• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

ДЕКЛАРАТИВДҮҮ ДЕМАГОГИЯДАН – ​ЧЫНЫГЫ ДЕМОКРАТИЯГА КАРАЙ ООР КАДАМ…

Автор:ruh_admin

Апр 28, 2018

Учур саясаты

Соңку кездердеги коомдук-саясий турмуштун өнүгүшүнө терең талдоо жүргүзүп көргөндө, адам укугу, сот бийлиги жана дагы каймана түрүндө “төртүнчү бийлик” деп аталган массалык-маалымат каражаттары ортосундагы өз ара байланыштар жаатында боло баштаган позитивдүү өзгөрүүлөр дароо эле көзгө урунары анык. Албетте, баары оң жолго коюлуп калды жана кыйшаюусуз багыт алды дегенге али караманча эртелик кылат.

Арийне, “жакшы тилек — ​жарым ырыс” демекчи, жаңы президент тарабынан жогоруда аталган чөйрөлөр тарапка берилип жаткан сигналдар эле коомдук маанайды өзгөртө баштаганын танууга да болбойт. Бир жагынан алганда, сөз жүзүндө болсо да, демократияны жана адам укугун баарынан жогору койгон (Михаил Горбачев сыяктуу), экинчи жагынан, коомдук жашоодогу темирдей тартипти сактоо үчүн өзүнүн абдан катаал экендигин көрсөткүсү келген (мыйзамды бул багытта толугу менен гана эмес, керек болсо ашыгы менен да иштетүүгө даяр турган Сталин сымал) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жүргүзгөн саясатына карата боло баштаган алгачкы коомдук терс көңүл калуулардын байкалар-байкалбас башаттары да дал ушул сыяктуу маселелерге келгендеги коомчулуктун көңүлүн кайт кыла баштагандай (разочарование сыяктуу) тенденциялардан улам гана башталгандыгы белгилүү.

Адегенде, мындай коомдук маанай ички нукта гана жашап, эл арасындагы айрым бир чөйрөлөрдө пайда болгон, кеңири түрдө ачыкка чыкпаган, туюк нааразычылык жана айрым бир такталбаган жана тактоого да мүмкүн эмес болгон күбүр-шыбыр сөздөр иретинде гана коштолуп келсе, кийинчерээк аз-аздап баары ачыкка чыга баштады…

“Мыйзамдар белгилүү бир тандалып алынган адамдарга карата гана каршы иштеп жатат”, ууру-кески, паракор, коомдук мүлккө кол салган чыныгы коррупционерлер али көмүскөдө калууда деген сыяктуу нааразычылыктардын жөн эле куру жерден пайда болбогондугун жана да алардын канчалык негизде чындыгы бар экендигин эң соңку окуялар эч кандай кошумча далилдерсиз эле ырастап тургансыйт!..

Эл арасында: “Нариман Тулеев өз эркиндигин бир миллион долларга сатып алмакчы болуп, дал ошончо өлчөмдөгү параны сунуш кылган экен, бирок, прокурор аны албай коюптур, анткени, Тулеевди эч кандай акчасына кызыкпай, темир тор артына тыккыла деген жогору жактан берилген көрсөтмө бар экен!..” — ​деген сөздөр мурда күбүр-шыбыр кептердин деңгээлинде гана айтылып келсе, эми аларга кыйыр далилдер деле пайда болгонсуп калды. Дал ошол Генералдык прокуратуранын эң эле чечүүчү башкармалыгынын жетекчи кызматчыларынын 100 миң доллар (Арпачиев — ​азыркы кезде 14 жылга соттолгон), 200 миң доллар өлчөмдөгү параларды алуулар учурунда кармалып жатышкандары эле (учурда тергөө абагында жаткан Улан Чалбаев) бул чөйрөдөгү ички жагдайлардын чыныгы абалы жөнүндө көп нерселерди каңкуулап турат…

Кечээ эле Генералдык прокурордук кызматка дайындалган Өткүрбек Жамшитовдун болочок аракеттерине жаңы президент Сооронбай Жээнбеков гана эмес, жалпы коомчулук эң эле изги үмүттөрдү байланыштырып турганы да жашыруун эмес. Негизинен, президенттин бул тандоосу азыркы шарттардагы оптималдуу кандидатура болгондугун да калыстык үчүн белгилеп коюу парздыр. Бул эң орчундуу, коомдук-саясий маанайды аныктоочу абдан маанилүү кызматка баягы эле “дежурный” “карт бөрүлөрдүн” арасынан эмес, жашыраак жана салыштырмалуу жаңы фигура, ошол эле учурда — ​бул тармакта жетишерлик тажрыйбасы дагы бар адамдын келиши да — ​жаңы президенттин айланасындагы тазалануу, жаңылануу процессинин мыйзамченемдүү уландысы болуп калгандыгы түшүнүктүү.

Жамшитовдун биографиялык резюмеси боюнча ой калчай турган болсок, карапайым эл арасынан чыккан өкүл экендиги, буга чейин кызматтык кандайдыр бир чуулгандуу окуяларга аралашпагандыгы көрүнүп турат. Бул дагы көп жакшы нерселерден үмүттөндүрөт…

Ошол кездеги соттук үлкөндөрдүн айтымында, мындай абсурддук өкүмдөрдүн кабыл алынышына прокуратура тарабынан өткөрүлгөн иштер негиз болгон экен. Мурдагы аларга коюлган көп айыптоолор далилденбеген сыяктуу каралып, алынып салынып, сотко жумшартылган мүнөздөгү, ошол жумшак өкүмдөргө ылайыктуу гана материалдар өткөрүлүп берилген дешет. А чынында, дегеле сот жана прокуратура органдарынын ортосундагы антагонисттик мамилелерди эске ала турган болсок, тээ совет доорунан бери эле, прокуратура органдары кошумча далилдерди дагы ашыгы менен (баары бир, алардын айрымдарын сот толук далилденген жок деген мааниде алып таштайт деген ойдон улам) берүүсү салт болуп келген. Ал эми прокуратура өзү өз колу менен мурда коюлган ошондой айыптоолорду азайтып коюп, атайылап жеңилдетилген кылмыш иштерин сотко шылтап өтикөрүп жибергенине караганда, демек, алар мындай “илбериңки, жумшак маанайдагы” кызматты да “жөн эле”, бекеринен жасай беришпесе керек деген логика өзүнөн өзү жаралбай койбойт!

Дегеле, “мыйзам деген буйлаланган төө, кайда жетелесең — ​ошол жакка карап кете берет” деген сыяктуу ой-жүгүртүүлөргө сот жана прокуратура органдары тарабынан биротоло бөгөт коюлушу керек. Соттун жалпыга маалым символдорунун бириндеги таразаны кармап турган адамдын көзү неге таңылуу болуп калган? Албетте, ал кимди соттоп жаткандыгына көңүл бурбаш үчүн. Ал үчүн мыйзам гана баарынан жогору болууга тийиш…

Ал эми прокуратуранын символу (калкан жана кылыч) жалпы коомчулукта алардан чочулатуу-үркүтүү сезимдерин жаратпай (эриксизден, Владимир Маяковскийдин популярдуу болгон “Моя милиция меня бережет” деген саптарына карата, эл арасында жаралган пародия — ​“Моя милиция меня стережет!” эске келет!), эгерде менин мыйзамдык укугум бузулса, адамдык ар-намысым тебеленсе, дал ушул орган мени коргоп калат деген бекем ишенич жаралышы зарыл.

Идеалында, дал ушундай болушу керек. Арийне, практика жүзүндө көбүнесе теңирден тескери болуп келе жатат. Сот органдары деле, прокуратура органдары деле жогорудагыдай ыплас, кылмыштуу иштерге аралашып кеткени аз келгенсип, көп учурларда жогорку бийликтен көз каранды болуусу уланууда…

Эң соңку чуулгандуу, коомдук-саясий турмушта зор резонанс жараткан соттук иштерге кайрыла кетелик. Президент Сооронбай Жээнбековдун журналист Кабай Карабековго берген соттук доосу кыргыз сотунда каралышынын өзү күмөндүү суроо жаратып жатпайбы?! Президент өз ар-намысын коргоого акылуу жана бул анын жеке өзүнүн иши. Арийне, бул соттук териштирүүлөр мыйзам боюнча Москвада — ​Россия Федерациясында болууга тийиш болчу. Себеби, “Коммерсант-Ъ” басылмасы ушул өлкөнүн субъектиси болуп саналат. Ал эми биринчи булак басылган газетага эч кандай доо койбой, аны жокко чыгарбай туруп, ошол эле маалыматты кайрадан басып чыгарган “24-KG” Маалымат агенттигин сотко берүүнүн өзү эле — ​абсурддук көрүнүш болчу!

Эмнеси болсо да, мындай кыйчалыш абалды өз учурунда сезген Сооронбай Жээнбековдун онтойсуз абалдан өз демилгеси менен чыгып кетип, журналисттен сот өкүмү аркылуу өндүрүлүп берилген доо арызынан баш тартуусу — ​жалпы коомдук тараптан колдоо таап жаткандыгы дагы ошондон улам…

Кыскасы, укук коргоо органдары, анын ичинде, эң башкылары — ​Генералдык прокуратура жана сот органдары — ​“бөрк ал десе, баш кесмек” адаттарынан биротоло арылып, чыныгы мыйзамдык-укуктук өлкөдөгүдөй көз карандысыз, мыйзамга гана баш ийген кызматты алып барууга жетишүүлөрү зарыл. Ансыз эгемендик доорунан бери талбай кайталап келе жаткан бирден бир колдо болгон баалуулугубуз — ​демократиялык жетишкендиктер тек гана сөз жүзүндөгү фикцияга айланат да калат…

Айта кете турган нерсе, басма сөздө айтылган сын үчүн соттоого болбойт, алар сени туура эмес сындап жатышса деле чыдап турушуң керек дегендик да аша чапкандык болору анык. Маселен, кечээ жакында азыркы оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын бири, экс-депутат жана Акаевдик доордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө “чоң” из калтыргандардын бири — ​Равшан Жээнбеков кечээ жакында жергиликтүү телеканалдардын биринен дал ушундай пикирин билдирди. Ошол эле учурда, жогорудагы “Коммерсант-Ъ” басылмасынан айрымаланып, иштеп турган жери чет өлкөлөрдө деп көрсөтүлгөнү менен, өздөрү дал ушул Бишкекте иш жүргүзүп жатышкан интернет-ресурстар дагы көп экендиги маалым. Алардын көбү кимдин, кайсыл мамлекеттин жана кандай саясий күчтөрдүн кызыкчылыгын коргойт? Эгерде Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн акыйкат жана жан-дили менен кызмат кылабыз деп санашса, эмне үчүн чыныгы даректерин фальсификациялап, “из жашырып кетүүгө” башынан эле далалат жасашат?

Бул дагы өзүнчө бир чоң маселе жана мыйзамдык негизде чечилиши абзел. Басма сөз жөнүндөгү мыйзам учурдагы кырдаалдарды жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кайрадан иштелип, толукталып чыгышы керек. Дегеле, алдын ала буйрутма кылынган “заказдык” материалдарды жазышкан, жана да кимдир бирөөлөрдүн булганч, тар кызыкчылыктарына гана кызмат кылган, мунусу үчүн тиешелүү өлчөмдө “калем акы” алып жүрүшкөн жазмакерлер да жетиштүү экендиги маалым. Аларга дагы мыйзам ченинде бөгөт коюлбаса, мунун арты коомдук-саясий пикир түзүүдө, дегеле, бирдиктүү мамлекеттик идеология айдыңында анархиялык абалга түртөрү анык.

Дагы бир дал ушул эле маселенин уландысы сыяктанган жагдай — ​азыркы тапта кайсыл бир соттук чечимдердин кайра каралып жаткандыгы жана да жокко чыгарылгандыгы — ​баары мурдатан эле мыйзам чегинде боло турган болсо, аларды кайра кароонун дагы зарылдыгы жок болуп калмак. Маселен, жакында эле элдердин эркин чогулуу жана митинг өткөрүүсүнө чек койгон соттук чечим жокко чыгарылды.

Ошол эле учурда, жашыруун чогулуу, тымызын аракет кылууга караганда коомдук жайларда ачуу чындыкты ачык айтуу канчалык пайдалуу болорлугун соңку жаңы кылымдагы окуялар эч кандай кошумча далилдерсиз эле бекемдеп тургансыйт.

Ал эми келечекте ал ошол бийик максаттарды ишке ашырууда дагы кандай тоскоолдуктарга жана бут тосууларга туш келет, — ​муну эч ким алдын ала айта албайт. Жада калса, массалык-маалымат каражаттарында “көзү ачык” делип жарыяланып жүргөн айрым “саясий кызыкчылыктарга” басым койгон адамдар деле! Ал тургай, алардын кез-кез жарыяланып калган көзү ачыктык кылган алдын ала билдирүүлөрү деле (“баланча саясатчы эми саясаттан биротоло кетет, тигил саясатчы түрмөгө түшөт же түрмөдөн чыгат, а мунусу үчүн алдыда дагы өтө зор сыноолор күтүп турат” ж. б.д.у.с.) алардын артынан кимдир бирөөлөрдүн, дал ошол саясатчылардын өздөрүнүн, же, тескерисинче, алардын оппоненттеринин кулактары чыгып турабы деген түкшүмөлдөрдү да жаратат. Ушуга байланыштуу, деги ар бир чоң саясатчынын өздөрүнө тиешелүү “штаттык көзү ачыктары” бар болот окшойт деген да ой жаралат!..

Кандай болгон күндө да, бул тармакта чечиле элек жана чечүүгө муктаж болгон маселелер дале болсо арбын. Айталык, логика боюнча да, мыйзам боюнча да укук коргоо органдарынын баарынан, Жогорку Соттон да жогору турушу керек болгон Конституциялык соттун Жогорку соттун курамына кирип калышынын өзү эле кызык абал эмеспи. Башкача айтканда, мыйзам акыйкаттыгына жетүүгө Кудайдан башка арга калбай калганда, эң акыркы баруучу инстанция — ​ошол эле өкүмдөрдү чыгарган сотко баш ийип калганы абсурд эмей эмне?..

Адамдардын укуктары такай бузулуп жаткан, мыйзамдар көп учурларда каалагандай бурмаланып, тебеленген өлкөдө демократия, эркиндик жөнүндө канчалык сөз кылбагын — ​мунун баары демагогиялык деңгээлдеги пропаганда абалынан көтөрүлө албасы бышык.

Азыр биз, — ​жалпы коомчулук, эл жана да жогоруда аталган бардык мамлекеттик органдардын патриоттук маанайдагы кызматкерлери жана масс-медиа өкүлдөрү биригип, — ​Кыргызстаныбыз азыр дал ошондой арабөк турган абалдан биротоло көтөрүлүп кетүүгө абдан чоң аракеттерди жасап жаткан этапты баштан кечирүүдө. Бул ийгиликтүү болобу жана ал изги максаттар ишке ашабы, жана ашса да, канчалык деңгээлде жана канча тез убакыттын ичинде — ​бул жагдай учурдагы президенттин жеке демилгелерине жана активдүүлүгүнө жараша болот.

Азырынча, жаны президент Сооронбай Жээнбеков “кыска мөөнөттүү эс алууларга” көп басым жасаган экс-президенттен айырмаланып, эч кандай убактысын, күч-кубатын аябай, өлкө кызыкчылыгы үчүн иштөөгө дилгир болуп тургандыгы дайын болууда…

Бирок, ал жакшы ниет жана жан-дили менен берилген таза дилгирлик конкреттүү кадамдар менен такай коштолуп турушу ылаазым. Азырынча биз ошондой кадамдардын эң алгачкыларына гана күбө болуудабыз.

Демек, алдын ала жасала турган жыйынтыктарды чыгарууга да али бир топ эле эртелик кылат.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

«Жаңы Ордо» гезити. №14 (587) 27-апрель, 2018-жыл.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс