламандыкты уюштуруу, 341-беренеде көрсөтүлгөн бийлик өкүлүнө күч колдоном деп коркутуу деген айыптоо.

Эгер мен айыптоо корутундусунда көрсөтүлгөндөй, 1000 кишини ээрчитип, мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн болсом, аны далилдеп берчү жок дегенде 1 күбө болсо кана. Же ошол 1000 кишинин жок дегенде бирөөсү УКМКанын видеотасмасына түшүп калыптырбы? Эгер массалык башаламандыкты уюштурсам же уюштурууга аракет кылган болсом менин ошол күндөрү баскан-турганымды үзбөй, тынымсыз видеотасмага тартып жатышкан атайын кызматтардын видеодалилдери кайда? Же далил катары менден ок атуучу курал, жардыргыч заттар же жетиштүү сандагы акча каражаттары табылдыбы?

Массалык башаламандык бул — ​элди мамлекеттик органдарга баш ийбөөгө, материалдык нерселерди талкалоого, өрттөөгө, адамдарды уруп-сабоого чакырык эмеспи. Мындай нерсени уюштурууга көп чыгым жана убакыт талап кылынат го. Эгер мен күч колдоном деп бийлик өкүлүн коркуткан болсом, бул “кылмышымды” ырастап бере ала турган жок дегенде 1 күбө бар бекен? Ойлоп көргүлөчү: кантип бийлик өкүлүн коркутам — ​губернаторлукка кайрадан отурган Кошбай Масировго кирип, аны куттуктап, колдой тургандыгымды билдирген болсом…

— Сөзүңүздүн башында Бекназаров менен Текебаевдин сизге карата жасаган карасанатайлыгы тууралуу айттыңыз эле. Ал капачылык эмнеге негизделген?

— Мага карата жалааны уюштуруучулардын башында убактылуу өкмөттө күч органдарын тейлеген Бекназаров турган. Ал эми марадерлордун анабашы, жердешим Текебаев тууралуу айта турган болсом: анын демилгеси менен мен ошол учурда өлкөдөн сыртта жүргөндүгүмө карабастан, “түштүктөгү кандуу окуяларды уюштурган Рахманов кармалды” деп, көз көрүнөө калп маалымат таратылып, сыналгыдан кайра-кайра жарыялагандыгы анын эркектигиби? “Бирөөгө аң казсаң кең каз…” деп бекеринен айтылбаган экен. Эми болсо, кырк кулпулуу түрмөнүн ичиндеги жалгыз орундуу бендежкада ичинен дагы 2–3 кулпуну илип алып, атактуу зек Феликс Куловдун: “түрмөдө отурсаң эч кимден коркпо, убада бербе, көп сүйлөбө” деген насааттары мага чоң жардамы тийди деп айтканын кантип түшүнөбүз? Ал жалгыз отурса кимден коркмок эле, кимге убада бермек эле, ким менен сүйлөшмөк эле. Мындан улам Текебаевдин камалышы менен түрмөдө зектердин жаңы кастасы пайда болгондугун айткым келет. Мисалы, түрмөдө “обиженный” деген каста бар. Бирок, андайлар да түрмө ичинде ары-бери басып жүрүшөт. Ал эми Текебаев болсо ошолордон да төмөн акыбалда отурат… Бул ага аздык кылат. Ал 2010-жылдагы Түштүктөгү жана Бишкектеги кандуу окуялар жана марадерчулук боюнча али жооп бере элек…

— Президент Жээнбеков менен мамилеңиз кандай?

— Негизинен мамиле жаман эмес. Бирок, мен анын атасы ыраматылык Шарип аваны, бир туугандарын жакындан, жакшы жагынан билемин. Бул жерде айтайын дегеним — ​өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай жоругуң жолдо калгыр “Атамбаевдин ишин улантам” дегендиги үчүн башка талапкерге иштедим…

Акыркы мезгилде президентибиздин соңку жылдардагы Атамбаевдин талап-тоноо жана укуктук зомбулук саясатын түздөн-түз колдоп келген Исаков, Сегизбаев, Жолдубаева жана башка ушулар сыяктуу коомго, элге каршы коррупциячыл элементерди кетиргендиги үчүн анын учурдагы аракеттерин колдоону туура көрүп отурам. Президент мындан ары да ушул багыттагы аракеттерин күчөтө берүүгө тийиш. Эл толугу менен колдооруна ишенем.

— “Шоопурдун” доорунда Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалга кандай баа бересиз?

— Кандай баа берсем да, кырдаалды элдин баары түшүнүп бүттү. Өлкөнү Атамбаев башкарууга аракеттенген мезгилден бери теңирден тескери нерселер көбөйдү. Бийликтин туура эмес иштерин, коррупциячыл аракеттерин сынга алган ондогон азаматтарыбыз жалаага кабылып, көптөгөн жылдарга түрмөгө кесилгендигин кантип түшүнүүгө болот? Оорукчан карыя, 70тен ашкан Дастан Сарыгуловдун колунда жыгач таягынан башка куралы же акчасы жок болсо, мамлекеттик төңкөрүштү уюштурууга айыпталгандыгы эмне деген сандырактык?

Негизги “жабырлануучу” Каптагаевдин какшап, сайрап айтып жаткандыгына карабастан, Садыр Жапаровдун кылмыш-жаза кодексинин олчойгон 4 беренесине “негизделип” 11,5 жылга кесилгендигин жалган жалаанын, көтөнзордуктун жеткен чеги деп түшүнбөсөк, кантип түшүнөбүз? Суталинов, Сарыгулов, Калматов, Гусев, Кадыров, Асанов жана башка азаматтардын камалышы жалаадан башка кайсыл мыйзамга ылайык келет?!

2017-жылдагы ДачаСУдагы 40 кишинин өлүмүнө, самолёттун кыйрашына, бир гана жолкусунда кеминде 100 миллион долларлык контрабандалык жүктүн өлкөгө ташылып киргизилишине Атамбаевден башка ким күнөөлүү?!

Эмне үчүн Атамбаев далай кыргыз жигиттеринин канын төккөн жана эркиндикке чыгуу үчүн 5 миллион доллар акчасынан ажыраган Батукаевге өлөсө кесел деген диагноз коюлуп, түрмөдөн урмат-сый менен бошотулат да, рак оорусуна байланыштуу бөйрөгүнөн операция болуп, учурда 47-түрмөдө өлүм алдында жаткан Мурат Суталиновду ойлобойт?! Эгер чындап эле Атамбаев чоң гуманист болсо, акчалуу канкор Батукаевдин алдында күйпөлөктөбөй, биринчи кезекте өз элин ойлобойт беле?

Өзүнүн 6 жылдык зомбулук доорунда коррупцияга каршы ураан деп коюп, прогрессивдүү мекенчил саясатчылардан тышкары арам тамак байларды тандап камап, “жаккандарын” бошоткон учурларын кантип түшүнүүгө болот?!

Тажиктер Душанбеге 2 жыл ичинде 200 миллион долларга жаңы ТЭЦ куруп коюшса, Атамбаевдин командасы 3 жыл аралыгында 386 миллион долларга (Кытай менен болгон келишимдин негизинде 2024-жылы жогорудагы суммага үстөк катары дагы 100 миллион доллар кошуп төлөп берүүгө же кыргыз жеринин бир бөлүгүн берип гана кутулушубуз керек) Бишкек ТЭЦин эптемей ремонт кылып, 6 долларлык кычкачты 600 доллар деп, 300 долларлык видеокамераны 15 миң доллар деп отчетко киргизгендигин кантип түшүнүүгө болот?! Буга мультимиллионер Атамбаев жана анын табакташтарынан башка ким жооп берет?!

Дегеле Атамбаев көптөгөн өзгөчө оор жана миллиарддарды жуткан кылмыштары үчүн жооп береби?!

“Чек арадагы кырдаал Каримов өлсө оңолот, Назарбаев алжыган диктатор, кыргыздын аксакалдарын “акшакал” деп алжыган, жакпаган адамдарды “көтани”, “теке”, “балашка” деп тергеп, аларга эл көзүнчө жеңе болуп көрүнгөн, Путиндин жанында туруп алып, оозуна киргенди оттоп, кыргыздын баарын келесоо кылып көрсөткөн Атамбаевдин акыл-эси анча-мынча болсо да, ордундабы деги?

Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жетекчи жана саясатчы катары активдүү аракеттери менен бүткүл элдик колдоого алынып жаткандыгына күбө болуудабыз. Бирок, президентибиз Кыргызстандын элине карата Атамбаевдин кылган ондогон кылмыштарын — ​саясий жана укуктук зомбулуктары, кыргызды миллиарддаган карыздын сазына чөктүрүп, мамлекетке келтирген өлчөөсүз чыгымдары үчүн ал ажосөрөйдү жоопко тартуу жөнүндөгү элдик демилгени толугу менен колдоого алууга тийиш!..

— Мынчалык күйүгүп, коомчулуктун көңүлүн бурууга аракеттенгендеги максатыңыз эмнеде?

— Эгер тергөө органдары мага 100 пункттан турган күнөө коюп, ошонун жок дегенде бирөөсү туура болсо, анда мен кылбаган 99 кылмышты да моюнга алууга даяр элем. Илгери бирөө айткан экен: сен өрттөнүп күйбөсөң, мен өрттөнүп күйбөсөм, эртеңки күндүн жолуна ким жарык чачат деген экен. Бир караган кишиге, мейли, өткөн өттү, кеткен кетти — ​маңдайга жазган нерсе экен деп койсом да болоор эле. Бирок, биз менен бир мезгилде эркиндик жолун тандап, өнүгүү жолуна түшкөн республикалар бизге караганда канча алдыга озуп кеткендигиң караңызчы. Ичиң күйөт экен. Биз мага тийбесе болду деп, Садыр Жапаровго окшогон элим деп, акыйкат деп өрттөнүп-жанган ондогон азаматтарыбызды жалгыз калтырып, четтей берсек, жаркын келечек үчүн ким күрөшөт?! Атамбаевдин кесепет саясатынын акыбетинен чечкиндүүлүк менен кутулуп, коомду тазалоонун, өнүгүүнүн жолуна чыгышыбыз керек. Бул багытта президентибиз Сооронбай Жээнбековдун акыркы айлардагы аракеттери ар тараптан колдоого татыктуу деп эсептейм…

Маектешкен Темир Абдраимов.

«Жаңы Ордо» гезити. №15 (588),  4-май, 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс