Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Дүйнө / “Рэнд” институту: “Израиль Иранга туруштук бере албайт»

“Рэнд” институту: “Израиль Иранга туруштук бере албайт»

Категория: Башкы жаңылыктар — Published: 17/04 — 09:23

АКШнын белгилүү аналитикалык институттарынын бири Израиль Сирия маселеси боюнча ИИРге туруштук берүүгө алы жетпей турганын билдирген.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Рэнд аналитикалык институтунун сайтында жарыяланган макалада мындай деп жазылган: “Израилдин Сирия окуясына таасир этүүсү чектелди. Тель-Авив Иран менен Орусиянын ролун алсыздандыра албайт жана Башар Асаддын бийлигинин сакталуусуна терс таасирин тийгизе албайт.”
Бул аналитикалык борбордун билдирүүсүндө, Израиль өкмөтү Сириядагы “жарандык согуштун” натыйжасына эч кандай өзгөртүү киргизе албайт жана ал эчак эле Жакынкы Чыгыш окуяларында алсыз оюнчуга айланган.
Рэнд институту мындай деп кошумчалаган: “Албетте, Иран менен Орусиянын Сириядагы катышуусун азайтуу жана Сириянын тоскоолдугусуз Голан бийиктиктерине толук ээлик кылуу Израилдин кызыкчылыктарына кирет. Бирок учурда Тель-Авив бул талаптарын ишке ашырууга күчү жетпейт.
Эске салсак, сионисттик режим учурда сириялык террорчулар менен кызматташууда жана аларга жада калса өз өлкөсүндөгү ооруканаларында бекер медициналык кызматтарды берүүдө.

http://www.ca-irnews.com/kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс