Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Аскарбек Шадиевге Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголушуна байланыштуу иш козголгону жазылган.
“2017-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин төрагасынын наамына КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын иш-чаралары боюнча график жөнөтүлгөн. Ал документ ошол кездеги парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевге таанышуу үчүн берилген. Иш-чаралардын графиги түзүлгөн документте Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык тапшыруу жөнүндө маалымат болгон эмес.
Бирок 2017-жылдын 25-август күнү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ал жылы берилбей турганын билип туруп, Шадиев парламенттин спикерине сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча кайрылуу жөнөткөн. Ошол эле жылдын 15-сентябрында кайрылуунун жыйынтыгы менен аталган сумма Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров аркылуу бөлүнгөн. Бирок КМШнын Парламент аралык ассамблеясына каражат түшкөн эмес. Жыйынтыгында мамлекеттик казынага 2 млн. 61 миң сом зыян келтирген. Учурда бул факт УКМКнын тергөө башкармалыгында иликтенип жатат” деп жазылат Башкы прокуратуранын маалыматында.
Буга чейин Шадиев бир нече ирет суракка чакырылып, аягында биринчи вице-премьер-министр кызматынан арыз жазып кеткен.
Анын чечимин өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов мындайча комментарийлеген эле:
— Арыз берүүнүн себеби Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировдун мамлекеттик бюджеттин акчасын өз эсебине өздөштүрүп алганы боюнча кылмыш ишине байланыштуу болду. Анткени ошол учурда Аскарбек Шадиев аталган комитеттин ишин жетектеп турган. «Мен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өз ишимди так аткарып келем. Мен үчүн намыс жана аброй биринчи орунда турат. Тергөөнүн ачык жана калыс жүрүшү үчүн ээлеген кызматымды тапшырууну туура көрдүм» деди.