
Тойгуздумбу эшек союп дегендей.
Тойчубеков басып журөт кебелбей.
Депутаттар бирин бири аңдышат.
Деликатес жерин катып жегендей.
Күйүп турса кыргыз эли арданып ,
Күлүп турду депутаттар жалжайып,.
Опузалаар бирөө жарым чыккан жок,
Ооздору калган окшойт майланып.
Юрслан да мандаты жок «экстен»,
Серкеге окшоп чыгып калган «секстен».
өлтүрбөйт да, өзөк жаны биргелер,
Өкумөттө чоң кызматка жетишкен.
Жантөрөну жандап кирчү Кеңешке,
Жайдаңдачу сыры бардай бөлөкчө.
Байкачу эмес ал шүмшүктун кылганын,
Бакылдаган зал толтура жел өпкө.
Баш оорутпай ишке мээси жетпеген,
Бакылдашса сүрөп койуп четтеген.
Аста басып, акырындан сүйлөшүп,
Ашканасын толтурчу окшойт «эт» менен.
Акбаралар, Ташчайнарлар Кеңеште,
Апетиттер…бөлөкчө го ..бөлөкчө
Кызыр эмди тайдын эти турганда..
Кыя кесип не болбосун жебеске.