• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Ак үй – ШЫБЫРТ: Эртең Осмонбек Артыкбаев камакка алынат…

Автор:ruh_admin

Апр 24, 2018

Гүлжан Шерипбаева 23-апрель 2018, 19:47

Саясат


Ак үй – ШЫБЫРТ: Эртең Осмонбек Артыкбаев камакка алынат...

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо үчүн Кытайдан алынган 386 млн доллардын артынан бир топ атка минер темир тор артына кеткени калды. Тилекке каршы 386 млн долларга азырынча эч ким жооп бере элек.

Бирок акчаны ап этип койгондордун аты-жөнү эл арасында арбын. Алардын катарында мурдагы Энергетика министри, азыркы депутат Осмонбек Артыкбаевдин аты көп аталчу болду. Алсак, Артыбаевдин Кытайлар менен 386 млн долларга ЖЭБди кантип баалаганы айтылууда?

Тилекке каршы, акчанын эсебин таппаган байкуштар, аттишти 600 доллар деп баалашып, элге шылдың болушту. Ошентип коррупционерлердин бетин, атайын органдар эмес, кыш мезгили ачып, алды камакка алынды.

Бизге жеткен такталбаган маалыматтарга таянсак, эртең ТЭЦ боюнча Осмонбек Артыкбаев камакка алынышы керек. Так ушул тапта Осмонбек мырза, былыгын жаап-жашырыш үчүн буту-бутуна тийбей чуркап жүргөнүн уктук. Бир жуманын ичинде айрымдардын көңүлүн таппаса, Осмонбек Артыкбаевди УКМКнын жер төлөсү күтүп турат.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс