• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Ош шаарында Иран киносунун күндөрү башталды

Автор:ruh_admin

Апр 26, 2018
Категория: Күндеми — Published: 26/04 — 19:19

Ош, 26-апрель, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. Бүгүн, 26-апрелде Ош МУда “Иран киносу күндөрү” башталды.

Анда Иран кинематографисттеринин ондогон тасмалары көрсөтүлөт. Бул тууралуу университеттин Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов

ca-irnews.com агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Моджтаба Рузбехани мырза менен Ош МУнун ректору, профессор Каныбек Исаков эки тараптуу кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюшту.

Анын негизинде, ар жылы Ош МУнун 10 студенти Иран Ислам Республикасында окуп келүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле биргелешип изилдөө долбоорлору, академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча кызматташуу талкууланды.

Кошумчалай кетсек, аталган окуу жай Иран мамлекети менен кызматташууну буга чейин да ишке ашырып келишкен. Анын алкагында Ош МУ Эл аралык мамилелер факультетинде Иран таануу борборун ачкан. Коноктор менен аталган борбордун иш аракеттерин колдоо багытында да сүйлөшүүлөр болду. Иран таануу борборунда перс тилиндеги адабияттар, усулдук колдонмолор менен толукталган.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс