Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Аналитика / МЫЙЗАМДАР КҮЧТҮҮ БОЛСО, УУРУ-КЕСКИЛЕР КАЧЫП КИРЕРГЕ ЖЕР ТАППАЙ КАЛЫШМАК!..

МЫЙЗАМДАР КҮЧТҮҮ БОЛСО, УУРУ-КЕСКИЛЕР КАЧЫП КИРЕРГЕ ЖЕР ТАППАЙ КАЛЫШМАК!..

Учур саясаты

Саясий кырдаалдын, коомдук-саясий турмуштун аба-ырайынын өзгөрүшүнө түрткү берүүчү шарттардын бири катары күтүлүп жаткан, саясий аренадагы соңку кезде болгон окуялардын болуп өтүшү, чынында эле, кандайдыр бир деңгээлде таасир эте алды. Ал тургай, ыкшоо, чачыранды жана бейдарек болуп кетишкен ар кандай партия же партия сымал ар кандай кызыкчылыктуу топтордон түзүлгөн күчтөрдүн кайрадан биригишип, кадимкидей кызуулана, “көкбөрү” тартууну сагынып калган улакчылардан бетер, шаңдуу-эмоциялуу жагдайда “жылт” эте кайрадан чыга калышкандарына да күбө боло алдык!..

Арийне, олуттуу саресеп салып, ошол саясий барометр кыйла бийик көтөрүлгөн СДПК съезди өткөн күндөн кийинки абалга көз чаптыра турган болсок, коомдук-саясий кырдаалды алгалатууга, оң жагына карай өнүгүүгө түрткү берүүнүн ордуна, эсте калган фактылар, кыргыз партияларынын мурдагы эле таз кейпин эске салган гана айрым бир коллизиялар болуп калды. Айталык, партиялардын (идея боюнча, — ​бир программа, бир максат менен биригишкен адамдардын!) да өз ара ичтен жиктелишип, регион-жек-жаат жана уруу-жердеш деген сымал критерийлер менен бөлүнүшү сыяктуу жагымсыз жагдайлар гана ачыкка чыкты. Мисалы, кыйла убактан бери (бери эле болгондо — ​жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болуп өткөн күндүн эртесинен баштап) айтылып келе жаткан, ошондон башка олуттуу маселе калбай калгансып, жадатма жадыбалга айланган “маселе” — ​азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековдун депутаттык мандаты болуп калды…

Мурда-кийин, кез-кезде ар кандай деңгээлде (коомдук пикир жаратуу максатында!), экс-депутат Мискенбаевдин “оозу” аркылуу айтылып, ал тургай ультиматумдук мүнөздөгү талаптар коюлуп келген бул маселени экс-президент Алмазбек Атамбаев да “жабык эшик артында” өткөн съездден соң, журналисттер менен болгон жолугушуусунда “өтө олуттуу” маселе катары, атайын көңүл бөлүп, кыйла узун убакыт бөлүп, дал эле ошол ойлорду ошол бойдон кайталады. Анын пикири боюнча алганда, президенттин бир тууган инисинин парламентте депутат болуп олтурушу “баары бир эртедир-кечтир өз залакасын тийгизбей койбойт” экен!..

Кыскасы, аталган башкаруучу партиянын программасындагы элдин үмүтүнө от жандырган жаңы идеяларын эмес, баягы эле ич ара “казан-аяк” талашмай, абысындардай болуп, сырткы ийгиликтерди бири-биринен кызганмай адаттарын гана байкай алдык. Бул факт аталган съездден соң, коомчулуктун көңүлүн калтырган таасын моменттердин бири болуп калгандыгы талашсыз. А чын-чынына келгенде, тээ эгемендик жылдары башталгандан бери эле, улуттук менталитетке байланыштуу, кыргыз саясатында ар кандай бир тууганлык кландардын таасири өтө күчтүү болуп келгендигин жакшы билебиз.

Маселен, түштүктөн ыраматылык Бекмамат Осмонов баш болгон “Осмоновдордун кланы”, “Бакиевдердин кланы”, “Сарпашевдердин кланы” ж. б. деген сыяктуу эле, эми эң жогорку саясий аренага бир тууган Жээнбековдордун карааны көрүнө баштады. Бир гана айрымасы — ​азыркы президенттен башкаларынын эч кандай деле чечүүчү кызматтык орунда турбагандыгы. Жана дагы, алар азыркы президент катардагы эле чиновник, мамлекеттик кызматкер жана депутат болуп жүргөн кезинде деле чоң саясатта өз ордулары бар кишилерден болуп келишкендиги десек болот. Экс-спикер Асылбек Жээнбековдун агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматка көрсөтүлүп жатканда эле парламентти башкаруудан өз ыктыяры менен баш тартып, отставкага кеткендиги маалым. Бул кадам анын жеке саясий маданиятынын жогору экендигин жана ар кандай тар кызыкчылыктагы интригалардан алыс экендигин айкындагандай болгон.

Болбосо, “Эй, эмнеге мен кызматтан кетишим керек экен? Мени парламент мүчөлөрү ишеним берип шайлашкан да?! Тээ Кубада Фидель Кастро мамлекет башчысы болсо, иниси Рауль Кастро деле премьер-министр болуп жүрдү эле го? Мен азыр дүйнөлүк саясаттан буга окшогон дагы бир топ фактыларды таап беремин! Мен деле мага берилген ишенимди актап, күч-кайратым толуп турган кезимде, элим-жерим үчүн иштеп бергим келет!” — ​деп кыйкырып чыгып, төрагалык креслосуна тырмышып олтуруп алса, ким аны кетире алмак?.. Бул маселе дал ошондо саясий түрдөгү “олуттуу баш ооруга” айланмак. Ал эми бүгүнкү кырдаал такыр башка — ​ал бар болгону катардагы гана депутат. 120 эл өкүлүнүн бирөөсү гана. Эч кандай деле өзгөчө полномочиелерге жана укуктарга ээ эмес.

Тескерисинче, дал ушул “Асылбекке асылуунун” өзү эле СДПКнын өзүнүн ичиндеги ириңдеп келе жаткан айыккыс, оор “илдети” бар окшойт деген түкшүмөлдү гана жаратып салды. Бул илдет — ​саясий көз караштары, идеялык жактан жиктелүү сыяктуу эмес, дал эле баягы — ​кып-кыргызча, жердешчилдик-региондук жактан бөлүнүү деген илдет.

Асыресе, Асылбек Жээнбеков аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү болуп туруп, съездге чакырылбай калса да (тагдырдын тамашасын карачы, ага кошулуп — ​өзүнүн экс-президент менен мамилеси жакшы экендигин, бирок аны көптөн бери көрө электигин, бирок, жакында жолугуп сүйлөшө тургандыгын басма сөз аркылуу жарыялап жүргөн Мээрбек Мискенбаев да садагага чабылып кетиптир!), аны колдошкон күчтөр бар экендиги съезд аяктагандан кийинки эң алгачкы интервьюлардан эле ачык көрүнүп калды. Ал тургай, съездде каралган маселелердин коюлушуна каршы пикирлерин билдиришип, протест катары (“банкетине да катышуудан баш тартышканын” айтышып!) анча чакан эмес топтогу делегаттары сыртка чыгып кетишкени да айкындалды.

Демек, Асылбек Жээнбеков аталган партиянын катардагы мүчөсү гана болуп калбастан, кандайдыр бир деңгээлде алганда, андагы топтордун арасында лидерлик сапаттары жана мүмкүнчүлүктөрү да бар саясатчы экен деп болжосок болот. Аталган партияда түштүктүк таасирдүү саясатчылар саналуу экендигин жана аларга түштүк регионунун добушун алып берүүдө Жээнбековдордун ролу чоң экендигин эске ала турган болсок, Асылбектен ажыроонун өзү кайра эле партиянын өзүнө карата урулган сокку да болуп калары шексиз.

Ошол эле учурда, экс-президент “шайлоонун мөөнөтүнөн мурда болушу анча жакшы эмес, бирок, Кыргызстанда бардыгы болушу мүмкүн” дегендей, алдыда көрүнүп-көрүнбөй, парламенттик шайлоонун карааны улам зымырап, бери карай жакындап, жылып келе жатат. Кыскасын айтканда, эгерде Асылбек Жээнбеков сыяктуу бараандуу фигура партиянын ичиндеги пикирлештери менен башкача багытта кете турган болсо, бул кадам азыркы башкаруучу партияга олуттуу зыян алып келери түшүнүктүү нерсе. Же, бүгүн анын кереги жок кезде ары карай түртүп салышып, кайра эртең эле анын таасирдүү электоратынын добуштары зарыл болуп калган чакта, кайра ага барышып, кечирип кой, биз катуу жаңылышкан экенбиз, мындан ары мындай кадамдарга барбайбыз деп убадалашып, кайра өздөрүнө тартышабы?.. Жогорудагы эле лексиконго таянсак, “баары болушу мүмкүн, айрыкча, Кыргыз саясатында”. Эки жүздүүлүк, саткынчылдык, принципсиздик, күчтүү идеяга жана программага эмес, артында турушкан жердештерине жана чөнтөгүндөгү акчасына ишенмей сыяктуу оюндар далай ирет боло келген жана боло да берери турган иш сыяктанар…

Ал эми Кыргызстандагы саясий кландуулукка дагы бир ирет кайрыла турган болсок — ​кечээ жакында эле азыркы спикер Дастан Жумабековдун бир тууган иниси Алмаз Жумабеков областтык ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп дайындалгандыгы жарыяланды. Сабыр Жумабеков — ​мурдагы депутат-саясатчы болсо да, өз билими жана эмгеги менен Кыргызстандыктарга гана пайда алып келип тим болбой, дегеле дүйнөлүк алкакта кыргыз медиктеринин кадыр-баркын арттырып келе жатат. Демек, клан – бир туугандар деген түшүнүктөрдү кароодо деле ар бирине өз-өзүнчө дифференциялуу, алардын өздөрүнүн жеке иш-аракеттерине карата баалоо калысыраак сыяктуу сезилет. Ошол эле учурда, күчтүү идеяларга, илимий негиздеги экономикалык эсептерге жана олуттуу көз караштарга негизделген пикирлер боюнча биригүүнүн канчалык жемиштүү жана ырааттуу болорун Россия Федерациясындагы Владимир Путиндин саясатынан байкоого болот. Акырындап жүрүп олтуруп, эки-үч жыл ичинде мурдагы ельциндик кадрларды толугу менен тазалап, айланасына жана эң жогорку тепкичтеги чечүүчү кызматтардын дээрлик баарына мурдагы Санкт-Петербургдук саясатчыларды жана жердештерин коюп салды эле, буга каршы эч ким эч нерсе дей алган да жок.

Себеби, алар өз кызматтары боюнча мындай претензияларга жол да беришкен жок. Мурда-кийин кандайдыр бир олуттуу компроматтар аркасында уят болуп, кызматтан кеткен санкт-петербургдук кадрлардын бирөөнү эстөө да кыйын. Ал эми Россияда квартал сайын болбосо да, жылына эки-үч ирет ири-чуулгандуу коррупциялык иштер ачыкталып, губернаторлор-министрлер, чоң саясатчы-ишкерлер, ал тургай дээрлик региондордогу автономдуу республикалардын премьер-министрлерине чейин (Дагестандагыдай болуп) камалып жатышы — ​эбак эле көндүм көрүнүшкө айланып калган.

Бизде азырынча андай идеялар жана олуттуу программалар боюнча бириккен саясий партиялар жок. Адегенде “апрелчилер” өздөрүн дал ушундай — ​идея боюнча биригишкен — ​саясий күч катары позициялап жүрүштү эле, бирок бул аракеттерден эч нерсе чыккан жок. Чыкмак да эмес. Анткени, аларды идея-программа эмес, Ала-Тоо аянтында төгүлгөн кандуу окуялар гана убактылуу бириктирип тургандыгы кийинчерээк тастыкталгандай болду.

Кечээ эле баштарын тасырайтып, эч нерседен уялбай, башы-мээси бир аз айнып калган адамдан бетер, телеэкрандан чыгып алышып, “биз элди эркиндикке чыгардык!” деп жүрүшкөн адамдар, тез эле өз ара ит-мышыктай болушуп ырылдашып, ар кандай материалдык баалуулуктарды бөлүшө алышпай, квартира-акча талашышып, айтор өз шерменделерин өздөрү чыгарышты. Ошол ар кандай коомдук жана саясий күчтөрдүн лидерлери да тез эле “Ата-бейит” башында “Манастын арбагы урсун!” — ​деп ант берип жиберишкенин такыр унута баштагансып калышты…

Бул деле азыр анча таң калыштуу эмес. Анткени, 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин бийликке келишкен күчтөрдүн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушундагы жетекчилерден ашса ашып түшкөн, а бирок, эч кем калбаган жегичтер экендиги тез эле айкындала баштаган. Бул фактылар азыркы кезде жүрүп жаткан коррупция менен күрөшүү күчөгөн кезде ого бетер ачыкка чыга баштады. Дал ошондуктан улам, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аталган соңку пресс-конференциясындагы айтылган, таарынган – ич күптүсү бар маанайда, бул коррупция менен күрөшүү мурда эле башталган болчу дегени, тескерисинче, актанып жаткан сымал жана ишенимсиз болуп угулууда. Эгерде ошол күрөш мурдатан эле жүргүзүлүп жаткан болсо, эмне үчүн мурда бир дагы чуулгандуу иш ачыкка чыккан жок? Эмне үчүн жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн өтө күчтүү, терең аргументтелген баяндамасынан кийин гана күч органдары жана укук коргоо органдары жандуу кыймылдашышып, өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарууга киришишти? — ​деген суроолор өзүнөн-өзү жаралары белгилүү.

Коомдук аң-сезимдеги, соңку коомдук-саясий ара-ырайынан улам, СДПКнын кечеги эле болуп өткөн съездинен кийинки дагы бир олуттуу маанай: эң эле күчтүү, башкаруучу партия дегенибиздин кебетеси ушул болсо… анда башкалары тууралуу сөз кылыштын деле кереги жок сыяктанат дегендей эле болду. Эл күткөн, коомчулуктун басымдуу бөлүгү (каалайбызбы-каалабайбызбы — ​СДПК башкаруучу партия катары дал ушул мандатты алып олтургандыгы маалым) күтүп эле эмес, үмүт этип жаткан да ойлор-сунуштар айтылбай калганы — ​бул партиянын эле эмес, анын лидерлеринин да чыныгы жүздөрүн, деңгээлдерин дагы бир ирет тастыктап койгонсуду.

Башкача айтканда, чогуу идеялаш жана да (анан калса, экөө тең бир партиянын “уясынан” учуп чыккандар болуп жатышса!) саясий пикирлештер болушса, коррупция менен күрөшүүдөгү ийгиликтердин эң башы гана араң көрүнө баштаган кезде (анын жыйынтыгын чыгарууга али бир топ эртелик кылары шексиз!), анчалык күйпөлөктөй кызгануунун канчалык зарылдыгы бар болчу? — ​деген сыяктуу күнөмдүү жагдайлар да бар. Анын үстүнө, жаңы президент мурдагы президент учурундагы жакшы жасалган иштерди улантып кетемин, бүтпөй калган иштерди бүтүрөмүн деп, салмактуу түрдө, эч кандай самопиарсыз эле, ырааттуу мүнөздө жарыялоону улантып келе жатпайбы?..

Ал эми азыркы тапта, биздин коомчулугубуз коррупция менен күрөшүүнүн эн башкы стадиясына гана күбө болуудабыз. Мамлекет мүлкүн, эл байлыгын жеп-жуткандар мыйзамдын эң катаал жазаларына тушугушу биздин жашообузда мыйзамченемдүу көрүнүшкө айланышы зарыл. Ансыз мыйзам да, тартип да орнобойт. Демек, эч кандай өнүгүү да мүмкүн эмес. Кыскасы, Александр Пушкиндин орус падыша таажысына мураскер катары каралган жаш баласын тымызын, кутумчулук менен өлтүртүп салган Борис Годуновго карата

“И не избежать тебе земного суда,

Как не избежать и божьего суда!”

– деп жазганы сымак, коррупционерлер, мыйзам бузган ууру-кескилер да, эртедир-кечтир акыры баары бир жооп беришерин билиши керек. Мамлекет аброю, күчтүүлүгү биринчи иретте дал ушул жагдайларга байланыштуу болот. А бизде, экономикалык өсүштөргө караганда, кылмыштуулук жана коррупциянын элементтери “дүркүрөп”, тездик менен өсүп бара жатат.

Эгерде мыйзамдар шакылдап иштей баштаса, эч кандай компромисстик маанайлар жана ар кандай себептерден улам көз жумду кылып коюулар орун албаса, бизде деле бардык цивилизациялуу өлкөлөр сымал, кылмышкерлер менен ууру-кескилерге жер жүзү эбак эле тардык кылып баштамак.

А бул үчүн мамлекет башчысынын жеке инсандык жана саясий эрки өтө күчтүүлүгү талап кылынат. А азырынча Сооронбай Жээнбековдун алгачкы аракеттери дал ошол багытта бара жатат.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

«Жаңы Ордо» гезити, №11 (584),  6-апрель, 2018-жыл

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс