Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Борбордук Азия Университети өзүнүн Нарын кампусунда алгачкы жолу «Бириккен Улуттар Уюмунун модели» аттуу конференцияны кабыл алды

Борбордук Азия Университети өзүнүн Нарын кампусунда алгачкы жолу «Бириккен Улуттар Уюмунун модели» аттуу конференцияны кабыл алды

2018-жылдын 1-апрель күнү Борбордук Азия Университетинин Нарын кампусунда өткөн «БУУнун модели» конференциясына 50дөн ашык студенттер катышты. Конференциянын алкагында студенттерге Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ишин моделдөө аркылуу татаал эл аралык мамилелер системасы тууралуу билүүгө мүмкүнчүлүк берген аянтча болду. Иш-чаранын катышуучулары 3 негизги теманы талкуулашты: мамлекеттик мекемелердин иштериндеги аялдардын катышуусун кеңейтүү, Евробиримдиктин өлкөлөрүндөгү мигранттардын социалдык-маданий байыр алышы (адаптация), ошондой эле өзөктүү (ядролук) курал-жаракты жайылтуунун коркунучтары.

Борордук Азия Университетинин Табигый жана гуманитардык илимдер Мектебинин деканы Доктор Диана Пауна конференциянын катышуучуларын куттуктоосунан бир көрүнүш.

«Борбордук Азия Университети өзүнүн Нарын кампусун куруу аркылуу Кыргызстандын алыскы аймактарынын өнүгүшүн камсыз кылып жатат», — деп белгиледи өз сөзүндө «Ала-Тоо» Эларалык университетинен Диана Бекибаева — «Бул иш-чараны Борбордук Азия Университетинде уюштуруу эң жакшы идея болгон. Анткени аталган иш-чара аркылуу Бишкектен келген студенттер башка университеттерди жана алыскы аймактарды көргөнгө мүмкүнчүлүк алышты».

 Конференцияга Нарын Мамлекеттик Университетинин, Борбордук Азиядагы Америка Университетинин, «Ала-Тоо» Эларалык университетинин, Борбордук Азиядагы Эларалык университеттин, «Манас» кыргыз-түрк университетинин, Ташкентеги  Эларалык Вестминстер университетинин, Бишкектеги ОБСЕ Академиясынын, Бишкектеги кыргыз-түрк лицейинин, Борбордук Азиядагы Америка университетинин «Билимкана» мектебинин, Нарын шаарындагы кыргыз-түрк лицейинин, ошондой эле Борбордук Азия Университетинин (Нарын (Кыргызстан) жана Хорог (Тажикстан) кампустарындагы) студенттери катышышты.

«Мен «БУУнун модели» боюнча ар кыл өлкөлөрдө өткөн 22 эл аралык конференцияга катышкам. Борбордук Азия Университетиндеги БУУ модели конференциясы жогорку деңгээлде уюштурулган жана эң сонун курулган кампуста өтүп жатат», — деди Ташкенттеги Вестминстер университетинен келген Толиб Мутофаев – «Бардык студенттер таланттуу экен; баарысы тең талкууланып жаткан маселелер боюнча жакшы билишет экен жана сынчыл ой жүгүртүүнүн эң мыкты көндүмдөрүнө ээ экендиктери көрүнүп турду. Чынын айтсам, алар мындай конференцияны биринчи жолу кабыл алып жатканына ишене алган жокмун».

«БУУнун моделинин» алкагында студенттер ар кыл өлкөлөрдүн атынан келген өкүлдөрдүн ролун аткарышты.

Борбордук Азия Университетинде өткөн «БУУнун модели» конференциясынын максаттарынын бири дебаттар, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдына чыгып сүйлөө чөйрөсүндө студенттердин көндүмдөрүн арттыруу болуп саналат. Ушуга байланыштуу иш-чара форум үлгүсүндө уюштурулуп, анда жаштар жогоруда аталган көндүмдөрүн бекемдеп жатышты. «Конференция жогорку деңгээлде уюштурулду. Конференция бизге көйгөйлүү маселелерди билүүгө жана өзүбүздүн чечимдерибизди сунуштоого жардам берди. Бардык студенттер мыкты даярдыктан өтүшкөн жана дебаттарга катышууда, ошондой эле элдин алдына чыгып сүйлөөдө көп тажрыйбаларга ээ болушкан десем жаңылышпайм», — деп баса белгиледи Борбордук Азиядагы Америка Университетинин студенти Бакай Абдыкул уулу.

Борбордук Азия Университети тууралуу кыскача маалымат

Борбордук Азия Университети 2000-жылы коммерциялык эмес жана светтик университет катары негизделген. Аталган университеттин Жобосу жана Келишим  Кыргыз Республикасынынын, Казакстандын жана Тажикстандын президенттери жана Ханзаада  Ага Хан тарабынан кол коюлуп, аталган 3 мамлекеттин парламенттери тарабынан ратификацияланган. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму тарабынан каттоодон өткөн. Аталган өлкөлөрдүн президенттери Борбордук Азия Университетинин Камкорчулары статусуна ээ. Ханзада Ага Хан Университеттин Канцлери болуп эсептелет. Борбордук Азия Университетинин Нарын кампусу жогорудагы 3 өлкөдө курулуп жаткан университеттердин ичинен эң алгачкы болуп 2016-жылы курулуп бүтүп, бүгүнкү күндө жемиштүү иштеп жатат. Университеттин миссиясы — Борбордук Азияны жана тоолуу аймактарда жашаган коомчулуктарды эл аралык стандарттарга жооп берген академиялык жогорку билим берүү менен камсыздоо, ошондой эле келечек муунга бай маданий салттарды сактоо жана өнүктүрүү аркылуу жеткирүүгө көмөктөшүү болуп саналат. Бул максатты ишке ашыруу үчүн Борбордук Азия Университети Ага Хан Өнүктүрүү Уюму менен бирдикте иш алып барат.

Кеңири маалымат алуу үчүн:

Борбордук Азия Университети

Тел.: +996 (312) 910-822
Электрондук почта: PublicAffairs@ucentralasia.org
Интернет-сайт: www.ucentralasia.org/ru

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс