Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Дүйнө / Иракта 300 киши өлүм жазасына тартылды, арасында кыргызстандык бир аял бар

Иракта 300 киши өлүм жазасына тартылды, арасында кыргызстандык бир аял бар

Категория: Дүйнө — Published: 19/04 — 18:24

Ирактын соту акыркы айларда ИШИМ террордук уюмуна мүчө болгон 300дөн ашуун кишини өлүм жазасына тартуу, кээ бирлерин өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Бул тууралуу ISNA агенттиги кабарлады. Соттогу булактын билдиришинче, өкүм чыгаруу процессинин бири Ирактын түндүгүндөгү Мосулга жакын Телль-Кайф шаарында, экинчиси Багдаддын борбордук кылмыш сотунда болуп өттү. Багдадда январь айынан бери ИШИМ террордук уюму менен байланышы бар 97 аялды өлүм жазасына тартуу, 185 адамды өмүр бою эркинен ажыратуу, 15 кишини 3 жылга жана 1 аялды 1 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Соттолгондордун көбү Түркия, Азия өлкөлөрүнүн жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары.

Ошондой эле Франциянын 1 жараны өмүр бою эркинен ажыратылып, 1 немис аялды өлүм жазасына тартуу өкүмү чыккан. Ирактын Жогорку Сот кеңешинин басма сөз катчысы Абдул Саттар Байрактардын айтымында, 815 кишиге өкүм чыгарылган. Алардын ичинен 212 кишиге карата өлүм жазасына тартуу өкүмү чыгып, 150 киши өмүр бою эркинен ажыраттылган.

Өкүм Ниневия провинциясынын кылмыш соту тарабынан чыгарылган. Мындан тышкары, Багдаддын борбордук кылмыш соту аталган террордук уюмга мүчө болгон азербайжандык 3 аялды жана кыргызстандык 1 аялды өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарып, орусиялык 2 аялды өмүр бою эркинен ажыратканын Alquds Alarabi гезити жазды.

Маалыматтарга караганда, азыркы учурда ИШИМ террордук уюму менен байланышы бар деп шектелген чет өлкөлүк 1400дөй аял жана балдар Ирактын түндүгүндөгү бир аскердик базада камакта жатат.

http://www.ca-irnews.com/kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс