
** кайсы бир өлкөнүн башчысын шылып жамандабаганы;
** тарыхта кыргыз кыйын, укмуш эл болгонун, “кутузбай-эсенбай-тургунба
** күлөт десе эле башкалардан башкача карсылдап күлүп, кучактайм деп барып өбөктөп асылып калбаганы;
** олуттуу эле сүйлөп баратып ар кайсыны айтып баш-аягы жок талаалап кетпегени;
** бөтөн элде, бөтөн өлкөдө жолугушууда жүргөндө өз мамлекетинин ички проблемаларын, ички мамилелерин, журналисттерге жайып тиги-буларды жамандабаганы;
а түгүл:
** имиджмейкеринин айтканына чыкпай, чачын тара деген жагына тарап, кий деген кастим-шымын кийип шөлбүрөбөй, болбурабай — өзүн журттун, элдин атасындай оор басырыктуу , тың алып жүргөнү кубаттоого татырлык.
..ушул жүрүш менен кетсе, тышкы саясатыбыздагы ийгиликтер ого бетер оожалып, баары жакшы болот деген үмүт бар, азырынча.
P.S. Тышкы саясат албетте — түз басып, түз жүрүп, бөтөн элдин лидери менен жолукканда ашыкча сүйлөбөй койкоюп олуттуу болуп коюу менен; же жарашыктуу чач жасалга, зынкыйган жарашыктуу кастим-шымды кийип жүрүү менен эле өлчөнбөйт. Мамлекеттин акчасына самалетко май куйдуруп, делегациянын курамындагы ар кишиге чыгым кетирип тигил же бул мамлекетке сапарга барып келип жаткан соң, ошол тышкы байланыштан, ошол өлкөлөрдөн Кыргызстандын экономикасына, жарандарына эмне утуш же утулуш болуп жатканы өтө маанилүү. Эми аны карап, тиктеп, байкап турган эл бар эмеспи, кыйшайса түзөп, бузулса оңдоп, бизге окшогон “жаман” журналисттер сайрап тураар..