Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Кеткен жоону катын да саят!

Кеткен жоону катын да саят!

Ушундай макал бар кыргызда. Кеткен президентти ити да, бити да сындап, жок дегенде жөөлөп өтүп жатаб.
«Ар бир эл өз башчысына татыктуу» делет Куранда. Кандай болсок, ошого жараша Башчыга ээ болуп келе жатабыз.

Атамбаев — кечээги күн, биздин тарых. Өзүбүз шайлап, өзүбүз алып келгенбиз. Биз шайлабасак да биз ишеним көрсөткөн уул-кыздар: Отунбаева, Текебаев, Бекназаров, Болот Шер ж.б. Атамбаевди бийликке алып келишкен.

Мен шайлаган эмесмин дегенибиз менен кеткен убакытты кайра ордуна алып келе албайбыз.
Анткен, минткен деп баарыбыз эр болуп жатабыз. Атамбаевдин азуусу айды чапчып турган убакта Дайыр Орунбеков, Темирлан Ормуков, Мавлян Аскарбеков, Эркин Булекбаев, Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров ж.б. үркөрдөй топ Атамбаев режимин ачык сынап, ачык күрөшүп келген.

Атамбаевдин күнөөсүн тарых, эл өз ордуна койот. Эл койбосо, уста Кудай тез эле ордуна койот.

Кээде калем кармай калган адам катары менин деле кыйла тилим кычышып турат. Бирок…

Өткөн тарыхыбызга балта чаба бергенден пайда болбос.
Карапайым кыргызым жаратман эмгек менен алек болуп, саясаттын сасык оюндарын өз ээлерине эле берсек, эч бир жаңылбаган болоор элек.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс