Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / КАЙГЫЛУУ КАБАР!

КАЙГЫЛУУ КАБАР!

Лейлек жергесинин чыгаан чыгармачыл инсаны, кара сөз менен поэзиянын камбары, жазуучу жана журналист, Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, «Коломто», «Күн башбакты», «Жоголгон күн», «Өр-ылдыйыш», «Хан Шырдак», «Кызылдар», «Ый», «Миң өлөң» деген ж.б. аңгеме, повесть, роман, драма, ыр-жыйнактын автору — Нууман (СААДИ) Сайдуллаев 69 жаш курагында ааламдан өттү. Агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко, ыйманы саламат, Аллах Таала ырахматына алган болсун!!! Агабыздын артында калган өлбөс-өчпөс чыгармалары — анын экинчи өмүрү! Уул-кыз, урпактарына, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Арты кайырлуу болсун!!!

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс