Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Аналитика / ӨТКӨНГӨ СЕРЕП

ӨТКӨНГӨ СЕРЕП

Адилеттик үчүн, элдик бийликти орнотуу үчүн эки жолу күрөшкө чыккан кыргыз элине даңк! Апрель революциясында курман болгондордун жакындарына, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. 
Эки революциянын тең кыймылдаткыч күчү эл болгон. Албетте тарыхтын дөңгөлөгүн кайсы бир тарапка бурууда инсандардын ролу маанилүү экендигин жокко чыгарууга болбойт.Канткен менен эки революцияда тең эл үй-бүлөлүк, кландык бийликти кулатып, адилеттикти жана элдик бийликти орнотуу үчүн чыгышкан. Элдин үмүт-тилеги аткарылган жок. Кайрадан эле авторитардык,партиялык-кландык бийлик орноду. Эл шайлоолордо, революцияларда эле массовка үчүн керек болуп,калган учурда мамлекеттик машинанын рычагына ээ болуп алышкан бир ууч саясий топ, баардык маселени өзүмбилемдик менен чечишип, каалагандай калчап, талкалап-тоноп жатышканына күбө болгон калайык калктын чыдамы кетип жатканы эч кимге жашырын болбой калды. Кандуу жол менен келген Атамбаев башында турган Убактылуу өкмөт элдин ишеничин актай алган жок. Кызыкчылыктары, көз караштары ар кандай болгондуктан, бир команда болуп, бир максаттуу иш жасай алышпады, акыр аягында жакшы натыйжага жетише албастан, ичтен ирип чачырап кетишти. Демек, коомду оңдоо үчүн бийлик кумарынан сырткары, келечектүү Программа-Максат жана аны ишке ашыра ала турган күчтүү Лидер+Командасы менен керек экени дагы бир жолу ачыкталды. Эки жолу тең “Акаевди кетирели, анан көрө жатабыз, Бакиевди кетирели, анан көрө жатабыз” -дешип ашар жолу менен ар кандай кызыкчылыктагы топтор бийликти алышканы менен түптүү идеялар аркылуу бириккен лидер-команда-программанын жоктугунан натыйжа жакшы болгон жок. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек.Бурулуш жасардан алдын кандай мамлекет курабыз, кайсыл жол менен өнүгөбүз, кандай идеологиялык баалуулуктарга таянабыз-ушул маселелерди калк менен кеңешип, калыс чечип алып анан баштасак аракеттин берекети болот эле. Дагы деле кеч эмес, 2020-жылга да аз эле калды.Жогрудагы айтылган маселенин саясий-укуктук, руханий –идеологиялык жагын кылдат изилдеп, бир чечимге келүү үчүн Мамлекеттик бийлик бутактарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү кирген абройлуу комиссия түзүү зарылчылыгы бышып жетилди. Кыргыз коому бир мунасага келгенде гана, бир багыттуу өнүгүү башталат.

Кадыр Кошалиев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс