Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / “Заноза” боюнча ишти караган судья Оморова кызматынан бошотулду

“Заноза” боюнча ишти караган судья Оморова кызматынан бошотулду


Бишкектин Октябрь райондук соту.
Бишкектин Октябрь райондук соту.

Президенттик аппаратттын маалыматык саясаты бөлүмү тараткан кабарда, мамлекет башчысынын жарлыгына Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу негиз болгону айтылат. Сунушта Оморованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу өтүнүчү келтирилген. Ошол эле кезде мындай сунуш киргизүүгө эмне себеп болгону жазылган эмес.

Судья Гүлчехра Оморова «Zanoza.kg» сайты боюнча соттук отурумда төрайымдык кылганы менен белгилүү. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирүү тууралуу Башкы прокуратуранын арызын караган Оморова журналист Нарын Айыпты экс-президентке 3 млн. сом доо төлөөгө өкүм кылып, макаланы төгүндөөгө милдеттендирген.

Буга байланыштуу Гүлчехра Оморованы адвокаттар жана жарандык активисттер паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген соттордун «кара тизмесине» кошушкан. Тизменин түзүүчүлөрү андагы 23 судьяны иштен алууну президенттен талап кылышкан болчу. (ErN)

https://www.azattyk.org/a/29142029.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс