• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Айтматовдун айдоочусунун арманы..

Автор:ruh_admin

Май 2, 2018
 

— Каныбек ажы, сиз учурунда тагдыр шыпаасы менен Чыңгыз Айтматовдун айдоочусу болуп иштеген экенсиз. Ал күндөрдү бир көз ирмемге салганда эмнелер эске түшө?

— Агабыздын дүйнө салып кеткендиги тууралуу кабарды укканда, дүйнөм бир силкинип алгандай жетимсирей түштүм. Өзү жазгандай тоо кулагандай эле болду. Көздөгү чолок жашты көздөн сыгып, кайран элим Манастан кийинки эр уулунан, тирегинен, аскар тоосунан ажырады деп арман кылдым. Анын жаркын элеси эми ак-мөңгүлүү Ала-Тоосуна нур төгө албай калганын эстеген сайын жүрөк муздайт. Чыңгыздын кыргыз үчүн баркы, баалуулугу, салмагы көз сыдырымга ушундай салынбадыбы. Каңырык түтөп, кан жутуп турганда да дилимде опол тоодой болгон кыргыздын сыймыктуу уулун өз парасаты менен таза ыйман, таза кол, ак дил менен сапарга узатсак экенбиз деп жан үрөдүм. Агабыздын жатаар жайын даярдоо жоопкерчилигин колума алдым. Жайды болушунча кенен каздырып, өзүм көзөмөлгө алдым. Түрк улутундагы бою узун жигит бар экен, агабыз да бойлуу эле деп, аны узунунан жаткызып көрүп, чарпаясын кенен кылып каздырдык. Көз көрсөтүп барганда жеңебиздин, кызы Шириндин колдорунан өөп көңүл айттым, көпчүлүктөн тааный алышкан жок окшойт. Анын үстүндө мен да өзгөрүп кеттим да. Андан бери канча убакыт өттү, алар да чет жакта көп болуп калышпадыбы. Ушундай залкар адам менен насиптеш болуп калганым үчүн Кадайыма миң мертебе ыраазымын. Агабыздын руху өчпөсүн.
Анда мен 19-20 жашта элем. Кино үйүндө таанышкам. Кайынагам ошол кино үйүндө киномеханик болуп иштечү. «Ч.Айтматовго айдоочу керек, барасыңбы?» деп айтып келди. Ошентип, тагдырдын буйругу менен улуу жазуучунун шопуру болуп иштеп калдым. Кызматтык машинаны зыңкыйта жууп, ал кишини күтүп турчумун, кантсе да сүрү бар да. Эски аэропорт жакта жашачу. Сүрдөгөндөнбү, колдорум калтырап кетээр эле. Бир жолу кызылды карабай эле айдап кетиптирмин «ой жигит, акырын» деп чочуп кетти. Ошол күн азыр да эсимден кетпейт. Мен тазалыкты дагы ошол кишиден үйрөндүм. Машинаны абдан таза кармачу. Складда килемчелер бар экен, дыкаттык менен кесип, машинанын ичине төшөп чыктым. Мунумду көрүп «Келтириптирсиң, эми бут чечип кирем го» деп тамашалап ыраазы болгон.
— Айтматов кандай инсан эле, кайсы касиетин баалачу элеңиз?
— Дүйнөсү кенен, кеменгер акыл менен бардык нерсени чечээр эле. Бирөөнүн көңүлүн оорутуп, же катуу айтканын көргөн жокмун. Башынан эле жолдогу мүрзөлөрдү көрсөм алакан менен бата кылып өтөөр элем. Мунумду байкап, «Бата кылып өткөнүң жакшы экен» деп ыраазы болгону эсимде.
Бир жолу Япониядан коноктор келет деп даярданып калдык. Аларды Ысык-Ата жакка алып бармай болдук. Кандай конок кылабыз деп калганда «Ава, менин ошол жакта кайнатам бар, кыргыздын меймандостугун көрсөтөлү» деп калдым. Мени карап жарыктык киши «Тосо алышабы, убара кылбайбызбы?» деди. Ошентип сыйлуу конокторду кайнатамдын үйүндө конок кылганбыз. Чыңгыз келет экен деп бүт айыл аксакалдары келишип, бир бапыраган элек. Бул сыйыбызга өзгөчө Чыңгыз авам абдан ыраазы болгон. Чет жакка кеткенде учака чейин сумкасын көтөрүп киргизип, жайгаштырып, анан кетчүмүн. Көп учурда Мария жеңебиз экөөбүз узатып карап турчубуз. Бир жолу жеңеме франкел шымдар мода болуп жатат ала келиңиз деп заказ кылганым азыр эсиме түшүп жатат. Мария жеңебиздин апасы мени өз баласындай көрөөр эле. Ыйманы саламат болсун ал кишинин да көзү өтүп кетти. Ал кишинин колунан далай чай ичип калдым. Ширинди далай эркелетип, көтөрүп калдым. Кийин Ширин эжекесиндей болсун деп кызымдын атын да Ширин койгом. Тилекке каршы, өмүрү кыска экен, оорудан каза болуп калды. Бир чоң өкүнүчүм бар. Ал үчүн өзүмдү азыр да кечире албайм. Бул менин арманым бойдон калат өңдүү. Мария жеңемдин апасы кызымды «жалгыз калып жатам, мага бергиле» деп сураган эле. Кызганып, кемпирге бербей койгон элем. Кызымдын жүлүнүнөн суу алышып, майып болуп ошондон кете берди. Балким, кызымды ал кишиге берип койсом тирүү жүрө бермек беле. Арманым ушул.
— Дагы кандай учурларды эстей аласыз?
— Чыңгыз авабыз оокатка бүйрө адам эле. Бардык нерсени сарамжал менен урунчу. Анткени бул киши жокчулукту, катаал турмушту көрүп калды да. Күкүм нанга да аяр мамиле жасайт эле. Дагы бир жолу мени ЦУМдан жети лампочка сатып кел деп жиберген. Сатып келсем ал киши уктап калыптыр. Ойгонгуча Шириндин бөлмөсүндө күткөнүм негедир эсимде.
— Канча жыл иштеп калдыңыз?
— Бир-эки жылга чукул иштеп калдым.
— Кандай себептен иштен бошодуңуз эле?
— Акылыбыз оюн-күлкүгө толуп турган учур экен анда. Ар нерсеге акыл калчабай жаштыгыбызга салчу турбайбызбы? Шаардын четинен машинаны айдап келе жатып кырсыкка учурап калдым. Жол тайгалак эле. Тормозду тээп алып, машина ала салып кетти. Менин таң калганым, кырсык болгон жерге бир заматта КГБ баштап, башка тартип сакчыларына чейин басып калган. Мен ошондо жаңы эле эсиме келип, машинанын номерин чечип жаткан болчумун. Азыр эстесем Айтматовдун артынан аңдып, көз салган душмандары болгон экен. Машинаны базадан оңдотуп жатканымды чыгармачыл (атын атагым келбейт, ал кишинин да көзү өтүп кетти) адам көрүп, аябай карап калган. Менин кай тарпка бет алганыма чейин көз салган. Менимче ошол адам маалымат берсе керек. Чыңгыз авам менен телефон аркылуу эле сүйлөштүк, алдына барууга дитим чыдабайт эле да.
— Эмнеге өкүнөсүз?
— Мен ал кишиге көп нерсени түшүндүрө алган жокмун. Жок дегенде кылган жакшылыктарына ыраазычылыгымды билдирсем болмок.
— Мейли анда убакыт болгон эмес экен, кийин жолуга алдыңызбы?
— Тагдыр буйруп, мен ажыга барып, ажы болгондон кийин районубуздагылар мектептин ачылышына жөнөтүп калышты. Барсам Чыңгыз авам да келиптир. Канчалык өзүмдү кыйнасам дагы «Агатай, мен Каныбек болом» деп астына бара алганым жок. Мен ал кишини ава катарында эмес ата катарында көрөөр элем. Ошондо барып айтсам бир ооз кебин укпайт белем. Чыңгыз авам мага өлбөчүдөй туюлса керек.Жеңем да мени тааныган жок окшойт.
Арбагы ыраазы болдубу, Чыңгыз авам жакында эле түшүмө кирди. Эртең менен ойгонуп мүрзөсүнө барып куран окуйун деп чыксам ал күнү көрсө кырк күндүгү экен. Авамдын касиети бар дедим ичимден . Анын руху учуп жүргөн кези. Мен Кудай жолундагы адаммын. «Ата-Бейит» жакка Чыңгыз Айтматовдун урматына өзүмдүн күчүм менен мечит куруу ниетим бар. Айтматовдун өлбөстүгүн даңктай турган учур келди. Кыргызды кыргыз десе Чыңгыз деп дүйнө эли тааныйт. Демек, бул улуу инсаныбызга сыйыбызды көрсөтөлү демекчимин.
(Макала автордун ФБдагы барагынан алынды)
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс