• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки
Бир жолу Ош базарынын жанында, ак “Ниссанымда” “Азаттык” угуп отурсам, терезени периштедей сулуу кыз тыкылдатты. Аябай сулуу экен. Бардык нормальный эркектердей, заматта эле сулуу периште менин кучагымда калды. Кыялымда, албетте. Бир кебетеси түрккө да, өзбекке да, кыргызга да окшой берген кишини жетелеп алыптыр сулуу. Новопокровкага жеткирип койбойсузбу дейт. Макул дедим. Сулуунун кавалери түркмөн экен. Бүгүн эле чаптым муну, байке, — дейт тиги кыз. Аты Гүлзар экен, адашпасам. Түркмөн кавалер кыргызча билбейт, орусчасы ныпым жок. Гулзар болсо орус чалыш неме экен. Бирок экөө бирин-бири түшүнүп эле бака-шака болуп келе жатышты. Байке, музон барбы деди кыз. Мен классика же дүйнөлүк оркестр шедеврлерин угам. “Одинокий пастухту” койсом, — что за унылая музыка, терпеть не могу, есть же вот это өрүк, өрүк, сени көрүп… дегенде эле түшүндүм сулуунун вкусун. Анан түркчө шок музыкадан койдум. Эки кардарым ордунан чычаңдап бийлеп шаңдуу баратышты. Бир жерден дүкөнгө токтодук. Кыздын телефон номерин берип кирип кетишти. Кыйла жоголуп кеткенинен чалып шаштырдым.

Гулзар сулуу Таш-Көмүрдөн болот экен. Бир орус жигит менен сожителмин деди. Орус сутка иштеп, сутка үйдө болот. Бүгүн жумушта дейт. Расслабуха кылайын деп мобу түркмөндү алып баратам. Мен үйдө жокто, орусум деле кыздарды алып келет достору менен. Чем я хуже дейт.
Тооба кылдым!
Новопокровка бир топ алыс го. Кыйла нерсени сүйлөштүк. Түркмөнгө айтайын, бир кафеге токтойлу. Сизге да тамак алып берели байке дейт. Рахмат дедим. Новопокровканын ичине тереңдеп кирип, Гүлзар сулуу жашаган орустун үйүнө жеттик. Эки жаш түшүп калышты. Периштедей сулуу кыз: Байке, я вам позвоню деп калган. Чалбайт го деп унутуп деле калыптырмын. Бир-эки жумадан кийин чалыптыр. Байке, мен баягы Новопокровкадагы кызмын. Орус 1-2 күнгө пропади деп жатат. Достору менен расслабуха кылышат экен. Алып кетпейсизби дейт.
Келмем оозуман түштү.
Кимге кандай, билбейм. Же адам карыган сайын ошондой болуп калабы? Мен үчүн мечитке барып, аалымдардын дааватын угуп, көзүмдүн жашын кылгыртып отуруу расслабуха. Бүгүн да мен үчүн расслабуха. Бир досум экөөбүз Орок айылына маанилүү миссия менен баратабыз. “Расслабуха” да ошол жакта болот. Буйруса, айтып берем.
Жума күнүңүздөр менен!

Нургазы Мусаев
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс