Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Дайджест / ORION кимдин отели?… «Жуксун, жуксун» кылбайлыбы?…

ORION кимдин отели?… «Жуксун, жуксун» кылбайлыбы?…


Кызгалдак Жакыпова 24-апрель 2018, 18:34

Саясат


ORION кимдин отели?... "Жуксун, жуксун" кылбайлыбы?...

Экс-президент Алмазбек Атамбаев алты жыл өлкөнү башкарганда алты ишкана курулбаса да айрым адамдардын жеке бизнеси бир топ эле гүлдөдү. Бирок ошол иши жүрүшүп, ити чөп жеп, 5-6 жылда олигархка айлангандар кимдер?

Албетте, А.Атамбаевдин тегерегиндеги аткошчулары менен акылкошчулары. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, Бишкектин чок ортосундагы ORION деп аталган мейманкана А.Атамбаевдин тушунда алгач пресс-катчы, кийин ал бийликтен кетерге жакын аз гана убакыт президенттик аппаратты башкарып калган Алмаз Үсөновго тиешелүү экен.

Чындыгында бул мейманкана өтө заманбап стилде салынып, ичине киргенде кадимки эле Американы же Европаны элестетет. Бир капталында эл аралык каржы уюмдары жайгашып, Ак үйдүкүндөй эле темир тосмолор жана күзөтчүлөр кайтарат. Мамлекеттик деңгээлдеги, чет элдик делегациялар менен жолугушуулар да байма-бай өтүп турат.

Өткөндө КСДПнын “легендарлуу” курултайы да ушул мейманканада бекер өтпөгөн экен. Демек, эски бийликтин таасирдүү адамдарынын биринин тиешеси болушу мүмкүн. Биз алардын байлыгына кызганбайбыз жана ичкүйдүлүгүбүз деле жок. Болгону эгер бул мейманкана чындап эле Алмаз мырзага караштуу же үлүшү болсо, андай “ийгиликке” жарыбаган маянасы бар мамлекеттик кызматтан кантип жеткендиги же мындай баш айланткан империя түзгөндүгүнүн “секретин” айтып берер…

Алмаз мырза, «жуксун, жуксун» кылалы да…

Нурбек Тагаев, NazarNews.kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс