• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

ИСХАК ТАГАМДЫ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫШКАНМЫН”

Автор:ruh_admin

Апр 10, 2018

“… Бирок, Исхак Раззакович кайтыш болгондо жердештери ал кишини акыркы сапарына узатып барышып, топурак салбай калышты. Казганактап бейит башында турушуп: “Кош, боорум! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!” – дешип, баштарын ийип, коштошуу создөрүн айтпай калышты. Аза күтүү ырасмисинде калкайып турууга тийиш болгон калаба калың журт ал турмак ал кишинин навыт болгонун угушкан да жок. Аттиң десең, баарынан өкүнүчтүүсү ушул болду!..”

Шаршенаалы Абдылдаев. “Исхак Раззаков: “Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт”. Даректүү баян. “Алатоо” журналы. 1989-ж. Фрунзе ш.)

Автордон: Улуу адамдардын артынан уу-дуу кеп-келеч, ушак-айың сары тумандай самсып жүргөн менен, андай адамдар саясий аренадан кеткенден кийинки инсандык тагдыры, өмүрү, ал турсун өлүмү да айрым учурда табышмак бойдон калаары тарыхтан белгилүү го. Ал эми кыргыз элин кылымдык бийиктикке көтөрүп кеткен Исхак Раззаковдун тагдыры да айрым бир кутумдардын куйту оюндарынын айынан чалкеш-чатыш болуп, атайын унутулууга аргасыз болгон. Жогоруда биз цитата келтирген Ш. Абдылдаевдин сөздөрүн төгүнгө чыгарган эскерүүнү Исхак Раззаковдун бир тууган жээни, эмгек ардагери, маркум – Ашым Артыков аксакал мага бир топ жылдар мурда айтып берген эле.

“ — Раззаков өлгөндө калкы кабарсыз калган, анын гөрүнө топурак салган эмес деген сөз карандай калп. Тагамдын көзү аят кезде мен үйүнө далай ирет баргамын. Каза болуп калган кезде мен жайлоодо, колхоздун малын дарылап жүргөндүктөн, мамлекеттик телеграмма мага экинчи ирет жөнөтүлүп, Москвага шашылыш түрдө барсам, Казань вокзалында менден мурда барышкан лейлектиктер тагамдын үйүн таппай, 3 күн вокзалда жатышыптыр. Раззаковдун жаназасына туугандардан – “Кулунду” колхозунун ошол кездеги раиси К. Ниязматов, молдо Малик аксакал, эжеси Жаңылай, анын баласы Наби Мадалиев, Жамалиддин Абдуллаев, Исфанадан мен, Сүлүктү шааркомунун 1-катчысы М. Ниязматов, Сузактан Гайназар Кудайкулов, бардыгы болуп 12 адам барганбыз.
Биз барганда тагамдын сөөгү өлүкканада (моргдо) экен. Доктурлардын бардык процедураларыны жасатып, үйүнө алып келдик. Квартирасы 3-кабатта болчу. Туугандар баардыгы ар бир кабатта аза лентасын колдоруна байлашып, келген элди кабыл алып, узатып турдук. Раззаков менен коштошууга келген конокторду атайын кызматкерлер тейлешип, автомашиналар тынбай ташып турду.
Тагамдын жаназасын өткөрүүгө Кыргызстандын ошол кездеги пландоо комитетинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Кыргызстандын Москвадагы атайын өкүлчүлүгүнүн башчысы Аташовдор жетекчилик кылып турушту. Аны менен коштошууга союздук республикалардын бардыгынан (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Латвия, Литва, Эстония, Украина, Белоруссия, Молдавия ж.б.) жиберилген өкүлдөр келишти.
Сөөгү эртең коюлат деген түнү туугандар чогулуп Рауза жеңемден, уулу Эркинден, кызы Элмирадан уруксат сурап, анын сөөгүн туулган жерине алып барып коюу маселесин айттык. Алар баарысы буркурап ыйлашып, бир топтон кийин Рауза жеңем: “Исхак силердики. Жалпы кыргыз элиники. Анын сөөгүн алып кетебиз десеңер эркиңер. Бирок, мен карып калдым. Балдары – Эркин, Элмира Москвада, иштеген иштери да ушул жерде. Силерде космодромуңар болбосо (Раззаковдун уулу Эркин космостук аппараттардын конструктору болгон), жарытылуу жумушуңар болбосо. Алар атасынан айрылышып кандай айла кыышат. Анын үстүнө Исхак тирүү кезинде Министрлер Совети менен сүйлөшүп, “Кунцево” көрүстөнүнөн өзүнө 20 чарчы метр жай ажыратып койгон. Силер, эми, капа этпейсиңер?!” – деди. Биз жеңебиздин мындай сөзүнөн кийин эч нерсе дей албай калдык.
“Кунцево” көрүстөнү шаардан 60 чакырым аралыкта экен. Менин бир таң калганым – 2 сааттык жолдо (Москвадай автокыймыл кыйма-чийме, кымкуут чоң шаарда) аза күтүү процессиясы бир дагы жерде токтобогону болду. Бул дагы Исхак Раззаковичтин жөнөкөй адам болбогондугунун бир далили го деп ойлоп койдум.
Исхак тагамдын бейитинин башында Москвада окуп, иштеп, жашап жүргөн кыргыздардан 300дөн ашуун адам, башкалар бардыгы болуп 1000ден ашык адам катышкан чоң митинг болуп, ал жерде комиссиянын төрагасы Казы Дыйканбаев, Аташов, КПСС БКнын сектор башчылары, тагам менен бирге иштешкен Чубаров, Капустян жана башка адамдар сөз сүйлөшүп, андан соң молдо Малик аксакал жаназасын түшүрүп, жерге бердик.
Ушул жерден көпчүлүк биле бербеген бир нерсени айта кетсем. Орустардын гөр казчулары жерди чарчы кылып эле оюп коюшат экен. Биз бир күн мурда барып, ошол казылган жерге өзүбүз түшүп, казанак казып, чыныгы мусулман шарты боюнча жай даярдаган элек. Анан тагамды жерге бергенде гробду (табытты) ачып, сөөктү кепинге ороп койгонбуз. Казанактын оозун бышкан гыш менен уруп, гробду сыртына көмгөн элек.
Жерге берүү каадасы бүтүп, адамдардын бардыгы мүрзөнүн ичинде отурушуп, молдо Малик аксакал узактан-узак тилават кылды. Бата кылынып бүткөн соң, өзү угуп келген, Кыргыз ССР министрлер Советинин төрагасы болуп Раззаковдун убагында иштеген Болот Мамбетов деген адам Рауза жеңем менен балдарын четке чакырып: “Мен Раззаков менен көп жылдар бирге иштештим. Пендечиликке барып, ал кишинин артыкчылыгын көрө албай, ага көптөгөн тоскоолдуктарды жасап, көп ката кетирген экенмин. Көрсө, ал кишинин туугандары бар турбайбы, алыскы орус шаарына келишип, сөөгүн жерге берип жатышат. А менин сөөгүм кай жерде калат, бир кудай билет. Анын арбагынын алдында силерден кечирим сураймын. Мени, эгер колунардан келсе, кечирип койгула?!” – деп, буркурап ыйлаганы күнү бүгүнкүдөй эсимде…”.

Абдиллабек АВАЗОВ,
КРнын журналисттер Союзунун мүчөсү.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс