• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

Ф. Кулов, мурунку өкмөт башчы, генерал-лейтенант: «Атамбаев “Мага вице-премьер-министр Шамиль Атаханов келип…

Автор:ruh_admin

Апр 28, 2018

Генерал билген чындык

экинчи маек

Ф. Кулов, мурунку өкмөт башчы, генерал-лейтенант:

«Атамбаев “Мага вице-премьер-министр Шамиль Атаханов келип, “ Батукаев оорулуу, ал эч кимди өлтүргөн эмес. Бул жакта калса эки “мыйзамдагы уурунун” ортосундагы тиреш күчөйт. Эгер ал эч кимди өлтүрбөсө, оорулуу болсо бошотуп жибербейлиби? ” деп суранды. Мен андай болсо карап көргүлө деп макул болгом” деп айткан»

-Феликс Шаршенбаевич, сизде эл билбеген көп маалыматтар болушу мүмкүн. 2010-жылдагы бийлик алмашууга Россия аралашкан деген маалыматтар айтылып калат. Мурунку депутат Б. Бешимов «Бакиев бийлигин жөнөкөй эл жана Владимир Путин кулатты!» деп жазган. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Жок, Россия таптакыр аралашкан эмес.

— Кант шаарындагы базасынан аскерлерин алып келген дегенчи?

— Мага ишенсеңер болот, Россия аралашкан жок. Мен В. Путин, Д. Медведев, Коргоо министри С. Иванов, Н. Патрушев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдө болгом. Булардын бирөөсү да эч качан алдабайт. Биз мындай кылсак, кыргыздар тигиндей кыласыңар деп айтпаган. Чындыгын айтайын, бирөөсү да бул тууралуу ишаарат кылган эмес. Мен премьер-министр болуп турган кезде Эл аралык валюта фонду менен сүйлөшкөнүмдө, алар дагы ХИПИК боюнча эч нерсе айтышпаган. Алар “Силерде электр энергиясын уурдоо күч экен. Эгер силер уурдоону кыскартсаңар, биз жардам беребиз. Үстөктү алып салабыз, аны төлөбөйсүңөр. Каалабайсыңарбы? Анда төлөй бергиле” деген. Мен муну кантип жасоо керек?- деп сурасам, “Электр энергиясындагы коммерциялык жоготууну кыскарткыла. Тоо-кен тармагы ачык-айкын болушу керек. Биз үстөктү алып салабыз да, силер негизги карызды 30 жылдан кийин төлөйсүңөр” деп айтышты. Бул сунуштун эмнеси жаман? Болгону Африка өлкөлөрүнө дагы ушундай сунушту айтышыптыр.

— Генарал Өмүрбек Суваналиевдин “7-апрель күнү Алмазбек Атамбаевдин үйүнө барсак, ФСБнын адамдары кайтарып жүрүшүптүр…” деп айткан сөзү бар. ФСБнын адамдары жөнү жок Атамбаевдин үйүн кайтарууга албаса керек?

— Менимче алар ФСБнын адамдары эмес, Россиядан жеке менчик кызматтардан балдар келген. Мүмкүн ошол учурда кыргыз балдарга ишеним болбосо керек. Ошол балдар “Биз ФСБнын адамдарыбыз” деп айтып коюшу мүмкүн. Расмий ФСБ адамдарын жибербейт.

— Кремль Курманбек Бакиевди бийликтен алып түшүүгө кызыкдар болгон жагдайлар жаралбады беле. Бакиев Москвага барганда “Манас” аэропортундагы АКШнын авиа базасын чыгаруу тууралуу сөздү айтып, бул жакка келгенде башкача ойноп кетпедиби. Биринчи революцияда АКШ Бакиевди колдогону ыраспы?

— 2005-жылы АКШнын биздеги элчиси Стивен Янг болчу. Мен түрмөдөн чыккандан кийин ошол элчиге жолуктум. Стивен Янг мага “Бакиев менин досум. Мен сизди тааныбаймын” деп ачык айтты. Мени тааныбашыңыз мүмкүн, Бакиев сиздин досуңуз экени чындыктыр. Ошол үчүн колдойбуз да дегем. Россиянын ФСБсынын директорунун орун басары В. Ушаков менен “Хаят” мейманканасында жолугуштук. Вячеслав Николаевич, убакыт аз, дипломаттык тил менен эмес, ачык эле сүйлөшөйлү деп айттым. Мен түрмөдөн чыкканда алар тараптан бир аз нааразычылыктар болгонун угуп калгам. Вячеслав Николаевич мага “Жакшы, дипломатияны токтотуп ачык сүйлөшөлү. Сиз ЦРУнун агентисизби?” деди. Муну кайсыл себеп менен айтып жатасыз? – деп сурадым. “Мадлен Олбрайт келгенде сиздин адамдарыңыз чыгышпады беле. Сиз түрмөдө олтурганда Олбрайт сизди колдогон” деди. Ооба, ошондой болгон. Колдосо эле ЦРУнун агенти болуп каламбы? Менин бир тууган иним Марселди камайбыз дегенде Россия кабыл албай коюп, АКШга кетти. Өзүмдүн үй-бүлөм, аялым, эки кызымды Россия кабыл албай, алар да АКШга кетүүгө мажбур болду. Аларга ким жардам берди? Америкалык жаран. Үй-бүлөм экинчи кабатта жашаганда, биринчи кабатта орус улутундагы аял дүкөн иштетчү экен. Аялым ошол аялдын сунушу менен беляши жасап сатып, ошол менен жашаган. Кызым 16 жашында дүкөндө сатуучу болуп иштөөгө аргасыз болгон. 6 жашар кичүү кызым жөнөкөй мектепке окууга барган. Үй-бүлөсү ушундай жашоодо жашаган, банктык эсебинде тыйыны жок адам ЦРУнун агентиби? Ушундай жөнөкөй эле мисалды келтирсем, ал унчукпай калган. Курманбек Бакиевге ачык болбосо да колдоо болгон болсо керек. Түз колдоо болгон эмес. Максим Бакиев алар менен эмне иш кылганын, бизнес жасаганын билбеймин.

— 2005-жылы алгач президенттик шайлоодо өз алдынча чыгам дегенсиз…

— Ооба.

— К. Бакиев менен тандемге эмне үчүн бардыңыз?

— Тандем Азимбек Бекназаровдун эмгеги. Бул киши мени чакырып “Феликс Шаршенбаевич, өлкөнү 14 жыл түндүктөн чыккан Акаев башкарды. Каалайсызбы, каалабайсызбы биз түштүктөн чыккан Бакиевди колдойбуз” деди. Биз эмне, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп калдыкпы?- деп сурадым. “Каалайсызбы, каалабайсызбы бул бүгүнкүнүн чындыгы” деп жооп берди. Эмнени сунуш кыласың?- десем, “Сизди түрмөдөн бошотконго ал кишинин салымы бар” деген сөздү айтты. Сөз жок, анын эмгеги бар дедим. “Ал революциянын башында турду. Элди бириктирди. Сиз даяр нерсеге гана келдиңиз. Бул туура эмес болуп калат” деп айткан.

— Бул сөздү К. Бакиев айттырса керек да?

— Мүмкүн, Бакиев бул кишини жибергендир. Бул сүйлөшүүдөн кийин Чолпон Баекова, Алмазбек Атамбаевдерге барып ушундай сунуш киргизди, эмне кылабыз деп айттым. Андай болсо тандемге барабыз деп чечтик. Бакиев экөөбүз келишим түздүк. Бир ай мурун Исмаил Исаков мага айтып берди. Көрсө, тандем тууралуу сүйлөшүү жүргөн кезде ал киши, Данияр Үсөнов, дагы башка кишилер ошол жерде болгон экен. Ошолор “Тандемдин кереги жок. Сиздин эл арасында аброюңуз чоң. Тандеми жок эле утуп чыгасыз” деп айтса, Бакиев “Мен аны колдонуп таштап кетем. Силер кабатыр болбогула” деп айткан экен. Исмаил Исаков “Бул туура эмес, жигиттик болбой калат” дептир.

— Сизди колдогондор тандемге барабыз дегениңизден кийин нааразы болгон кептерин айтыштыбы?

— Андай болгон жок. Элибиз тынч болсун, мамлекет үчүн биригүүгө барабыз дегенбиз.

— Сиз түрмөдө олтурганда кайсыл саясатчылар барды?

— Алмазбек Атамбаев, Мелис Эшимканов жана башкалар барышкан.

— Революция күнү кайсыл саясатчы биринчи болуп барган?

— Үсөн Кудайбергенов да барган. Ким биринчи барганы эсимде жок.

— Өмүрбек Текебаев баргандыр?

— Мүмкүн, Текебаев барса керек.

— Революция күнү Текебаев Сосновкага келгенде Бакиевдер Ак үйдү алып койду дегенди угуп, биз Куловду түрмөдөн алып чыгып, Бакиевдерди Кулов менен кууп чыгабыз деген сөздү укканым бар. Биринчилерден болуп Текебаев барган болуш керек?

— Текебаевдин да эмгеги бар. Мага балдар Бакиевдин жакындары ага “Куловду түрмөдөн чыгарбаңыз” деген деп айтышкан.

— Акаев экөөңүздөрдүн мамилеңиздер бузулушуна эмне себеп болду?

— Эмне себеп болгонун билбейм.

— Кантип билбейсиз? Божомолуңуз бар да…

— Администрациясынын жетекчиси Акаевге кирип “Кулов сиздин үстүңүздөн интрига жасап жатат” деп мени жамандаптыр. Бекмамат Осмонов мага кирип, бир саат монолог айтты. Бекмамат Осмонович, менин сизге эч кандай нааразычылыгым жок. Бирок, арыз менен кайрылууларды текшербей койгонго укугум жок. Сиз туура түшүнүңүз. Сизди жок кылып койчу тапшырманы көргөнүм жок дегем.

— Сиз анда кайсыл кызматта элеңиз?

— Вице-президент болчумун.

— Бекмамат Осмонов губернатор болчубу?

— Ооба, ал киши губернатор эле. Бекмамат Осмонович, мен сизди кызматтан алууну суранган жокмун деп түшүндүргөм. Акаев эс алууга чыккан. Эс алуудан келгенде “Кулов интрига жасап жатат. Бекмамат Осмоновду кызматтан алууну көздөөдө” деген ушак сөздөрдү ага жеткиришти. Экинчи учур, Тажикстанга сатылган курал боюнча. Автомат, танк тууралуу. Акаев бир жолу мени өзүнө чакырып, Куловго деген жазуусу бар кагаз папканы берип, “Акбаршо Искандаров куралдан жардам берүүнү сураныптыр” деди. Кабинетиме кирип папканы ачтым. Эч кандай резолюция жок. “Кыргыз Республикасынын президентине. Акбаршо Искандаров жардам катары 5 танк жана 150 автомат берүүнү суранат” деп жазылыптыр. Тутулдум деп ойлодум. Менин үстүмдөн буйрук кетет дедим да Коргоо министрин чакырдым. 150 автомат сатканга мүмкүнчүлүгүбүз барбы? – деп сурасам, “Бар” деди. Анда, 150 автоматты сатабыз. Базар баасын карагыла. Танкты сатпайбыз, кармап тургула, деталдарын алып салгыла, алар текшерип, сураганыбыз жетишпей жатат десе, убакытты созгула деп айттым. Бир канча убакыттан кийин Жогорку Кеңештин жыйынында “Кулов куралды сатып жиберди. Ал жакта өзгөчө кырдаал болуп турат. Өзгөчө кырдаал болгон аймакка курал сатканга болбойт. Кулов мыйзамды бузду. Согуш жүрүп жаткан аймакка танктарды сатты” деп маселе көтөрүштү. Алар танк сатпай койгонубузду билген эмес. Мен Москвада болчумун. Учуп келгенден кийин комиссия түзүп, Тажикстанга жөнөттүк. Ал жактан текшерүү жүргүзүп, Өкмөттүк аскерлер 150 автоматты кампадан алгандыгын, танк сатылбаганын аныктап, АКТ түзүп келишкен. Мен доклад жасадым. Өзгөчө кырдаал болуп жаткан аймак деп чыгышты. Токтогула, мен каалаган документтериңерди көргөзө алам. Тажикстанда расмий түрдө өзгөчө кырдаал жарыяланган эмес. Бизде өзгөчө кырдаал түштүктө жарыяланган, бүгүн жокко чыкты. БУУнун куралды сатууга болбойт деген чечими жок. Ошондуктан эч кандай эл аралык келишимдер бузулбаган. 150 автоматты өкмөттүк аскерлерге сатканбыз. Алардын бизге койгон доосу, Россия саткан баадан жогору сатканыбызда. Тескерисинче, биз утканбыз, зыян тарткан эмеспиз деп баарын ачык айтып бергем. Ар дайым менин үстүмдөн ушуга окшогон учурларды тапканга аракет кылышты. Менимче, Акаев мени президенттикке талапкер болот деп корккон болсо керек.

— Сиздин рейтингиңиз орустар алып бараткан самолётторду кармап калгандан кийин өстү да. Ага чейин көпчүлүк жакшы биле бербейт болчу. Ошол сиз кармап калган самолёттордун тагдыры эмне болгон?

— Бул окуяда эки учур бар. Бирөөсү граждандык жаңы ТУ‑154 үлгүсүндөгү самолёт болчу. Аны бизнесмендер Россиядан сатып алып, биз аркылуу Кытайга сатышкан. Мага лицензияга уруксат кол коюп берүүмдү өтүнгөн. Мен жөнөкөй товарлар үчүн лицензияга кол койгом. Алар алыптыр да ТУ‑154 маркасындагы жаңы эки самолёт үчүн печать басып алышыптыр. Ким жасаган таап, жоопкерчиликке тартканбыз. Бул биринчи учур. Экинчи учурда, аскердик тикучактын учкучтары өздөрү мага “Биз А точкадан В точкага учабыз. Өкмөттүн керосин үчүн каражаты жок” деп кайрылып калышты. Силер эмнени сунуш кыласыңар?-деп сурадым. “Коммерциялык багытты. Бизнесмендердин товарын ташып, акчасын алсак болот. Аны керосинге жумшайбыз” дешти. Макул, андай болсо уча бергиле деп уруксат бергем. Бир канча убакыттан кийин Л‑39 маркасындагы окуу үчүн колдонулган аскердик самолётту сурашты. Көрсө анын моторун 600 саат учкандан кийин алмаштыруу зарыл экен. Самолёт учпай турса жарактан чыгып калуу коркунучу болгондуктан, сөзсүз учуп турушу керек тура. Эмне кылуу керек? Мен Аскар Акаевичке кирип, Өкмөткө ушул иштер менен алектенүү үчүн тапшырма берүүнү өтүндүм. Өзүм Коргоо министрлиги Өкмөттүн чечими менен гана иш кылышы керек деген буйрукту даярдагам. Андан башка аралашкан эмесмин. Көрсө, Коргоо министрлиги Өкмөттүн чечими жок эле техниканы сатып жиберишиптир. Бизде колдонулбай турган бир канча оор жүк ташуучу техникалар турган. Алар тетик катары сатылгандан башкага жарабайт болчу. Самолёт, тик учак, техникаларды кантип сатканы тууралуу прокуратура иликтеген. Мени ушул боюнча камашканда, бир дагы фактыны келтире алышпаган. Мен Улуттук коопсуздук министри болуп келгенимде, атайын техника жок экенин айтышты. Жардамчымды Москвага жөнөткөм. Ал жакта атайын кызматтар үчүн техника дүкөндө сатылчу. Мен жолдошума телефон чалып, жардамчым ошол жактан бизге керектүү техникаларды көргөнүн, сатып алуу үчүн акча төлөп туруусун айткам. Бизде каражат жок болчу. Суранган адамым жардамчым тандаган техникаларга өз каражатынан төлөгөн. Мен кызматтан кеткенден бир жылдан кийин баягылар жоголуп кетет. Мени техникаларды каттабаган деп күнөөлөштү. Мени суракка алганда, жардам катары техникаларды алып келсем, аларды тийиштүү адам каттоого тургузбаса, мен жетекчи болуп ар бир кабинетке чуркап каттатышым керек беле десем, жолдош генерал, буйрук болуп жатканын билесиз да деген. Ушул иш менен мени олтургузушкан. Андан кийин улуу лейтенантка майор наамын ыйгарыптырсыз деп күнөөлөштү. Мисир Ашыркулов улуу лейтенанттан полковник чинин алган. Мен майор чинин ыйгарган аскер адамы, майор чинин алганга курагы келип калган болчу. Кийин премьер-министр болгонумда дагы ушул тема менен мага асылуу болгондо Башкы прокуратурага курал, учактар боюнча ишти көтөргүлө деп өзүм кайрылгам. Ал жактан документтердин баарын жоготуп алышканы тууралуу жооп келген.

— Сизди Акаевдин учурунда Ош облусуна губернатор кылып жөнөтүп жатып, бирок аэропорттон токтотуп калтырышкан деп айтышат. Ошко губернатор болуп барышыңызга Өзбекстандын биринчи президенти И. Каримов каршы болгон дешет. Бул окуя кандай болгон?

— Бул дагы кызык окуя. Мен Чүй облусунун губернатору элем. Жаныш Рустөмбеков Ош облусунун губернатору болчу. Ошол К. Бакиев экөө мага келиптир, жолдошпуз да. Жаныш “Өзбектер менен жакшы мамиле болбой жатат. Мен бул жакка келейин, сен Ошко губернатор болуп барбайсыңбы?” деп айтып калды. Мен бул жакка жаңы эле келбедимби. Жок дегенде күзгө чейин иштешим керек да. Андан дагы президентке кантип суранып кирмек элем. Өзүң ойлонбойсуңбу? Мени кайсыл жакка жөнөтсө, ошол жакта иштейм дедим. Алар Акаевге барып сүйлөшүп көндүрүшүптүр. Мага телефон чалып чечилди деп айтып башташты. Мени биринчи Жалал-Абадга губернатор кылып жөнөткүлөрү келишкен. Анда дагы чемоданымды даярдап, самолётко салып жатканда болбой калды дешкен. Ошко губернатор кылып жөнөтүп жатышканда дагы бир нерсени табышса керек деп ойлогом. Эртең учабыз деп айтканда Акимов чакырды. Алардын баары угушуптур. Өзүм бул тууралуу эч нерсе айткан эмесмин. “Сиз башка жакка кетип жатыптырсыз, майрамды белгилеп коёлу” дешти. Али эч нерсе дайын эмес, андыктан эч кимге эч нерсе деп айтпайм, майрамды белгилесек болот дедим. Бир аз “шампанское” ичтик. Мага Кубанычбек Жумалиев телефон чалып “Феликс Шаршенбаевич, келип кетиңизчи…” деп чакырып калды. Ошондо эле баарын түшүндүм. Барганда эле “кайра баш тарттыңарбы?” десем, “ушундай болуп калды” деген. Бул кылганыңар туура эмес да, президент сөзүнө туруш керек! Кандай оюнду баштап жатасыңар?! — ​деп айткам.

— Балким Майрам Акаева каршы болгондур?

— Көрсө, Майрам Акаева каршы болуптур. Ошол киши президентке “Кулов бул жерден аброй топтоду, эми Оштон аброй топтойт. Сага мунун эмне кереги бар?” деп айткан дешти.

— Сизди кийинки президенттикке даярданып, түштүктү алыш үчүн Ошко губернатор болуп барууга макул болгон дешет го?

— Негизги версия ушундай болгон. Ачыгын айтайын, мен президент болууну эч качан каалаган эмесмин. Себеби, өзүмө генерал болом деп сөз бергем. Өзүмдүн максатыма жеттим. Мага мындан башканын кереги жок болчу. Президенттик кыйын иш. Көпчүлүк президент болсом эле жыргализм деп ойлойт.

— Президент боло турган адам кыргыз тилинде эркин сүйлөп, жаза билиши керек деген мыйзам чыккан. Ушул мыйзамдын автору ким экенин билесизби?

— Билбейт экемин.

— Текебаев. Бул мыйзам сизди оюндан чыгаруу үчүн жазылганын билгенсиз да?

— Бул эми саясат. Саясатта ар нерсе боло берет да.

— Москвага барганыңызда алдыңыздан Аскар Акаев чыгып калды, эмне дейт элеңиз?

— Аскар Акаевич жөнүндө өзүнчө кеп болушу керек. Ал абдан акылдуу киши. Аскар Акаевичке таарыныч жок.

— Сизди ак жериңизден каматкан кишини кечиргенсизби?

— Саясий өч алуу туура эмес. Башкалар келсе, алар дагы өч алгылары келет. Менин жаш кезим, кылмыш иликтөө кызматында иштеп жатканымда кавказ улутундагы адамды баңгизат менен кармаганбыз. Мен суракка алгам. Кимдер менен байланышы бар экенин изилдегенбиз да. Кыргыз, орус улутундагыларды айтсам, баарын айтты. Кавказ улутундагы адамдын аты-жөнүн сурасам, “Байкеси, угуп туруңуз. Биз алакандай болгон элбиз. Эгер мен аларды айтып баштасам, бизде эч ким калбайт. Түшүндүңүзбү?” дейт. Ошондон бери өз улутуңа аябай аяр мамиле жасоо керек экени эсимден чыкпайт. Рамзан Кадыровдун сүйлөгөн сөздөрүн карасаңыздар. Жогорку сот чечим чыгаргандан кийин “Сиз элди калтырбайсыз го” деп айтат. Ачык эле айтам, мен Акаевди кечирдим. Ал кишинин да мыктылыгын айтып коюш керек. Бул жактан Москвага кеткенден кийин сынган жок. Университетте сабак берип, чоң илимий иштерди жүргүзүп жүрөт. Акаев чыгаан окумуштуу экенин эч кимибиз тана албайбыз. Мындан тышкары, ал киши окумуштуу катары Кыргызстандын маркасы экенин да мойнубузга алышыбыз керек.

— Түрмөдө олтурганыңызда бийлик “каралар” аркылуу сындырганга аракет кылыштыбы?

— Тигил жакта 56 “кызыл” олтурган, “каралар” болсо негизги массаны түзүшкөн. Жаңы-Жердеги түрмөнү “каралар” талкалашкан. Ал жерде эки кабаттуу эки имарат бар болчу. Бирөөсүндө экинчи кабатта “кызылдар” өздөрү үчүн ремонт жасашкан. Ал жер “караларга” жагып, алмашалы деген сунуш айтышат. “Кызылдар” баш тартышат. Андай болсо деп “каралар” басып киргенде, “кызылдар” экинчи кабаттан секирип качышат. Жашоочу имараттан башкасын бүт талкалап ташташкан. Мен ошол жерге бардым. Ал жакта эң негизгиси жигит бойдон калуу. Эгер сен алсыз болсоң, алар дароо эле билишет. Мага да келишип, сыноодон өткөрүшкөн. Барганымда эле өзбек улутундагы бала ар кайсыл суроону берип, изилдегенге аракет жасады. Суроолоруна жооп бердим. Кийин бир жигитке туура эмес иш жасаганы тууралуу эскертүү бергем. Аны туура эмес иши үчүн СИЗОго которушкан. Ал жакта Кулов айткан деген сөздү айтса керек. СИЗОдон бир адам келип, менден сураган. Ага менден сурабай, эмне болгонун элден сурасаң дегем. Ал элден сурап териштириптир. Жанагы бала күнөөлүү экени билингенден кийин жазасын беришкен. Тигил жакта дароо эле баары ачыкка чыгат. Бизде ал жактагыдай демократия жок.

— Сизди Батукаев менен байланыштырып жүрөт. Жакын мамиле болгонбу?

— Батукаев менен мамилем жок. Мен Жаңы-Жерде, Батукаев Молдовановкада олтурган.

— Батукаевдин түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетүүсүнө жогор жак аралашпаса ишке ашпайт болчу да. Кимдин көзөмөлү менен “мыйзамдагы ууру” өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу сизде маалымат барбы?

Атамбаев менен сүйлөшкөнүмдө жеке өзү ушул тууралуу айтып берген. Мен сурабасам да өзү “Феликс Шаршенбаевич, Батукаев тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жатат. Сиздин оюңуз кандай?” деп айтып калды. Аны бошотуп жибербедиби, эми менден эмне үчүн сурап жатасыз?- дедим. Атамбаев “Мага Шамиль Атаханов келип, “ Батукаев оорулуу, ал эч кимди өлтүргөн эмес. Бул жакта калса эки “мыйзамдагы уурунун” ортосундагы тиреш күчөйт. Эгер ал эч кимди өлтүрбөсө, оорулуу болсо бошотуп жибербейлиби? ” деп суранды. Мен андай болсо карап көргүлө деп макул болгом” деп айткан.

Маектешкендер:

Б. Назаралиев, Н. Асанбаев

«Жаңы Ордо» гезити. №14 (587) 27-апрель, 2018-жыл.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс