Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / 2018 / Апрель / 07 (баракча 3)

Күндүк архив: 07.04.2018

“Республика-Ата Журтта” бунт чыкты

Өмүрбек Бабанов өлкөдөн алыс кетип, ошол жактан саясаттан биротоло кетерин, депутаттык мандатын тапшырып, партиясы менен иши болбой турганын билдиргенден бери, парламенттеги фракциясы жетим козудай кайсыл лидерди ээрчий турганын билбей калды. Бабановдун ордун ээлеген Руслан Казакбаевди 22 депутаты бунт чыгарып, аны чакырбай өздөрүнчө жыйын куруп, лидерликтен алып түшүп, ордуна саясаттын казанында ...

Кененирээк »

Болот Сүйүнбаев дагы “Форумга” чогулгандардын катарын толуктайбы?

31-март бир топ жетекчилердин кызматтык карьерасына балта чапкан күн болду. Мурунку ажону жандай коём деп Мамкүзөттүн чоңу Дамир эртеси кызматтан куулуп, “Форумга” барчу топтун катарын толуктады. УКМКнын орун басары, мурун Атамбаевдин жанында жүргөн Болот Сүйүнбаевдин да жакынкы күндөрү кызмат менен кош айтышаары айтылууда. Болот мырза өзү деле “Мени дагы кызматтан ...

Кененирээк »

Алмаз Үсөнов өзүн дагы деле шеф сезеби?

Атамбаевдин учурунда Алмаз Үсөнов деген жигиттин жылдызы катуу жанганын эч ким тана албайт. Бакиевдик бийликтин маалымат кызматында кагаз ташыганга гана жарап, бир бурчта тынч олтурган жигит, кийинки бийликтин аппарат башчылыгына чейин көтөрүлүп, “шефинин” маалымат жагын көзөмөлгө алганга жетишти. “Боссу” менен кошо кызматтан бошоп кеткенине карабай, мамлекеттик маалымат каражаттарын да мурункусундай ...

Кененирээк »

Асылбекти түз кароого Фариддин духу жетпейби?

КСДПнын съезди табышмак болуп жаткан бүдөмүк ойлорго чекит коюп, эки достун достук мамилесине чекит коюлганын ачыктады. Бирок партия мүчөлөрү жыйналган жерге КСДПны түштүктө тааныткан, арка-бел болуп бекем туруп берген Асылбек Жээнбеков менен өткөн шайлоодо 45 миң добуш алып берген Искендер Матраимов чакырылбады. Бул экөө чакырылбай калып барбаса, КСДПнын Төрөбай Зулпукаров, ...

Кененирээк »

А. Сегизбаев С. Жээнбековдун тарабына өтүп, ага кызмат кылууга даярбы?

Акыркы жеткен маалыматтар боюнча, Жогорку Кеңеш толугу менен Атамбаевдин сыйкырынан ойгонуп, жаңы бийлик орногонуна көздөрү жетиптир көпчүлүк депутаттардын. Көпчүлүк коалициясы эртең-бүрсүгүнү ыдырап тарай турган абалга жеткени жашыруун эмес. Исаковдун өкмөтүн кетириш үчүн аны менен чырлашып, жарга такоонун деле кереги жок экен. “Аны менен алышып жүрөбүзбү?” — ​деген пикирин ачык эле бир топ ...

Кененирээк »