• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Атамбаев командасына тирек болчуларды эмес, шыпаналарды чогулткан

Автор:ruh_admin

Апр 21, 2018

Мурунку президент резиденцияда фракциядагы депутаттарын чакырып жыйын курганда 19 депутаты барган. Арасында көңүл үчүн барып койгондору көп болгонун кечээги өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө ачык көрүндү. Ошол жыйынга барган депутаттардын арасынан 3 депутат Д. Аттокуров, Д. Бекешев, М. Мадеминов дагы Исаковду колдоп, ишенбөөчүлүккө каршы добуш беришти. Калгандары добуш берүүгө катышпай качышса, ишенген лөктөр “Мындай саясатка каршымын” деп Исаковдун саясатына тойгонун билдиришти. АША командасына арка-бел болуп берчү адамдарды эмес, ким жакта жарык болуп турса, жарыкты айланып учкан шайтан көпөлөктөрдү чогултуп алганына бармагын тиштеп олтурса керек. Бул бүгүнкүнүн ачуу чындыгы болуп жатпайбы. Резиденциядагы жолугушууга барып, алдыңкы катарда олтурган Азамат Арапбаев Атамбаевге кантип бел болуп бере алат? Кечээ эле “Ак жолдун” күкүгү болуп жүргөнү калппы? Жаныш Бакиевдин алдында бүжүрөйгөнү, Максимге каршы бир ооз сөз айтканга жарабаганын өзү жокко чыгара алабы? Ал үчүн өзүнүн бизнеси гүлдөсө болду. Тирек болот деп ишенген Артыкбаев күч келгенде тескери кетээрин далилдебедиби. Эртең АШАны сатып кетеринен эч ким күмөн деле санабайт да… Ушуга окшогон пулдун кулу болгондорду команда катары эш туткан АШАнын эң чоң жаңылыштыгы.

«Жаңы ордо» гезити. №13 (586), 20-апрель 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс