Категория: Фото — Published: 19/04 — 17:04
Ирандын Кешм аралындагы крокодилдердин «Нопак» паркы 2010-жылы ирандык айым Маржан Рустаинин аракети менен ачылган. Бул парк Жакынкы Чыгыштагы биринчи парк болуп саналат. Паркта крокодилдерден сырткары башка жаныбарлардын дагы 30дай түрү бар.
Кешм аралы — Ирандагы жана Перс булуңундагы эң ири арал болуп саналат. Кешм аралы бүгүнкү күндө чет элдик туристтердин арасында абдан популярдуу. Алар аралдагы абдан кызыктуу жана кереметтүү геологиялык объекттерди көрүүгө келишет.
http://www.ca-irnews.com/kg/