Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Журналисттен Президентке кайрылуу же жергиликтүү бийлик берип жаткан «Беш-Арал» коругун С. Жээнбеков коргоп кала алабы?!

Журналисттен Президентке кайрылуу же жергиликтүү бийлик берип жаткан «Беш-Арал» коругун С. Жээнбеков коргоп кала алабы?!

Кыргыз Республикасынын

Президенти С. Ш. Жээнбековго,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин төрагасы

Д. А. Жумабековго эркин

журналист А. Нурдиновдон

(Бишкек ш. Аска-Таш ж.к.

Сад көч. 12 үй, 0700034199, 0771677527)   

 

К А Й Р Ы Л У У

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

Кыргызстандын «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругу күн батышынан Өзбек Республикасы менен чегаралаш жайгашкан. Күн чыгышынан айтылуу Чаткал өрөөнү менен чектешет. СССР убагында бул өрөөндү Өзбекстан өзүнө каратып алуу үчүн бир нече жолу аракет жасаган. Ошол учурда Ош обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген Султан Ибраимов, Ала-Бука районунун биринчи катчысы Абдибаит Тажибаев бул өрөөндү тарттырып жибербөө үчүн алгач механизациялаштырылган Чаткал токой чарбасын түзүп, андан кийин анын курамынан «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругун өз алдынча бөлүп уюштуруп, Өзбек ССРинин жылма чегара саястын токтотушкан. Бирок, Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры, КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү, Өзбек ССРинин биринчи катчысы Шарафидин Рашидов Чаткалга көз артканын токтотпой, бул маселени Москва аркылуу чечүү аракетин баштайт. Ошондо Кыргыз ССРнин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев Чаткалды атчан түрө  кыдырып чыгып, Кремлдин бийик трибунасында коргоп калганы эл оозунда алиге чейин аӊыз катары айтылат.

Ошол коруктун өзөк зонасы – Найза токой участогунда чачыранды алтындын кору бар экендиги Союз убагында аныкталган. Улуу муун сактап келген ушундай керемет жайга былтыр жергиликтүү бийлик (айыл өкмөтү жана айылдык кеӊештин депутаттары, райондук мамлекеттик админстрация), КР Өкмөтүнүн алдындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана ага түз баш ийген «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругунун дирекциясынын тымызын колдоосу менен бизнес өкүлдөрү кол салышты.

Тактап айтканда, Чаткал айылдык аймагынын башчысы Б. Исабеков 20.06.2017-жылы корукка коӊшу жайгашкан Ак-Таш айылында элдик жыйын өткөрүп, 41 адам Найза участогундагы алтынды казып алууга «Мурас-Синтез» ЖЧКсына уруксат берип кол койгон токтомду токуйт. Ошондон кийин «Мурас-Синтез» техникаларын киргизип, коруктагы эски 17 км. жолдон тышкары дагы 5 км. жаӊы жол салган. Чаткал айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын IX сессиясы бул маселени «жергилктүү элдин чегарачылар менен болгон конфликтине» таяп карап, №2 токтомун кабыл алган. Ага ылайык Чаткал айылдык аймагынын башчысы Чаткал райондук администрациясына кат жолдоп, райондун акими К. Эшалиевдин буйругу менен атайын комиссия түзүлөт. Бул комиссия «Беш-Арал» мамлекеттик коругунун аймагынан Чаткал заставасы үчүн жерди трансформация кылып берүү Актысын түзүп (эмне үчүн Акт деп аталганы түшүнүксүз) КР Өкмөтүнө кайрылып, коруктун ичи аркылуу жол салууга «Мурас-Синтездин» документерин карап көрүү өтүнүч-сунушун киргизген. Кыскасы, жогорудагы аракеттерде «Мурас-Синтез» ЖЧКсын колдоо даана байкалат. Ошондон улам, Найза участогун казуу максатын көздөгөн белгилүү бир топтун кызыкчылыгы болуп жатканы жана ага жергиликтүү бийлик, КР Өкмөтүнүн алдындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги баш болуп колдоо көрсөтүп жатат деген шек жаратат.

Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамынын 1-главасы, 9-беренесинде Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары «өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо жана пайдалануунун режимин сактоо; …биолигоялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча жаратылышты коргоо иш-чараларын жүргүзүү» деп белгиленген. А иш жүзүндө Чаткал айылдык аймагынын башчысы, айылдык кеӊештин депутаттары корукту коргоого албай, кайра кол салууга ортоктош болушууда.

Ал эми КР Өкмөтүнүн алдындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругунун директору жол салуу фактысын КР Чегара кызматына шылтап, СССРдин убагында салынган коруктагы эски 17 км. жол өрткө каршы тазаланды деп жайкап, жаӊы 5 км. жол салынганын жаап-жашырууда. Бирок сурай келгенимде КР Чек ара кызматы жолду тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн куш тилиндей да кат менен кайрылбаганын коруктун деректири Р. Аманкулов ырастады.

Эми ГКПЭН жакынкы аралыкта «Мурас-Синтезге» Найза участогундагы чачыранды алтынга лицензия берсе, мен таӊ калбайм. Анткени буга чейин да аталган коруктун аймагындагы Ийри-Сай алтын кенин (637 га.) алгач аукционго коюп, андан кийин «бул участок коруктун аймагында жайгашканы аныкталды» деген жүйөө менен аукционду токтотуп, бирок иш жүзүндө участоктун теӊ жарымын кыскартып (313 га.) 2017-жылы 15-июнда Б.Э.Б. ЖЧКсына № 5464 АР лицензияны түз сүйлөшүү жолу менен берип койгон.

Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамында буфердик зонада геологиялык чылгындоо, кен казуу иштерине эле эмес, бүтүндөй өндүрүш жаатына тыюу салынган. Ал эми өзөк зонасына техника түгүл мал киргизбей ызы-чуу салган эсил кайран СССРди эстеп, эми Эгемендүү Кыргызстандын мыйзамдары деле буга жол бербейт деген үмүттө КР Генералдык прокуратурасына кат жолдосом, Чаткал райондук прокуратурасы «… Былтыр күз мезгилинде тоого кар калыӊ жаап койгондугуна байланыштуу каз тамандуу бир экскаватору жана дөӊгөлөктүү бир трактору Баркырак корук бөлүмүндө бүгүнкү күнгө чейин тургандыгы такталды. Ал эми, «Мурас-Синтез» ЖЧКсы «Найза» участкасынан жолду тазалоодо бак-дарактарды кыйу, алтын казуу иштери жана башка мыйзам бузу фактылары аныкталбаганын билдиремин» деп кашкайып жооп берди. «Жергиликтүү бийликтин иш аракети мыйзамдуубу?, «Мурас-Синтезди» корукка киргизүүгө укугу барбы жана аны дегеле ким киргизген?» деген суроолорго жооп жок.

          Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Өлкөбүздөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы аёсуз күрөшөмүн деп Сиз калыӊ элдин алдында убада бергенсиз. Жогоруда келтирилген фактыларда ар кандай шылтоо таап, коррупциялык жол менен «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругундагы кен байлыктарды ээлеп калуу аракети болуп жаткандыгы айдан ачык. Конституциянын гаранты катары Сизден бул ишти токтотуп, жергиликтүү бийлик жана жооптуу мекемелерге чара көрүшүӊүздү өтүнөм

2000-жылы Ташкенден качкан террористтер Чаткал өрөөнүнө кирип келгенде Чегара заставасын коруктун аймагына жайгаштыруу маселеси  көтөрүлгөн. Кийин коӊшулар менен алакабыз начарлаганда аталган коруктун эки кызматкерин өзбек чегарачылары кармап кетишип, анын бири соттолуп кеткенде дагы бир жолу көтөрүлгөн. Бирок өлкөбүздүн ошол учурдагы жетекчилери мыйзамды сыйлашып, аны бузууга барышкан эмес. Кокус, дагы террористтер кирип келсе элибизди, чегарабызды коргосун деп, Чек ара заставасын Ак-Таш айылына курган. Эми Өзбекстан менен бардык жагынан мамилебиз жакшырган мезгилде кайрадан чыгым болуп, Чек ара заставасына коруктан жер берип көчүрүүнүн кажети барбы? Ал эми «жергиликтүү эл менен чегара аскерлеринин ортосунда чыр-чатактар болууда» деген шылтоо эч кандай шоона эшпейт. Аскерлерин темирдей тартипке көндүрбөсө командирдин, элин ынтымака баштай албаса айыл өкмөттүн кемчилиги эмеспи?!

Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

КР Жогорку Кеӊешинин төрагасы катары жогоруда келтирилген фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүп берүүӊүздү өтүнөм.

40 адамды топтоп жыйын куруп токтом токуп, алтын казууга макулдук бергенге, же жеке менчик фирманы коруктун аймагына жол салдырганга айыл өкмөтүнүн укугу барбы? Айылдык кеӊештин бул маселени атайын сессияда карап, чечим кабыл алганы мыйзамдуубу? Ал эми корукту көзүнүн карегиндей сактоо түздөн-түз милдети болгон «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругунун деректири жана КР Өкмөтүнүн алдындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилигинин аракетсиз олтурушу канчалык мыйзамдуу?

Чаткал райондук прокуратурасы КР мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзбөй, кайра «Мурас-Синтезге» «боор тартып» жаткан жокпу?

Кайрылууга кошо тиркелди:

  1. Чаткал айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Таш айылынын элдик жыйынынын №27 токтомунун көчүрмөсү – 5 барак.
  2. Райадминстрациянын жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн комиссиянын Актынын көчүрмөсү – 1 барак.
  3. КР Өкмөтүнүн алдындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин катка жообунун көчүрмөсү – 2 барак.
  4. «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругунун деректиринин жооп катынын көчүрмөсү – 1 барак.
  5. КР Генералдык прокуратурасына жазган арызымдын көчүрмөсү – 2 барак.
  6. Чаткал райондук прокуратурасынын арызга берген жообунун көчүрмөсү – 1 барак.

 

Кайрылуу-арызды жазган                        А.Нурдинов.

20.04.2018-ж.  

P.S. Ал эми Чаткал районунун прокурору аталган маселеге мындай жооп кайтарган:

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНЫН

ЧАТКАЛ РАЙОНДУК

ПРОКУРАТУРАСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ПРОКУРАТУРА

ЧАТКАЛЬСКОГО РАЙОНА

ЖАЛАЛ-АБАДСКОЙ ОБЛАСТИ

      721700, Каныш-Кыяайылы, А.Байматов көч. 7                     721700, с.Каныш-Кия, ул.Байматова, 7

      факс: (03722) 6-09-50, тел.: (03749) 6-00-68                                  факс: (03722) 6-09-50, тел.: (03749) 6-00-68         э/почта —  pchatkal@mail.ru                                                                э/почта —  pchatkal@mail.ru

 

№_____________“_____” ____________2018-ж.

 

Бишкек шаарынын  тургуну  А.К.Нурдиновго

  Сиздин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына даректелген арызыңыз боюнча Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп,  анын жыйынтыгы менен төмөнкүлөрдү билдиремин.

Арызыңызда көрсөтүлгөн Чаткал районунда жайгашкан Чаткал айыл округунун башчысы Б.Исабеков жана “Мурас-Синтез” жоопкерчилиги чектелген коомунун окулу И.Каримов тарабынан Ак-Таш айылындагы 5 км жаны жолду куруп салды жана элдердин макулдугун алып, “Найза” участкасынан алтын казуу иштери боюнча документтеринин мыйзамдуулугун текшерүүдө томондогулор аныкталды.

Тактап айтканда, 2017-жылдын 20-июнунда Чаткал айыл окмотунун №27 токтомунун негизинде Ак-Таш айылында “Мурас-Синтез” ЖЧКнынокулу  И.Каримов менен 41 жергиликтүү тургундардын катышуусунда элдик жыйын болуп, анда жергиликтүү тургундардын сунушу менен Чаткал чек ара заставасына жардам катары “Баркырак” корук бөлүмүнө чейин 17 км эски жолду тазалоо иштерин (СССР убагындагы салынган жол) жана алтын кен казуу иштери боюнча создор болгон, чогулган элдер оздору макулдуктарын беришкенден кийин “Мурас-Синтез” ЖЧКму “Баркырак” корук бөлүмүнө чейин 17 км эски жолду тазалаган, бирок “Мурас-Синтез” ЖЧКнун “Найза” участкасынан алтын казуу иштери боюнча эч кандай иш кагаздары боюнча уруксаты жок болгондуктан Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан жолду тазалоо иштери токтотулган.

Былтыр куз мезгилинде тоого кар калын жаап койгондугуна байланыштуу каз тамандуу бир эксковатору жана дөңгөлөктөрү бир трактору “Баркырак” корук бөлүмүндө бугунку күнгө чейин тургандыгы такталды.

Ал эми, “Мурас-Синтез” жоопкерчилиги чектелген коому “Найза” участкасынан жолду тазалоодо бак-дарактарды кыйуу, алтын казуу иштери жана башка мыйзам бузуу фактылары аныкталбагандыгын билдиремин.

Эгерде Сиз, кабыл алынган чечимге нааразы болсоңуз, жогору турган прокурорго даттанууга укуктуу экендигиңизди тушундуромун.

 

 

Чаткал районунун прокурору                                                        Н.Бообеков

 

 

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс