Воскресенье , 12-Июль 2020
Башкы бет / Без рубрики / Экс-акыйкатчы экс-президентке каршы

Экс-акыйкатчы экс-президентке каршы

Урматтуу достор!
Менин бул видеону жарыялоомо Роза Исаковна Отунбаеванын Аида Салянованы колдоп Президент Сооронбай Шарипович Жээнбековго кайрылуусу себеп болду.
Салянова Башкы Прокурор болуп иштеп турганда озгочо карапайым элге коптогон кыянаттык иштерди жасаган.
Баса белгилей турган нерсе, Салянова Аида Башкы прокурор болуп турганда козун май басып, айтканы айткан, дегени деген болуп бир гана адамдын- Алмаз Атамбаевдин гана созун угуп, анын заказын аткарчу. Саляновадан баары аябай коркушчу.
Мен Салянованын карапайым элге карата мыйзамсыз кабыл алган токтомун таап, аныктап эле тим болбостон, аны алгач Октябрь райондук сотуна андан сон Бишкек шаардык сотуна берип, сот аркылуу далилдоого жетишкемин. Тагыраак айтканда, райондук жана шаардык сот Салянова Аида мыйзамсыз окум кабыл алган деген окум чыгарышкан. Эгерде, Жогорку сот даагы мени колдоп, адилеттуу чечим чыгарганда мен Салянованын ишин Жогорку Кенешке алып чыгып, аны жумуштан алууну талап кылат болчумун. Тилекке каршы Жогорку сот Салянованы колдоп, мыйзамсыз чечим кабыл алган. Менде баардык документтер сакталуу.

Эн окунучтуусу, Салянованын мыйзамсыз кылмыштуу токтомунун айынан ондогон жазыксыз, карапайым атуулдар коп жылга турмого камалып кетишкен. Алардын арасында Кыргыздын мекенчил жигити Наристе Калчаев жана башкалар бар.
Бул Салянованын кылмыштуу иштеринин бироо гана, ….кааласанар толтура келтирип берууго даярмын.

Мени окундургону Роза Исковнанын мына ушунун баарын билип туруп, Саляновны колдоп, президентке кайрылгандыгы болду. Бул чыныгы ШЕРМЕНДЕЧИЛИК.

Бакыт Аманбаев,

КРнын экс-акыйкатчысы.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс