• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

Карашев кыйын кадр, колдонсо неге болбосун?

Автор:ruh_admin

Апр 21, 2018

Аалы Карашев мыкты аппаратчик экенин эч ким тана албайт. Ал уюштуруу иштерин гана мыкты аткарбастан, эртеңки күнгө учурунда анализ жүргүзө билери менен айырмалана алчу кадр. Бир сөз менен айтканда учурдун күрөө тамырын кармай билет. Аалы Азимовичтин тажрыйбасын, ишбилгилигин мамлекет үчүн колдоно турган убакыт болуп турат. Отставкага кеткен өкмөт дагы Карашевди биринчи премьер болуп иштеп бериңиз деп бир күндө беш жолу телефон чалып суранганда “Мен мындай Өкмөт менен иштеше албайм. Жалпы эл шайлаган президенттин жакшы кадамдарына шайкеш келбеген иштерди жасап, туура эмес кадам таштагандардын катарында иштөө мүмкүн эмес” дегендей жообун бергени, анын кызмат үчүн жулунбаган адам экенин тастыктайт да. Башка бирөө болгондо ошол замат чуркап бармак. Карашевдин көз карашы да Жээнбековдун жүргүзүп жаткан саясатына дал келүүдө.

«Жаңы ордо» гезити. №13 (586), 20-апрель 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс