• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

Мурунку президент “Соке досуна” таарынычын айттыбы же өзүнүн айтпай жүргөн кеңешин коомчулуктун алдында айткысы келдиби?

Автор:ruh_admin

Апр 7, 2018

Жума собол

Токтайым Үмөталиева,                укук коргоочу:

«Алмаз Атамбаев илгертен эле кызуу кандуу болгондуктан башкалардан жымсалдабай ачык эле айтып жатат»

— Экөө дос. Атамбаев дос болгон үчүн өзүнүн пикирин ачык айтты. Анын айткан пикирлеринде туурасы да, туура эмеси да бар. Эми ага баа берүү Сооронбай Жээнбековдун жеке иши. Тирешүү деп айтканга да болбойт. Алмаз Атамбаев илгертен эле кызуу кандуу болгондуктан башкалардан жымсалдабай ачык эле айтып жатат. Ал киши эми өзүнүн пикирин жарандык коомдун өкүлү катары айтып жатат да. Эгер тирешүүгө өтүшсө, анда бири-бирин чукуп отуруп чоң нерсе чыгып кетет. Андыктан акыл-эси бар адам мындай тирешүүгө барбайт го деп ойлойм.

Мамбетжунус Абылов,     коомдук ишмер:

«Атамбаевдин болсо өзүнүн кээде “дөөрүп” кеткен адаты бар болчу»

— Бул саясий маданиятка ылайык келбеген нерсе. Себеп дегенде бул бийликте тургандай эле кийлигишип жатат. Коррупционер Жээнбековдун өзү дегенди кылтыйтты. ЖЭБдеги иштер Жээнбековго да тиешелүү деп кагаздарын көтөрүп чыкты. Бул деген таптакыр чындыкка жатпаган нерсе. Себеби ЖЭБди модернизациялоо иштери 2013-жылы башталган. Ал учурда Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болгондуктан, ошол киши келишимге кол койгон. Ал эми ЖЭБди модернизациялоо иштери 2017-жылы 31-августта аяктаган. Бул убакытка чейин бир топ эле премьер-министрлер болбодубу. Жээнбеков ал проектиге эч кийлигишкен эмес. ЖЭБди модернизациялоо иштери аяктаган учурда Жээнбеков болсо президенттикке талапкер катары шайлоого аттанган. Бул жерде Жээнбековго жөн эле жалаа жаап жатат. Дагы бир кейиштүү нерсе, Атамбаев Жээнбеков “жетеленме” дегенди кылтыйтты. Коопсуздук кеңешинин жыйынында колуна берген кагазды окубай башка кагазды окуду деп айтып жатпайбы. Эми муну мындай түшүнсөк болот? Атамбаевдин болсо өзүнүн кээде “дөөрүп” кеткен адаты бар болчу. Аны өзүңөр билесиңер. Андыктан бул жерде “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” деген эле көрүнүш болуп жатат. Негизи эле абдан жагымсыз окуя болду. Эми мындай көрүнүштү экөөнүн ортосундагы тирешүү деп айтууга да болбойт. Муну ич күйдүүлүк башталды деп айтсак болот. Атамбаев кадр маселесине кийлигишпейм деп үч-төрт жолу айтпадыбы. “Сапар Исаковго айтып Раим Миллионду кызматтан алдырдым” деп айтканы кадр маселесине кийлигишкендик эмеспи?! Мен бир нерсеге ыраазы болдум. Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы “Сооронбай Шарипович буга жооп бербейт” деп айтпадыбы. Туура эле кылды. “Сооронбай Шарипович өзүнүн пикири менен жашаган адам. Мунун кеңешине муктаж эмес” дегендей абдан жакшы жооп кайтарышты. Мындай көрүнүш Сооронбай Жээнбековдун тегерегинде жакшы адамдар иштеп жаткандыгын түшүндүрөт. Себеби Атамбаевдин учурунда анын оозунан чыккан сөздөрдү туура деген “колхозбайлар” болгон. Атамбаев Жээнбековдун бир тууганына да кетсин деп асылып жатат. Президент кезинде өзүнүн күзөтчү, шоопур, кампачылары деле мамлекеттик кызматта иштеп жүрүшпөдүбү. Ошон үчүн ага “бул уятсыз адам экен” деген пикир менде пайда болду. Бирок буга теңелбеш керек. Ошон үчүн “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” дейт да кыргыз эли. Ал эми Атамбаевдин сөзүнөн кийин СДПК партиясы саясий аренадан кетиши керек. Азыр шайлоого барса бул партиянын шермендеси чыгат. Ал жерде жалаң куйтулар чогулган. Атамбаев жанагыдай кампачылары менен шайлоодон утат бекен?! Менин оюмча Сооронбай Жээнбековдун жасап аткан иштери туура эле. Ал эми Атамбаевдики уят…

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат:

«Атамбаев съезд өткөрүүгө, бирөөнү сындаганга акылуу»

— Биздин кыргыздарда бир жаман адат бар. Кичине эле сын айтып же болбосо бир туура эмес ишин айтып койсоң эле душман болуп каласың. Демократия болгондо бири-бирине дайыма ачык сындарды айтып турат. Ангела Меркелге деле сын айтышат. Трампты болсо “ийлеп” атышат. Ал күнүмдүк эле түз жолго түшүүнүн методдору болуп эсептелинет. Ал эми бизде бир сөз айтып койсоң эле болду, эл душманысың. Биз баягы советтик системанын психологиясы менен жашап жатабыз. СДПК съездин өткөрө берсин. Атамбаев жумуштан кетти. Мен Атамбаевге салык төлөп азыр кармап турган жокмун. Биз салык төлөп Жээнбековду кармап турабыз. Баарыбыз биригип ал кишини шайлап алдык. Биз эми бийликтегилердин, президенттин туура, туура эмес аракеттерин гана айтып турсак ошол туура болот. Атамбаев съезд өткөрүүгө, бирөөнү сындаганга акылуу. Ал өзүнүн иши. Мындан бир нерсе чыгарып, күчөтүп, от жагып, бензин чачуунун кереги жок. Бирок ошол эле убакта айтып койчу бир нерсе бар. Атамбаев эки мыкты иш жасады тарыхта. Эми күнөөлөрү да көп болгондур. Аны эстебейли. Биринчи тарыхый баатырдыгы деп айтсак да болот. Экинчи мөөнөттү өзгөртпөй кызматтан кетип калды. Мындай кадам Кыргызстандын же СНГнын тарыхында болгон эмес. Бул эң жакшы нерсе. Эгер референдумга салып экинчи мөөнөткө кала турган болсо, кыргыз эли бир добуштан колдоп бермек. Анын жыйынтыгында кайрадан президент болуп шайланып алмак. Бул биринчи маселе. Экинчиден, Атамбаев накта парламенттик системага өтөбүз деп жатат. Балким, өзүн же башканы ойлоп жаткандыр… Ал деле маанилүү эмес. Маанилүүсү- мамлекетибиз парламенттик системага өтсө келечеги кең болот. Ошон үчүн биз алардын майда-чүйдө интригасын эмес, мамлекетибиз жөнүндө ойлонушубуз керек. Эч ким азыр президентке реформа жасаганга тоскоолдук кылган жок. Каалаганын кыла берсин. Мен бир нерсени айтып коюшум керек. Мен президенттик шайлоодо Жээнбековго үй-бүлөм менен добуш бергем. Биринчиден, буга чейинки жаңылбаган кезек боюнча президент түштүктөн болушу керек эле. Экинчиден, ошол түштүктөн чыккан саясатчылардын ичинен тынчыраак, жаман иштерге аралашпагандыктан шайладым. Андыктан иштей берсин. Эч ким тоскоолдук кылган жок.

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы:

«Өкмөттө иштеп жаткан Атамбаевдин кадрлары да Форумга барып кийинки шайлоого даярданышы керек»

— Сурооңузга дагы бир-эки сөз кошумчалап, “Соке досум, досум дегенге кандай карайсыз?” деп койсоңуз жакшы болмок. Эми бул биринчиден, күтүлгөн эле нерсе болчу. Анткени биз билебиз да, ал кишинин эмоционалдуу чыгып сүйлөп жүргөнүн. Экинчиден, “Соке досум” дегени туура эмес. Себеби биринчиден, бул жакта мамлекеттик протокол бар. Экинчиден, саясий этика дегенди эстен чыгарбаш керек. Анан мамлекеттик иштер эки адамдын таарынычынан жогору болушу керек. Таарынычы болсо дос катары үйүнөн, көрүнбөгөн жерден айтсын. Бирок коомчулукка чыгып алып Соке досум дегени туура эмес. Бул дагы моралдык этикага жатпайт. Үчүнчүдөн, сын-пикир айтылган жок. Ал жерде таарыныч айтылды. Сын-пикир башкача форматта айтылат. Ал башка формада болот. Сын-пикир айткандын да чечүү жолдору талданат. Президенттин маалымат катчысы: “Эмоционалдуу таарынычтарга биз жооп бербейбиз” деп айтпадыбы. Анын сыңары биз сын деп кабыл албашыбыз керек. Төртүнчүдөн, ачыкка чыгып алышты. Жеке таарынычтардын артынан эки тарап катуу тирешүүгө өттү. Мындан улам мен айтат элем, СДПК толугу менен оппозицияга өтүшү керек. Өкмөттө иштеп жаткан Атамбаевдин кадрлары толугу менен Атамбаевдин командасына өтүшү зарыл. Алар Форумга барып кийинки шайлоого даярданышы керек. Демократиянын, парламентаризмдин негизги өзөгү ушул да. Эмнеге мен минтип айтып жатам? Анткени сындагандан кийин өзүнүн иштеп жаткан кадрларын да сындашы керек. Эгерде аларды сындай албай бир тарапты сындай турган болсо, анда бул иш болбойт. Ошон үчүн сындайм дегенден кийин командасы толугу менен сыртка чыгыш керек дагы, оппозицияга өтүп, анан сындап кийинки шайлоого катышышы керек. Антмейинче болбойт. Анткени азыр иштеп жаткан жаш кадрлары эки жээкте болуп, ортодо кыйналып жатпайбы. Алар азыр Атамбаевге же Жээнбековго өтө албайт. Жээнбековдун же Атамбаевдин сөзүнө каршы туралбайт. Ушундай бир опурталдуу иш болуп калды. Өзгөчө анын командасы аткаруу бийлигинде болуп жатпайбы. Бешинчиден, жогоруда айткандай булардын жеке мамилеси мамлекеттин кызыкчылыгынан алып караганда чектен чыгып кетпеши керек.

Бөдөш Мамырова,           

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты:

«Кыргызстанды алты жыл башкарган экс-президенттин имиджи мындай болбошу керек эле»

— Жеке эле мен эмес, жалпы коомчулук абдан таң калуу менен кабыл алды. Атамбаев: “Мен досума сын-пикир ачык айтпасам ким айтат?” деп айтып жатпайбы. Жок, бул сын-пикир эмес. Ал кеңеш дагы эмес. Ал ичиндеги болгон ич күптүүсүн ачыкка чыгарды. Көрсө, эл тарабынан шайланып келген Сооронбай Жээнбековдун бийлигин элдин баары тааныптыр дагы, бир гана Атамбаев ичи ачышып тааныбай турган экен да, бийлигин бергиси келбей. “Аттан түшсөм дагы үзөңгүдөн бутумду чыгарбайм” деген кыргызда сөз бар го. Анын сыңары ал: “Мен дагы эле көмүскөдө отуруп алып бийлигимди жүргүзө берем” дегендей түр көрсөтүп жатат. Андай болбойт да. Жээнбеков эл тарабынан шайланып келгендиктен анын бийлиги бар. Атамбаев өзүнүн айткан сөздөрү менен бир эле ачыктан ачык тирешүүгө өтпөстөн, элге өзүнүн белгисиз жактарын да көрсөтүп койду. Биз буга чейин “Атамбаев бийликти мыйзамдуу өткөрүп берип кетти” деп айтып жатпадык беле. Көрсө, шайлоодо Жээнбеков президент болуп шайланып келсе да, Атамбаев бийлигин бергиси келбей ич күптүсү менен отурган экен. Анын айткан сөздөрү азыр коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат. Ал жалган нерселерди көп айтып койду. Ошол эле учурда ЖЭБге байланыштуу иштерди Жээнбековдун моюнуна илип жатат. Бул дагы туура эмес. ЖЭБдеги иштерге кимдер күнөөлүү экендигин мезгил көрсөтүп жатат. Кыргызстанды алты жыл башкарган экс-президенттин имиджи мындай болбошу керек эле.

Даярдаган: Нурсултан ШАЙДИНОВ

«Жаңы Ордо» гезити, №11 (584),  6-апрель, 2018-жыл

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс