• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Соңку 4-5 жылда оңой эмес акча уурдалыптыр

Автор:ruh_admin

Апр 26, 2018
Кумтөр, Бишкек ЖЭБ, Датка, Датка-Кемин, Альтернативалуу жол сыяктуу ири долбоорлор үчүн Кытайдан алган насыялардан өөнөлгөн, уурдалган акчалар. Жерүй, Терексай, Иштамберди ж.б.у.с. алтын кендерди пулдагандан түшкөн акчалар. Деги койчу, буларды уккан Акаев менен Бакиев ичи ачышып, «каап» деп калгандай. Эмне дейт элек. «Талант». Буларды ачык да, жабык да, түз да кыйыр да колдоп, коргоп аларды бир бечара кылып көргөзүмүш болуп, коомдук пикир түзгүсү келип жаткан коммерциялык жазмакерлер, сиздерге төлөнүп жаткан акча ал — өз элиңиздердин терисинен сыйрылып алынганын билет бекенсиздер. Муну менен элдин ырыскысына кыянат кылгандарды жазадан куткарууга жардам берип жатасыздар. Булар жазасыз калса, анда буга окшогон уурулуктар улана берет. Буга жазасыз калуу синдромуна түрткү болгон калемдештер- сиздер дагы себепкер болосуздар. Жаңылып жазсам, кечирим сурайм. Жараткан өзү гана билүүчү.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс