Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Салык кызматынын жетекчисинин орун басары кармалды

Салык кызматынын жетекчисинин орун басары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

— 2018-жылдын 2-апрелинде Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан “Полларис” жана “Интеррустрейд” жоопкерчилиги чектелген коомдоруна карата мамлекеттик бюджеттен кошумча нарк салыгын мыйзамсыз түрдө кайтарып берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, коррупцияга шектүү катары Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалды. Учурда ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайында кармалып отурат. Бул кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери дагы уланууда.

Буга чейин УКМК Салык кызматындагы коррупциялык схеманын бетин ачканын кабарлаган. Ага ылайык, жасалма документтер менен өлкө бюджетинен 217 миллион сом чыгарылып кеткен. Бул кылмыш боюнча беш салык кызматкери жана «Полларис», «Интеррустрейд» деп аталган ишканалардын жетекчилери камакка алынган. (ErN)

https://www.azattyk.org/a/29141378.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс