• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Айткан авазына турбаган Авазов!?

Автор:ruh_admin

Апр 4, 2018

Кудайды карап калп айтышпайбы. Бир жумадан бери аталган жыйынды уюштуруп жүргөн адам катары маалымат берейин.Кыргызстанда азыр бир баш бийлик жок экен. Бул Жээнбековдун адамы, ал Атамбаевдики, тиги щофердуку ж.б.Бирин бирин укпайт, бирдиктүү иш жок, андышмай, пайити келсе чалмай…Шаардык, жана облустук бийликке маалымат берилип,Биринчи элдик революциянын учурунда 20 күн бою 30 миң эл тикесинен тике адилеттик, элдик бийлик учүн турушкан тарыхый жерде көп эл катышкан жыйын өткөрүү сунушубузга Обл админстрация, МЭР каршы болгондуктан эки күндук суйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешип эле жабык имараттын ичинде 200 орундуу залда өткөрүугө макулдашканбыз. Биз да ошого ылайык өзүбүз тараптан жүздөй киши чакырганбыз. Жалал-Абад шаарынын МЭри С.Авазов катышып сөз суйлогонго да макул болгон.Анан эле жыйын башталарына саналуу мүнөттөр калганда Март революциясынын каармандарын чай бермекке бөлүп жөнөштү… Биз айтчу сөздү журналисттер үчүн айтып (видеодон көрсөнөр болот), Барпы театрында өз ишибизди уланттык жана 7 пункттан турган төмөнкүдөй ЧЕЧИМ кабыл алдык. Жыйын өтпөй калды деген калп.

Биринчи элдик революциянын 13 жылдыгынын урматына карата уюштурулган Туруктуу Элдик Кеңештин Жалал-Абад облусундагы көчмө жыйынынын
ЧЕЧИМИ
1.Кыргызстанда болуп өткөн эки элдик революциянын максаттары, сабактары жана натыйжалары талдоого алынып, Кыргызстандын стратегиялык өнүгүү багытын аныктоодо кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына басым жасоо туура деп табылсын.
2.КРнын Президенти С.Ш. Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, укук коргоо жана күч структураларындагы ишмердүүлүктү иретке салуу боюнча иш-аракети колдоого алынсын.
3.Элдик Курултай институтун мыйзамдаштыруу маселеси коомдук мунасага келүү аркылуу улуттук кызыкчылыкка төп келгендей шартта токтоосуз турмушка ашырылсын.
4.2018-жылдын апрель айына белгиленген Жалпы республикалык Курултайдын делегаттарын тактоо, кээ бир жерлерде кайра шайлоо иштери Жалал-Абад облусу боюнча апрель айынын башына чейин аягына чыгарылсын.
5.Конституциянын талаптарына кайчы келген саясий куугунтуктар жана сөз эркиндигин чектөө токтотулсун.
6.Мамлекеттик деңгээлдеги бир максаттуу аракет, улуттук ынтымак жана биримдик, саясий күчтөрдүн ортосундагы баарлашуу- өнүгүүнүн өбөлгөсү катары бааланып, руханий — идеологиялык иштер ыкчам иретке салынсын.
7.Мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы балансты сактоодо, алардын күчүн элдик кызыкчылыкка багыттоодо, коомдогу стабилдүүлүктү жана өнүгүүнү камсыздоодо- Президенттин өлкө башчысы катары арбитрдик ролунун мааниси зор экендигин эске алуу менен, азыркы жөнөкөй эмес шартта КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековго тарыхый озуйпа-милдет тагылгандыгы баса белгиленсин.

Жалал-Абад ш. 24.03.18.

Кадыр Кошалиев.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс